Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:48

Талиптердин маалымат катчысы колго түштү


Генерал Асиф Гафур
Генерал Асиф Гафур

Пакистан армиясы талиптердин маалымат өкүлү жана бир нече согушкер туткундалганын 17-апрелде билдирди. Талип жоочуларына каршы күрөшүү маселеси ошол эле күнү АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт МакМастердин Исламабаддагы сапары учурунда сөз болгон. Президент Дональд Трамп Пакистан жана Ооганстан боюнча кеңири стратегия менен азырынча тааныштыра элек.

Пакистан куралдуу күчтөрүнүн коомчулук менен байланыштар боюнча өкүлү, генерал Асиф Гафур "Талибан" кыймылынын Пакистандагы бөлүмүнүн маалымат катчысы Эхсанулла Эхсан колго түшүрүлгөнүн билдирди. Ал ошондой эле 2014-жылы Пешавардагы мектепте теракт уюштурган "Жамаат ал-Ахрар" террордук тобунун мүчөсү катары белгилүү. Кол салуу 147 кишинин, негизинен окуучу балдардын өмүрүн алып кеткен.

Генерал Гафур 17-апрелде Раванпилди шаарында кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, калган кармалган согушкерлер тууралуу маалымат кийин берилээрин кошумчалады.

- Тыюу салынган "Жамаат ал-Ахрар" уюмунун жана Пакистандагы талиптердин маалымат катчысы коопсуздук күчтөрдүн колуна түшкөнү жөнүндөгү маалымат менен бөлүшкүм келет. Дагы бир нече киши кармалды. Жакында кошумча маалымат таратабыз.

Пакистан чалгындоо кызматындагы айрым булактар болсо Эхсанулла Эхсан деген ысымды "Талибандын" бир нече кишиси колдонуп жүргөнүн айтышат.

Ошол булактар “Азаттык” радиосунун Пакистан кызматына билдиришкендей, сөз Сажжад Мохаммад деген согушкер тууралуу жүрүүдө, ал март айынын ортосунда эле өзү колго түшүп берген. Гафур болсо бул маалыматты бышыктаган жок. Кандай болгон күндө да Пакистандагы талиптер алардын маалымат өкүлү кармалганын тастыкташты.

Ал эми "Жамаат ал-Ахрар" уюму эч кандай комментарий жасаган жок. 2014-жылдын сентябрында алардын бир нече жетекчиси, катарында таасирдүү Омар Халид Хорасани, Пакистандагы талиптердин Сват өрөөнүндөгү лидери Маулана Фазлуллах исламдын фундаменталист идеологиясынан четтеп жатат деп айыпташкан. Ошондон кийин топ өзүнчө бөлүнүп “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмга колдоосун билдирип келген.

Фазлуллах болсо "Жамаат ал-Ахрардын" ана башчылары “күмөндүү” уюм түзүшкөнүн айткан. 2015-жылдын март айында уюм Пакистандагы талиптерге кайрадан кошулуп жатканын жарыялаган.

Талип жоочуларына каршы күрөшүү маселеси 17-апрелде АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт МакМастердин Исламабаддагы сапары учурунда сөз болду.

Вашингтондун жаңы администрациясы Түштүк Азия регионундагы саясатын кайра карап чыгууга аракет көрүүдө.

Пакистан өкмөт башчысы Наваз Шарифтин кеңсеси жасаган билдирүүдө белгиленгендей, “МакМастер жаңы администрация эки тараптуу мамилелерди чыңдоого, Ооганстанда тынчтык жана стабилдүүлүк орнотууда Исламабад менен иштешүүгө дилгир деп ишендирди”.

Пакистандын алдында Вашингтондун жогорку өкүлү Кабулда ооган лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

- Биз күрөшүп жаткан "Талибан" тобу жана ооган армиясы биздин көмөгүбүз менен өлкө чыгышында согушуп келаткан "Ислам мамлекети" радикал уюму бардык цивилизациялык элдер үчүн чоң коркунуч экенин жакшы түшүнөбүз, - деди МакМастер ABC телеканалына Ооганстандан курган маегинде.

Президент Дональд Трамп Пакистан жана Ооганстан боюнча кеңири стратегия менен тааныштырат деп күтүлүүдө.

Америкалык контингенттин Ооганстандагы командачылыгы, бир нече жогорку аскерий адамдар "Талибанга" каршы согуштагы туңгуюктан чыгуу үчүн кошумча аскерлерди жөнөтүү керектигин айтып келатышат.

Ушу тапта АКШнын 8 400 жоокери ооган армиясын машыктыруу менен алектенет.

Вашингтон менен Кабул Исламабад талиптерге жана Пакистанда жайгашып, кошуна өлкөдө теракттарды уюштуруп жүргөн экстремисттик топторго каршы жетиштүү чара көрбөйт деп айыптап келатышат.

Пакистан болсо согушкерлерди колдойт деген дооматтарды четке кагып, Ооганстан бийлиги өз аймагындагы жоочуларга Пакистанда кол салууларды ишке ашырууга жол берет деп күнөөлөйт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG