Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Президент Садыр Жапаров Никол Пашинян менен жолукту


Президент Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян.
Президент Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян.

Чолпон-Атада өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун алкагында бүгүн, 19-августта президент Садыр Жапаров Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян менен жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр көп экенин белгиледи.

Илим-техникалык, маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык байланышты чыңдоого багытталган өкмөттөр аралык кеңешмени тез арада өткөрүү зарылдыгын билдирди.

Пашинян ЕАЭБдин алкагында кызматташтыкты күчөтүүнү колдой турганын айтты.
19-20-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммити өтөт.

Жыйынга Армениянын премьер-министри Николь Пашинян, Беларустун өкмөт башчысы Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин жана Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов катышат.

Байкоочу өлкө катары Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов жана онлайн байланыш аркылуу Кубанын премьер-министри Мануэль Марреро Крус катышмакчы.

Жыйында уюм ичиндеги соода кызматташтык, төлөмдөр жана башка маселелер талкууланат.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG