Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:24

Онкологиялык оорулардан жабыркагандар бюджеттин кыскарганына нааразы


Онкология борбору. Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Онкология борбору. Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

9-декабрда Саламаттык сактоо министрлигинде онкологиялык илдеттен жабыркагандар нааразылык билдирип чыгышты. Алар 2021-жылы өкмөттөн аялдардын көкүрөк бездеринин жана жатын моюнчасынын өсмөсүнөн (рагынан) дарылоого бөлүнүүчү бюджет кыскартылганына нааразы болушууда. Алардын айтымында, өсмө оорулуулар менен иштеген уюмдар буга Онкологиялык борбор өз убагында буюртма бербей, муктаждыкты эске албаганын билдиришкен. Кабарчыбыздын маалыматына караганда, ушул тапта министрликте 20дан ашык адам чогулду. Алар менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жолугуп, нааразы болгондордун дооматын укту. Министр 10-декабрда бул маселени Жогорку Кеңеште көтөрүп, келерки жылдын бюджетине киргизүүгө аракет кыларын билдирди.

Буга чейин кыргыз өкмөтү онкологиялык оорулуу адамдарды дарылаш үчүн 100 млн. сом, ал эми балдарды дарылоого 60 млн. сом бөлүп келген.

2019-жылы Кыргызстанда көкүрөк бездеринин өсмөсүнө чалдыккан 624, жатын шишигине кабылган 408 аял катталган. Өлүм-житим түзүмүндөгү биринчи орунду көкүрөк бездеринин шишиги ээлеген. (AiA/ZKo)

XS
SM
MD
LG