Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

Баткен: Эки-Ташта белгисиз бирөөлөр машинелерди таш менен урду


Көк-Таш айылы.
Көк-Таш айылы.

22-августка караган түнү Баткендеги Көк-Таш айылына караштуу Эки-Таш аймагындагы Баткен-Исфана жолунда белгисиз бирөөлөр кыргызстандык айдоочулардын машинеcин таш менен ургулашкан.

Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Натыйжада Mersedes Benz үлгүсүндөгү машиненин эшиги, Honda Stream машинесинин айнеги талкаланган. Жүргүнчү жана айдоочулар жабыркаган эмес.

Окуяны коңшу эки өлкөнүн ички иштер органдары териштирип жатканы маалым болду.

Баткен-Исфана жолу Тажикстан менен чек арада жайгашкан. 21-августта эртең мененки саат ондордо "Головной" тилкесинин жанында тажик тарап жол оңдоо ишин баштап, мамлекеттик чек ара сызыгы өткөн жерге жакын шагыл түшүргөн.

Андан кийин Тажикстандын жарандары Ак-Суу дарыясынын батыш тарабынан экскаватор, беш КамАЗ машинеси менен траншея (аң) каза баштаган. Бул иш-чара Исфара (Тажикстан) шаар башчылыгы тарабынан жүргүзүлгөнү аныкталды.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш "Головной" тилкесинде башталган.

Андан 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан.

Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG