Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:52

Кара-Мурза АКШны Кремлге басым жасоого чакырды


Орусиялык оппозициячыл активист Владимир Кара-Мурза.
Орусиялык оппозициячыл активист Владимир Кара-Мурза.

Орусиялык оппозициячыл активист Владимир Кара-Мурза кичүүсү АКШнын мыйзам чыгаруучуларын Орусиядагы демократиялык кыймылдарды колдоону улантууга чакырды.

Бул тууралуу ал 29-мартта өткөн Сенаттагы угууларда билдирди. Кара-Мурза АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы орус бийликтерине жана өлкө башчысы Владимир Путинге басым жасап, чет өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүүсүнө олуттуу маани бериши керектигин кошумчалады. Оппозициячыл активисттин айтуусуна караганда, эгерде Кошмо Штаттар Орусиянын 2016-жылдагы президенттик шайлоонун жүрүшүнө кийлигишүүсүн этибар албаса, бул Кремлдин чет жактагы агрессиясын күчөтүүгө дем берет.

35 жаштагы Кара-Мурза 2-февралда Москвада белгисиз себептерден улам сыркоолоп калып, бир нече күн комада жаткан. 19-февралда ал дарылануу үчүн чет жакка чыгып кеткен. Активисттин пикиринде, аны кимдир бирөө саясий ишмердүүлүгү үчүн атайын ууланткан.

Кара-Мурза 2015-жылы атып өлтүрүлгөн оппозциялык саясатчы Борис Немцовдун жакын досу эле. Ал ошондой эле АКШ да “Магнитский актысынын” кабыл алынышын активдүү үгүттөгөндөрдүн бири болгон. Кара-Мурза Сенаттагы угуулардын маалында да 2012-жылдан бери 40ка чукул орус жарандарына санкция киргизген “Магнитский актысын” колдонууну улантууга чакырды.

XS
SM
MD
LG