Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:52

"Головной" тилкесинде тажик тарап жер казууну токтотту


"Головной" тилкеси.
"Головной" тилкеси.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Чек ара кызматы 20-августта кечки саат бештен өткөндө Тажикстан тарап Баткен облусундагы "Головной" суу бөлүштүрүү тилкесинин жанындагы жер казуу ишин токтотконун кабарлады.

Аталган мекеме азыркы тапта чек арада абал туруктуу деп маалымдады.

"21-августта эртең мененки саат ондордо "Головной" тилкесинин жанында тажик тарап жол оңдоо ишин баштап, мамлекеттик чек ара сызыгы өткөн жерге жакын шагыл түшүргөн. Андан кийин Тажикстандын жарандары Ак-Суу дарыясынын батыш тарабынан экскаватор, беш КамАЗ машинеси менен траншея (аң) каза баштаган. Бул иш-чара Исфара (Тажикстан) шаар башчылыгы тарабынан жүргүзүлгөнү аныкталды", - деп билдирди Чек ара кызматы.

Окуяга удаа эле кыргыз-тажик чек ара кызматынын өкүлдөрү сүйлөшүп, жер казууну Тажикстандын атуулдары кечки бештен өткөндө токтоткон.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш "Головной" тилкесинде башталган.

Андан 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объекттер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан.

Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG