Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 19-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 14:05

Дартты аныктай албаган дарыгерлер


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда дартты аныктоого же диагностикага нааразы болгон бейтаптар көбөйүүдө.

Кыргызстанда ооруканаларда дартты аныктоо барган сайын татаалдашууда.

Жеке менчик лабораториялар, бейтапканалар көбөйгөн сайын бейтаптарга коюлган диагноздордун тактыгына байланыштуу бир топ суроолор жаралды.

Айрыкча онкологиялык ооруларды так диагноз менен аныктоо бир топ каражат менен убакытты талап кылууда.

Бишкектин тургуну Гүлбаранын жакыны сокур ичеги болуп, бирок алгач кайрылган дарыгер туура эмес диагноз койгондуктан оорусу күчөп, реанимацияга түшүп калган.

«Ашказаныңа суук тийди» деп диагноз коюп, өзү сатып жүргөн биологиялык активдүү кошулмаларды жазып берген.


- Ичи ооруп, абдан кыйналганынан шаардагы менчик клиникасы бар, өзүн «гинеколог, уролог, УЗИ жабдуусун иштеткен адисмин» деп тааныткан, белгилүү эле бир дарыгерге кайрылган. Ал «ашказаныңа суук тийди» деп диагноз коюп, өзү сатып жүргөн биологиялык активдүү кошулмаларды жазып берген. Анын баарын бир топ суммадагы акчага сатып алып, үйүндө жата берген. Оорусу басылбай күчөй бергенде «Тез жардам» менен хирургия бөлүмүнө алып барышса, сокур ичегиси кабылдап, ириңдеп кетиптир. Операция жасалган соң реанимацияда көпкө жатып араң эсине келди. Кийин ал тигил дарыгерди сотко берип, кылмыш ишин ачууга да аракет кылып жүргөн.

«Соо бөйрөгүн кесишмек»

Кант шаарынын тургуну Айперинин беш жаштагы уулу мындан үч жыл мурда катуу ооруп, шаардагы ооруканалардын биринде «бөйрөгү жарабай калды, тез арада операция жолу менен алып салыш керек» деген тыянак чыгарышкан.

Айласы кеткен эне Бишкектеги бир нече диагностикалык борборлорго барып, бирдей тыянакты уккан соң, бардык жоопкерчиликти өз мойнуна алып, операциядан баш тарткан. Уулунун дартын аныктоодогу калпыстыкты ал мындайча эскерет:

- Эки-үч жерден ультраүндүк жабдуу менен текшерткенбиз. Андан тышкары магниттик томографияга да тарттырдык. Мунун баарын менчик клиникаларга барып өтсөк деле «бөйрөгү оорулуу, тез арада операция жолу менен алып салыш керек» деп туруп алышты. Ошентип, операция менен бөйрөгүн ала турган болгондо эмнегедир өзүм баш тартып, «баламдын болгон жоопкерчилигин өзүм алам» деп документтерине кол коюп берип, ооруканадан чыгып кеттик. Бир ай балам жакшынакай эле жүрдү. Анан кайра диагностикасынан өтсөк, эки бөйрөгү тең таптаза чыкты. Көрсө уулум үйдөгү экинчи кабаттан тепкичтен түшүп келе жатып, жыгылып кетип, бөйрөгү кичине ооруксунуп калыптыр. Аны дарыгерлер таптакыр туура эмес диагноз менен алып салышмак экен. Азыр чоңоюп, дени сак эле жашап жүрөт. Ушундан кийин мен биздин диагностикалык борборлорго, дарыгерлерге ишенбей калдым.

«Башаламан система»

Кыргызстандагы бейтаптардын дартын аныктоо маселесине саламаттык сактоо тармагында иштегендер өздөрү да дуушар болгон учурлар бар. Эксперттер бул тармакта кесипкөй адистердин жоктугу, жабдуулардын эскилиги жана мамлекет тарабынан көзөмөлдүн аздыгы абалды курчутуп жатканын айтышат.

Саламаттык сактоо министрлигинин Байкоочу кеңешинин төрайымы Нурхан Жумабаева жакында кант диабети менен ооруган кызынын дарылануусун аныктай турган кандагы гликогемоглобиндин өлчөмүн эсептей турган анализдерин так чыгара албай, үч менчик лабораторияга кайрылып, үч башка жыйынтыкты алган.

Жумабаева Кыргызстандагы бейтаптардын дартын аныктоодогу башаламандык өлкө жарандарынын саламаттыгы үчүн өтө кооптуу экенин эскертти:

Нурхан Жумабаева.
Нурхан Жумабаева.

- Азыркы тапта Кыргызстанда диагностикалык жабдуулардын түмөн түрү бар. Жеке менчик оорукана, дарылоочу жайлар көп эле ачылып жатат. Ал жакка анализ ала турган жабдууларды ким, кантип, кайсы стандартка ылайык алып келип жатканы белгисиз. Балким алар Саламаттык сактоо министрлигинин Дарылар менен камсыздоо департаментинен каттоодон өтүп жаткандыр? Бирок бейтап катары анализдердин жыйынтыгын карасаңыз, абдан эле коркунучтуу. Кыргызстанда дени сак киши калбай калгандай. Баары эле өсмө (рак) же диабет сыяктуу коркунучтуу оору менен жабыркайт деп салышат. Биздин диагностика «сөзсүз түрдө адамдар дарыланышы керек», анан калса «абдан олуттуу оорулардан дарыланбаса болбойт» деген жыйынтык берип жатат. Жакында эле кызым экөөбүз да ушундай абалга учурадык. Анын канын текшертүүгө үч лабораторияга барууга туура келди. Себеби, мурда кан тапшырып жүргөн жай бизге улам эле бирдей жыйынтык чыгарып туруп алды. Барган жерибиздин баары туура эмес анализдерди берди. Дарыланууга бул түз таасир этерин алар билбейт окшойт.

Өсмө дартын аныктоо кыйын

Дартты аныктоодо эң көп жабыр тарткандар азыркы тапта онкологиялык бейтаптар. Кыргызстанда жылына 5 миңден ашуун кишиде өсмө оорусу аныкталса, алардын жарымынан көбү бир жылга жетпей каза таап жатат.

Адистер буга алардын дарыгерге кеч кайрылуусу, дартын аныктай албай калышы себеп болуп жатканын белгилешет. Улуттук онкологиялык борборго өлкөнүн чар тарабынан миңдеген адамдар күн сайын барып, аты жаман оорунун диагнозун тактоонун айласы менен жүрүшөт.

Бирок бул жайдын директору Эрнист Тилеков өсмө оорусун эрте аныктоону аймактардагы, жергиликтүү ооруканалар менен бейтапканадагы адистер деле ишке ашырмак деген ойдо.

Эрнист Тилеков.
Эрнист Тилеков.

- Жалпысынан Кыргызстанды алып караганда, онкологиялык ооруларды аныкташ үчүн өзгөчө, жогорку сапаттагы технологиянын деле кереги жок, - деди ал. - Аймактарда эле бул дартты аныктап койсо болот. Азыр биздин бейтаптар да аябай башкача болуп баратышат. Каалаган маалында эле өздөрүнө өздөрү компьютердик, магниттик томографияны жасатып алышат. Менчик оорукана, лабораториялар эми дарыгердин жолдомосу жок деле анализ ала берет. Иш жүзүндө ар райондун борбордук бейтапканасында жок эле дегенде УЗИ, гастроскоп бар, анан дарыгер бар да. Ошолорго кайрылыш керек. Азыр клиникалык диагноз койгонду билишибиз керек. Илгери мындай жабдуулар жокто деле кармалап көрүп, ооруну аныкташчу эмес беле. Албетте, эски доорго, караңгылыкка чакырбайм. Бирок сөөл чыкса деле Бишкектеги Улуттук онкологиялык борборго анализге жиберүү туура эмес деп ойлойм. Адис дарыгер залалдуу шишиктин клиникасын дароо эле байкайт. Ал тургай кайсы стадияда экенин да биле алат. Ошого жараша анан диагноз коюлат да.

Заманбап иммуногистохимиялык лаобраториялар керек

Чет өлкөдө иштеп келген кыргызстандык адистер Кыргызстанда жогорку сапаттагы лабораториялар, компьютердик томография, магниттик-резонанстык томография жабдуулары болгону менен залалдуу шишик сыяктуу оор дартты гистологиясын, башкача айтканда, бейтаптан алынган кан же дагы башка ткандарды толук изилдөө жогорку деңгээлде болбой жатканын айтышууда.

Стамбулдагы ооруканаларда он жылдан ашуун дарыгер болуп иштеген, азыр Бишкектеги «Мемориал» ооруканасынын дарыгери Руслан Шаршебаев иммуногистохимиялык лабораториялардын эскилигинен улам Кыргызстандагы оор дарттарды аныктоо өтө кыйын экенин белгиледи.

Бирок, анын айтымында, заманбап иммуногистохимиялык жабдуу алып келүүгө менчик сектордун күчү жетпейт. Буга сөзсүз мамлекет көмөк көрсөтүшү керек. Шаршебаев ошондой эле паталогонатомиялык багыттагы дарыгерлердин аздыгы дартты аныктоону татаалдаштырып жатканын кошумчалады:

Руслан Шаршебаев.
Руслан Шаршебаев.

- Бизде нур аркылуу дартты аныктоо же МРТ, КТ (магниттик-резонанстык жана компьютердик томография) жабдууларыбыз жакшы эле. Бир жарым теслалык томографиялар бар, көп эле нерсе аны менен жасалат. Кыргызстанда гистологиялык түрдө ооруну аныктоо артта калган. Себеби, заманбап гистологияга жаңы жабдуу зарыл. Менчик бейтапканалар бул чыгымды көтөрө албайт. Ири суммадагы каражат талап кылынгандыктан, гистологияны өнүктүрүүгө мамлекет көмөктөшсө жакшы болмок. Азыр биздин дарыгерлер эски жабдуулардын жардамы менен эле туура диагноз койгонго аракет кылып жатышат. Маселен, Стамбулда патологиялык лабораторияны куруш үчүн абдан чоң каражатты салышат. Азыр иммуногистохимиялык атайын дарылар, боёктор бар. Кыргызстан азыр артта калган технология менен эле отурат. Буга кошумча, биздин дарыгерлердин көбү эле хирург болгусу келет. Паталогоанатом болгусу келген дарыгерлер өтө аз. Туура эмес диагноздорго ушул жагдай да себеп болуп жатат. Патологоанатомдор көбөйүп, алардын арасында атаандаштык жаралса, анан бизде өсмө оорулары сыяктуу оор дарттардын диагнозун так коюу ишке ашмак.

Өлкөдөгү дартты аныктоодогу проблемалар коомчулукта улам козголуп, парламентте, өкмөттө да талкууланып келет. Бирок, азырынча бул тармакты иретке салып, бейтаптардын оорусун так, күмөнсүз аныктоонун бирдиктүү жолу табыла элек. Айрыкча элеттеги ооруган адамдар баш калаадагы кымбат лабораторияларга келип, менчик жайлардын эшигин кагууга аргасыз.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (16)

XS
SM
MD
LG