Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:29

Өзгөндө көчкү алдында калган үчүнчү адамдын сөөгү табылды


Өзгөн районунда көчкү басып калган үчүнчү адам - 20 жаштагы Гүлайым Назирбаеванын сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, анын денеси 30-март күнү саат 17:40та топурак астынан чыгарылды. Мурдараак он эки жана эки жаштагы кыздардын сөөгү табылган эле. Калган 21 киши изделүүдө.

29-апрелде эртең менен Оштун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү жүрүп, жети үйдү басып калган. Топурак алдында калган алты үйдө 24 адам болгон.

Издөө иштерине 175 куткаруучу, 100 аскер жана жергиликтүү тургундар, жалпысы 400гө жакын адам катышууда.

Апаатка байланыштуу Кыргызстанда 30-март аза күтүү күнү деп жарыяланган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG