Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:14

Өзгөн: көчкүдө калгандарды издөө уланууда


Жалпак-Таш айыл аймагындагы көчкү.
Жалпак-Таш айыл аймагындагы көчкү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Өзгөн районунун Зергер айыл аймагынын Аюу айылында көчкү басып калгандарды издөө иштери бүгүн таң эрте уланды. Ага куткаруучулар, жергиликтүү тургундар, милиция кызматкерлери, жоокерлер тартылып, жалпы 380 адам иштеп жатат.

29-апрелде Аюу айылында болжол менен 200 миң³ жер көчкү жүрүп, жети үйдү басып, 24 жаран анын алдында калган. Кечээ үч адамдын сөөгү табылган.

30-апрелде райондун Жалпак-Таш айыл аймагында дагы он бир үй жер көчкү алдында калды, киши өмүрүнө зыян келген жок. Тургундар бир күн мурун коопсуз жайларга көчүрүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG