Ал өз жолунда үч дөңгөлөктүү велосипед менен 30 өлкө, 30 миң чакырымды басып өтүп, 300 миң фунт стерлинг чогултууну көздөйт. Чогулган каражат онкологиялык оорулууларга жардамга багытталат.
Бир айдан ашык убакыттан бери Кыргызстандын автожолдорунда эки отургучу бар велосипед тээп бара жаткан адамды көп эле жүргүнчүлөр көрсө керек. Балким айрымдар аны чет элдик турист же спортчу деп ойлошу мүмкүн. 27 жаштагы Люктун 4-стадиядагы рак деген диагнозу бар экенин ал кыдырган өлкөдөгү чакан чөйрө гана билет. Люк бул сапарга Бристолдон 2020-жылдын 1-январында чыккан.
"Мен Британиядагы Бристол шаарынан эки кишилик велосипед менен Бээжинге сапарга чыктым. Азыркы тапта Кыргызстандын аймагында жүргөнүмө өтө кубанычтамын. Менин сапарымдын максаты - рак деген диагноз менен деле адамдын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү. Мени азыр элдин баары 27 жаштагы күч-кубатка толуп турган адам катары көрүшөт. Бирок, үч жыл мурда мага өсмө дартынын эң оор даигнозу коюлуп, 4-стадияда экеним аныкталган. Ошондо жаңы жылды көрбөй каламбы деп ойлогом. Анан дарылануум башталды, дене тарбия көнүгүүлөрү, туура тамактануунун аркасы менен азыр дүйнөнү велосипед тээп кыдырып жүрөм. Ар түрдүү адамдарды менин артымдагы отургучка отуруп, велосипед тебүүгө чакырам. Алардын айрымдары да рак менен ооруйт. Бул дартты көптөр өлүм катары кабыл алат, мен болсо тескерисинче жашоо экенин көрсөткүм келет."
"Ооруну өз көзөмөлүмө алайын дедим"
Биз менен байланышканда Люк Жалал-Абаддан Ошко багыт алган экен. Жолдо велосипединин дөңгөлөгү жарылып, жардам күтүп отуруптур. Бир жарым жылдан ашкан сапарында ал дүйнөнүн 22 мамлекетин кыдырды. Кыргызстандын түндүгүнөн баштап түштүгүнө бет алды:
"Европанын бардык өлкөсүн кыдырдым, Молдова, Украина, Түркия, Грузия, Казакстан, Өзбекстан, эми Кыргызстанга келдим. Борбор Азияны абдан сүйүп калдым. Кыргызстандагы бийик тоолорду, мээримдүү адамдарды жакшы көрөм. Бул сапарымда менин тандем велосипедимди он адам кошо тепти. Алардын айрымдары рак дарты менен ооруйт. Алардын бирөөсү химия терапия алып жаткан экен. Ал кыз кийин Казакстандан да мага кайра келип кошулду. Себеби, дарылануу курсу бүткөндө өзүн жакшы сезип калыптыр. Рак деген диагнозду укканда эле адамда "эми өлүп калам, баары бүттү" деген сезим пайда болот. Эч ким менен сүйлөшкүсү келбей, кысынат. Бирок, ооруга чалдыкканын башкаларга да айтып, кеңешип, сүйлөшүп турганы өтө пайдалуу. Өсмө оорусу менен ооруган адам деле соо адамдардай, ал тургай алардан ашып кеткен ийгиликке жете алат. Мен ушул идеяны калың элге жайылтууну көздөйм. Бишкектеги онкологиялык ооруканага барып, бейтаптар менен жолугуп, өз тажрыйбамды айтып бердим."
"Дарыланууга акчасы жоктор кейитти..."
Люк Бишкектеги онкологиялык борбордо бейтаптардын көзүнөн эмне көргөнүн, аларга дем берүүчү кеңештерди айтканын билдирди. Анын максаты - дүйнөнү жөн эле кыдырбай, "Бристол-Бээжин" марафону аркылуу 300 миң фунт стерлинг чогултуп, ар кайсы мамлекеттердеги ондой онкологиялык борборго жардам берүүнү көздөйт.
"Алгач диагнозумду укканда мендей эле ооруган бирөөлөр менен жолугуп, алардын абалын, жашоосун, кыялдарын билгим келген. Үч, төрт жыл өтсө да ден соолугу кандай экенин көрөйүн дедим. Бишкектеги ооруканада мен балдары ооругандарга, өзүлөрү кыйналып жаткандарга ишеним бергим келди. Алар жашоосун кадимкидей эле улантып, кыялдарын ишке ашыра алса болорун айттым. Жолуккан адамдар менен сүйлөшкөндөн кийин алардын көзүнөн үмүттүн кичинекей учкунун көрүү мен үчүн чоң бакыт! Бул жакта үй-бүлөдөгү мамиле, ооруп калган адамды колдоо өтө күчтүү экенин байкадым. Кыргызстанда Британияга салыштырмалуу онкологиялык ооруларды дарылоого зарыл болгон жабдуулар, дары-дармектин көбү жетишсиз экенин байкоого болот. Мамлекеттик деңгээлде мындай бейтаптардын дарылануу сапатын арттырса сонун болмок. Айрыкча химия терапия өтө кымбат турат экен, мамлекет ушул жагынан бейтаптарга жардам берсе, бир топ үй-бүлөгө жеңилдик болмок деген ойдомун. Мен Бишкектеги "Балдардын биринчи хосписине" да бардым. Ал жактан Кыргызстанда онкологиялык оорусу аныкталгандардын 80% химия терапия алганга мүмкүнчүлүгү чектелүү дегенди угуп, өтө кайгырдым. Ушул жаатта мен кыргызстандык бейтаптарга жардам беришим керек деп пландап койдум."
Оор дартка каршы бекем эрк керек
Анткен менен эң оор дарт болгон онкологиялык диагноз коюлгандан кийин адамдардын көбү депрессияга алдырып, өзүн таштап коёт. Люк бул оору менен күрөшүүдө кишинин психикалык саламаттыгы өтө маанилүү экенин айтат.
"Диагноз коюлганда менин жашоом аңтар-теңтер болду. Өтө оор сезимдер каптады. Бул өмүрдө кандай максат койсом, баарынын таш талканы чыкты. Ошондо болгону 24 эле жашта болчумун. Бул диагноз кишини кыйнап, оорунун айлампасынан чыга албай калчудай сезим басты. Анан мен абалды өз көзөмөлүмө алгым келди, бул үчүн дене тарбия көнүгүүлөрү, диета жана дары-дармектер жардам берди. Мен өсмө оорусун дарылай турган бардык медициналык стадиядан өттүм. Химия терапия алдым, нур менен дарыландым, операция жасашты. Биринчи диагнозду билгенде залалдуу шишик абдан курч мүнөздө өсүп, сол колум кыймылдабай, өпкөмө чаап кеткен. Чындыгында өмүрүмдү дарыгерлер сактап калышты десем болот. Азыр мен болушунча туура дарыланып, ракты жеңе албасам да аны көзөмөлдөн чыгарбай турууну көздөйм. Мунун жалгыз жолу абдан активдүү болуу деп ойлодум. Кыймыл менен жеңүүнү максат кылдым. Химия терапия алып жатсам да, жөө басууну токтоткон жокмун, күнүнө аз убакыт велосипед да тепчүмүн. Оору менен күрөштө кыймыл өтө маанилүү. Албетте, химия терапия учурунда эч ким кыймылдагысы келбейт. Бирок, бейтаптарга айтарым - жөн эле төшөктө жатып алып, ооруга багынып берүүгө караганда кыймыл аркылуу көп нерсени жеңсе болот".
Ар бир аткан таңга ыраазы
Люк Кыргызстанды түрө кыдырган сапарында кечкисин жеткен жериндеги айылдарда жатса, кээде жолдо түнөп калат. Бирок, көбүнчө барган жериндеги ооруканаларды кыдырып, ал жактан убактылуу түнөк табууга аракет кылат. Онкологиялык бейтаптардан тышкары майыптыгы бар адамдар менен жолугуп, аларга да өз окуясын айтып берет.
"Менимче, адам диагнозу кандай экенине карабай, эгер кааласа бул жашоону өтө кызыктуу, толук кандуу, бактылуу жашай алат. Маселен, өсмө оорусубу, Паркинсон, Альцгеймер же балким билим алууда кыйналган адам болобу, айтор, мүмкүнчүлүк чексиз. Өзүмдүн жашоомду башкаларга көрсөтүү менен бардык тоскоолдуктарга карабай, бийик максат коё билүүнү үйрөткүм келет. Менин жашоодогу философиям - бир күндүн ичинде өтө көп нерсени көрүп, жасап калууга жетишүү. Кээде кыйналам, көп учурда бир күнгө койгон максаттарым ишке ашпай калат. Ошентсе да бул өмүрдөн ырахат алып, ар бир аткан таңга ыраазы болом. Күнүгө эртең менен кофе ичем, кофени аябай сүйөм. Мен азыр күндөлүк ачып, бир күндө эмне кылганымды жазамын. Келечекте Бээжинге эсен-аман жетип, ойлогон оюмду дүйнө элине жеткирсем дейм. Кээде көйгөлөр да болот, азыркыдай велосипедимдин бир жери бузулат дегендей. Анан карасаңыз бул экранды. Досум Каролин менен Жалал-Абаддагы дагы бир досубуз минтип жардамга келишет. Азыр сиз менен коштошуп экөөнө жардам беришим керек. Эсен туруңуз!".