Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:32

Сергей Лавров Германиядагы ашынган оңчул партиянын өкүлдөрү менен жолукту


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун оңчул популисттик «Германия үчүн альтернатива» партиясынын лидери Тино Крупалла менен жолугушкан учуру.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун оңчул популисттик «Германия үчүн альтернатива» партиясынын лидери Тино Крупалла менен жолугушкан учуру.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 8-декабрда оппозициячыл оңчул-популисттик «Германия үчүн альтернатива» партиясынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул партия Бундестагда депутаттардын саны боюнча үчүнчү орунду ээлейт жана бир катар маселелерде Москва менен окшош позицияны карманат.

Сергей Лавров немис делегациясы Мамлекеттик Думанын чакыруусу менен келгенин билдирди. Ал Германиянын бийлиги партия өкүлдөрүнүн Орусияга келишине тоскоол болгонун белгилеп, Москваны сындаган орус оппозициясынын өкүлдөрү менен немис жетекчилиги жолугушуп жатканын айтты.

Учурда Германияда орус оппозиционери Алексей Навальный дарыланып жатат. Буга чейин немис канцлери Ангела Меркел аны ооруканага көрүп барган, расмий түрдө жолуккан эмес.

«Германия үчүн альтернатива» партиясынын өкүлдөрү Орусияга карата Европа өлкөлөрүнүн санкцияларына каршы экенин билдирген.

Бул партия - Германиянын саясий айдыңында ашынган оңчул позицияны ээлеген күч. Башка партиялар радикалдуу көз карашынан улам алар менен кызматташуудан баш тарткан учурлар арбын.

XS
SM
MD
LG