Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:21

Орус полициясы басма сөз эркиндигин талап кылган журналисттерди кармады


"Медиазонанын" журналисти Александр Горохов.
"Медиазонанын" журналисти Александр Горохов.

Москвадагы Федералдык коопсуздук кызматынын алдына 21-августта журналисттер бийлик айрым жергиликтүү медиа уюмдарын "чет элдик агент" деген тизмеге киргизген чечимге каршы пикетке чыгышты.

Орусиянын санкцияланбаган каршылык акцияларын өткөрүүгө тыюу салган мыйзамын сактоо үчүн алар бир-бирден пикетке чыгышкан. Алты адамды Москва полициясы кармап кетти.

"Медиазонанын" журналисти Александр Горохов биринчилерден болуп кармалды. Ал "Эркин журналистика, булардын баары эмес" деген плакатты кармап турган. Кийин аны айып пул салынышы мүмкүн деп эскертип, бошоткону маалым болду.

Андан соң пикетке "Радио Свободанын" журналисти Антон Сергиенко чыгып, "Дождь, мээримдүү бол" деген плакатты кармап турган.

20-августта Орусиянын Юстиция министрлиги "чет элдик агент" тизмесине "Дождь" телеканалы менен "Важные истории" басылмасын киргизди. Журналисттердин "Четвертый сектор" бирикмеси да бул тизмеге кошулганы ачыкка чыкты.

"Дождь" телеканалы азыркы тапта эфирин интернет аркылуу улантууда. 2016-жылы ал Роскомнадзорго чет жактан каржыланары тууралуу маалымат берген. 2019-жылы да ушундай маалыматты каналдын финансылык отчетуна жарыялашкан.

"Важные истории" Латвияда каттоого алынган интернет-басылма, журналисттик иликтөөлөрдү чыгарат.

Анын башкы редактору Роман Анин азыркы тапта кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып башка бирөөнүн мүлкүнүн кол тийбестигин бузду деген кылмыш иши боюнча күбө катары сурак берүүдө.

"Четвертый сектор" медиа бирикмеси 2012-жылы каттоодон өткөн, анын курамында ондогон журналисттер бар.

"Чет элдик агенттер" тууралуу мыйзам Орусияда 2012-жылдан бери күчүндө. Анын тизмесине сырттан каржыланып, саясий ишмердик жүргүзгөн бардык уюмдар кирет. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG