Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:53

ЖККУ Ооганстан маселесин талкуулайт


ЖККУнун онлайн саммити. 2-декабрь, 2020-жыл.
ЖККУнун онлайн саммити. 2-декабрь, 2020-жыл.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин президенттери 23-августта видеоконференция форматында чогулуп, Ооганстандагы окуялардын өнүгүшүн талкуулайт. Бул тууралуу ТАСС маалымат агентиги жазды.

Орусия президенти Владимир Путин Москвада Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев менен жолуккан учурда ЖККУга мүчө мамлекет башчылары Ооганстандагы абалды, аймактагы коопсуздукту талкуулашарын билдирген.

ЖККУ уюму 1992-жылы "тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту, туруктуулукту бекемдөө, жамааттык негизде коргонуу" максатында түзүлгөн. Ага Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG