Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:20

COVID-19: Эки адам каза болду, 322 бейтап жаңы катталды


Кыргызстандагы стационарлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы стационарлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 322 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды, илдеттен эки адам каза болду. Бул тууралуу 9-декабрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады.

Каза болгондордун бири - Бишкектин, бири - Ош облусунун тургуну.

Жаңы катталгандардын көбү Чүй облусуна (104) жана Бишкек шаарына (83) туура келет. Ош шаарында жана калган облустарда 5-10дон, айрымдарында 30-40тан катталды.

9-декабрга карата соңку бир күн ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 494 адамды түздү.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдет 76 012 кишиге жукту. Анын 68 367 айыкканы айтылды. Вирустан 1303 адам кайтыш болду.

Учурда 2370 бейтап стационарда, 3128 киши үй шартында дарыланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG