Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:13

ТИМ: Ооганстандан жалпысынан 24 кыргыз жараны эвакуацияланды


Кабул аэропорту. 2021-жылдын 18-августу. Иллюстрациялык сүрөт.
Кабул аэропорту. 2021-жылдын 18-августу. Иллюстрациялык сүрөт.

Ооганстанда калган кыргыз жарандарынын коопсуздугу камсыздалган, баары менен телефон аркылуу байланыш бар, учурда аларды эвакуациялоонун жолдору караштырылып жатат. Бул тууралуу 19-августта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, Ооганстанда түзүлгөн аскердик-саясий абалга байланыштуу президент Садыр Жапаров ал жакта убактылуу жүргөн кыргызстандыктарды алып келүү тапшырмасын берген, учурда бул иш уланууда.

Бүгүнкү күнгө карата, ТИМ билдиргендей, Ооганстандан 24 кыргыз жараны эвакуацияланды. Алардын 15и Казакстандын атайын учагы менен Алматы шаарына, андан кийин Бишкекке жеткирилди. Тогузу АКШнын атайын учагы менен Кабулдан Катарга жеткирилген, азыр аларды Кыргызстанга алып келүү жолдору караштырылып жатат.

Ооганстандын аймагында дагы канча кыргызстандык калганы тууралуу айтылган жок.

"Талибан" кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулга 15-августта кирип, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аягына чыкканын жарыялаган. Мамлекет башчысы Ашраф Гани Ооганстандан чыгып кеткен. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG