Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:47

Президент Жээнбеков абактагы Текебаев менен сүйлөштү


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Президент Сооронбай Жээнбеков 22-декабрда “Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ушул тапта сегиз жылдык абак жазасын өтөп жаткан Өмүрбек Текебаев менен сүйлөштү.

Мамлекет башчы Текебаевди 60 жашка чыгышы менен куттуктаганын “Азаттыкка” ишенимдүү булактары бышыктады. Бирок алардын сүйлөшүүсүнүн мазмуну белгисиз.

“Азаттыктын” булактары ырастагандай, Текебаев Жээнбеков менен 1995-жылдан бери саясий үзөңгүлөш экенин, Жогорку Кеңештин бир нече жолку чакырылыштарына чогуу депутат болушканын эстеп, мамлекет башчынын куттуктаганына ыраазычылык билдирген. 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы ыңкылаптарда адилетсиз бийликке каршы күрөшкөн тарапта болушканын белгилеген.

22-декабрь - Өмүрбек Текебаевдин туулган күнү. Ал бүгүн 60 жашка толду. Саясатчынын туулган күнүн партиялаштары, тарапташтары Бишкекте, Таласта жана Жалал-Абадда белгилешти.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов орус жараны Леонид Маевскийден “1 миллион доллар пара алган” деген негиз менен былтыр февраль айында камалышкан.

2017-жылдын августунда Бишкектин Биринчи май райондук соту "Коррупция" беренеси менен соттолгон эки саясатчынын ар бирин сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен. Бул чечимди Жогорку сот да күчүндө калтырган.

Текебаев менен Чотонов жана алардын тарапкерлери дооматтардын баарын четке кагып, Атамбаев баштаган ошол бийликтин "саясий курмандыгы" болгонун айтып келишет.

Саясатчылардын камакка алууда негизги күбө болуп берген орусиялык Леонид Маевский 17-ноябрда Москвада “опузалап акча өндүргөн” деген кине менен кармалган.

19-декабрда жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков Текебаевди абактан бошотуу маселесине кийлигише албай тургандыгын, себеби соттун бардык инстанцияларынын чечими чыгып калганын, бирок мыйзам боюнча өзү сураса, ырайым бере ала турганын айткан.

Мурдагы президент Роза Отунбаева 21-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков да катышкан Бишкектеги кыргыз парламентинин 80 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияда сүйлөп жатып мамлекет башчынын сөзү менен макул эместигин билдирип, Текебаевдин соттук иши мыйзам бузуулар менен өткөнүн эске салган:

- 80 жылдыгын белгилеп жаткан парламент Өмүрбек Текебаевдин маселесин көтөрбөгөнүнө өтө өкүнөм. Эки күн мурунку маалымат жыйында президент "маселе чечилген, соттор чечим кабыл алган, мен эч нерсе кыла албайм" деп айтты. Бирок мен сот процесси соттук иликтөөдөн таптакыр алыс болгонун айткым келет. Биз ал сотторго барып жүрдүк. Жада калса, Өмүрбекке акыркы сөзүн айтууга мүмкүнчүлүк беришкен жок.

“Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев 22-декабрда “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып президенттен ырайым сурабай турганын билдирди.

Анын айтымында, жаза мөөнөтүнүн беш жылдан ашуун бөлүгүн өтөдү. Ал мыйзам боюнча жакын арада жатак абакка жана мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө абактан чыгууга мүмкүнчүлүгү бар экенин, ошол учурда өзүнүн актыгын далилдей турганын айтты.

Текебаев президенттен ырайым сурабайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:50 0:00

Текебаев бир жума мурда №47 колониядан Улуттук кардиология борборуна дарылануу үчүн которулган. Аны бир катар санаалаштары, партиялаштары, коомдук ишмерлер ооруканага барып, 60 жылдык мааракеси менен куттукташты.

XS
SM
MD
LG