Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Орусия менен Жапония лидерлери Москвада жолукту


Орусиянын президенти Владимир Путин менен Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ Москвада жолукту. Сүйлөшүүлөрдүн башында Абэ Путин менен эки өлкө ортосунда ондогон жылдардан бери чечилбей келаткан арал талашын талкуулагысы келгенин айтты.

Хоккайдонун түндүгүндөгү аралдар тобун орус тарап Курил аралдары деп атаса, Жапония аларды өзүнүн түндүк территориясы деп кабылдап келет. Москва талаштуу аралдарды Жапония Экинчи Дүйнөлүк согушта жеңилген учурдан бери көзөмөлдөйт. Арал талаштан улам Орусия менен Жапония согуштун аяктаганын белгилеген тынчтык келишимине кол койбой калган.

Путиндин өткөн жылдын соңунда Токиого жасаган сапары маалында да бул талаш чечилген эмес.

Жапониянын өкмөт башчысы Түндүк Кореянын өзөктүк жана баллистикалык программасынын айланасындагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу аймактагы коопсуздук тууралуу да деп кеп козгорун белгиледи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG