Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:29

21 жаштагы спортчу Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өтүүгө чыкты


Владислав Шулико.
Владислав Шулико.

Сууда сүзүү боюнча спорттун эл аралык чебери, 21 жаштагы кыргызстандык суучул Владислав Шулико Ысык-Көлдү узунунан 180 чакырым аралыкка сүзүп, дүйнөлүк рекорд жаратууну көздөп жатат.

Ал бүгүн, 22-август күнү Каракол шаарынан таңкы саат 7.30да Балыкчы тарапты көздөй сүзүп жөнөдү.

Спортчу аба ырайын жана башка факторлорду эске алуу менен көздөгөн жерге 4-5 күндө жетем деп максат коюп жатканын билдирди.

Шуликонун коопсуздугун камсыздоо үчүн Облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгын кызматкерлери кайыктар менен коштоп жүрөт.

Буга чейин 2018-жылы алты киши Ысы-Көлдүн бир жээгинен экинчи жээгине сүзүп өтүү боюнча эл аралык Issyk-Kul Swim Challenge жарышына катышкан.

Алардын бири Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын депутаты Бактыбек Турусбеков. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG