Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Кадамжай: жер титирөөдөн социалдык объектилерде жарака пайда болду


Кадамжайдагы жарака кеткен объектилердин бири.
Кадамжайдагы жарака кеткен объектилердин бири.

Баткен облусунун Кадамжай районунда 3-майда катталган жер титирөөнүн кесепетинен кээ бир социалдык объектилерде жаракалар пайда болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, райондук комиссия жер титирөөнүн кесепеттерин тактап чыгып, Айдаркен шаардык ооруканасынын, “Күн нуру” балдар бакчасынын, жергиликтүү орто мектептин залдары жана бөлмөлөрүнүн шыбактары түшүп, мурдагы жаракалар чоңойгонун аныктаган.

Бирлик айыл аймагынын Жал айылындагы Алыкулов атындагы орто мектепке да зыян келген.

Көтөрмө айыл аймагындагы Жаныбеков атындагы орто мектептин, Тамаша айылындагы мектептин, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жана Кызыл-Булак айылындагы мектеп имараттарынан да жаракалар кеткен.

Бул имараттарды Жарандык коргонуу комиссиясы коопсуз абалда деп тапты.

3-майда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 7 баллга жеткен жер титирөө болгон. Кийинчерээк очогунда 3-5 балл болгон силкинүү кайталанган. Андан Чоң-Алай району да жабыркаган. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жер титирөөдөн зыян келген аймакка жөнөп кетти. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG