Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Ферганада Кыргызстан премьеринин милдетин аткаруучу менен Өзбекстандын вице-премьери жолукту


Артем Новиков жана Сардор Умурзаков баштаган кыргыз-өзбек расмий адамдарынын жолугушуусу. Фергана, Өзбекстан.
Артем Новиков жана Сардор Умурзаков баштаган кыргыз-өзбек расмий адамдарынын жолугушуусу. Фергана, Өзбекстан.

Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Артем Новиков Өзбекстандын премьер-министринин орун басары - Инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен коңшу өлкөнүн Фергана шаарында жолукту. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн сайты кабарлады.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгынын бардык өңүттөрүн талкуулашты.

Анда 25-декабрга чейин биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн конкреттүү чараларын, багыттарын жана шарттарын аныктоо менен биргелешкен инвестициялык долбоорлорду жана өнөр жай кызматташтыгынын долбоорлорун жүзөгө ашыруу боюнча маселелердин комплексин кароо макулдашылды.

Эки өлкөнүн экспорттук географиясын кеңейтүү жана аларды жаңы рынокторго чыгаруу үчүн транспорттук индустрияны, анын ичинде эл аралык транспортту өнүктүрүү маселелери каралды.

Тараптар эки өлкөнүн аймагында биргелешкен соода-логистикалык жана дүң бөлүштүрүү инфратүзүмүн өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле буга чейин кол коюлган финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында уставдык капиталы 50 миллион долларды түзгөн кыргыз-өзбек инвестициялык фондун түзүү жана бажы чөйрөсүндө өз ара кызматташуу боюнча жумушчу топ түзүлмөк болду.

Жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча жол картасына кол коюу жөнүндө макулдашууга жетишти.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Баткен жана Ош облустарына эки күндүк жумушчу сапары менен 7-декабрда барган. Аймактарда бир катар объектилердин иши менен таанышып, алардын айрымдарын ачууга катышып, андан ары Өзбекстанга жөнөп кеткен.

Новиков 8-декабрда Өзбекстандын Фергана шаарында эки тараптын чек арага жакын жайгашкан аймактардын жетекчилеринин үчүнчү жыйынына катышты. (ErN)

XS
SM
MD
LG