Линктер

жума, 18-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 05:45

Сарамжалы санааркаткан саламаттык сактоо


Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жылдагы бюджеттен саламаттык сактоо тармагына 800 миллион сомдон ашык каражатты аз берүү тууралуу сунуш коомдук уюмдардын жана бул тармактагы өз алдынча эксперттердин сынына кабылды. Ден соолукка кеткен акча үнөмдөлсө кайсы бейтаптар жабыр тартышы мүмкүн?

6-сентябрда 2020-жылдагы саламаттык сактоо секторунун болжолдуу бюджетинин коомдук талкуусу болуп, анда бул тармакка жумшалып жүргөн акчадан 873 миллион сом кесилери айтылды. Бул айрым адамдардын тынчсыздануусуна себеп болду. Акча азайса кимдер жабыркайт? Бюджеттен бөлүнгөн акчаны министрлик туура пайдаланып жатабы? Ушул жана башка суроолорго жооп алыш үчүн «Азаттык» талкуу уюштурду. Ага Жогорку Кеңештин депутаты, Социалдык маселелер, саламаттык, билим, илим боюнча комитеттин мүчөсү Аида Исмаилова, Финансы министрлигинин саламаттык сактоо жана социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы Мариям Мамбеталиева, жарандык активисттер Гүлмира Абдразакова менен Чынара Бакирова жана «Бюджеттик адвокация» коалициясынын өкүлү Эркинай Калакулова катышты.

«Азаттык»: - Мариям айым, саламаттык сактоо тармагынын бюджетин кесүү боюнча сунуш эмнеден улам киргизилди?

Мариям Мамбеталиева.
Мариям Мамбеталиева.

Мариям Мамбеталиева: - Жалпыга маалым болгондой, биздин республикалык бюджет абдан тартыш. Кирешеси чыгаша бөлүгүнөн аз. Тышкы мамлекеттик карыз да бир топ. 2020-жылдын бюджетин карап жатканда ар бир тармакка ченеп-бычып эле түзүүгө туура келди. Мисалга алсак, Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун (ФОМС) чыгашасын бирдиктүү казынадан каржылана турган тармактардын ичинен алып карасак, бир жылдык бюджеттик көзөмөл суммасынын өлчөмү эсептик көрсөткүч менен киши башына бөлө келгенде 1500 сомдон кем эмес болушу керек. Ушул себептен биз келаткан жылдагы саламаттык тармагынын бюджетин эсептеп чыктык.​

«Азаттык»: - Аида айым, бюджетин кесүү менен бул тармакты реформалоо аракети болуп жатабы?

Аида Исмаилова: - Негизи бизге реформалар керек. Бирок бул реформага байланыштуу кадам эмес. Кечээ эле мен финансы министри Бактыгүл Жээнбаева менен да сүйлөштүм. Жыл сайын саламаттык сактоо тармагына акча бөлүнөт. Албетте, жыл сайын бюджетке байланыштуу мыйзамды биз кабыл алып беребиз. Саламаттык сактоо министрлиги быйылкы жылга чейин жогоруда Финансы министрлигинин өкүлү айткан ар бир жаранга 1500 сомду 7 миллион 200 кишиге эсептеп, бул сумманын баарын бюджеттен сурай турган каражатка кошуп алып жатыптыр да.

Аида Исмаилова.
Аида Исмаилова.

Ал эми кыргызстандыктардын саны канча? Алты миллиондон эле ашыкпыз го? Анда миллиондон ашык кишинин жанагы 1500 сомдук төлөмү кайда кетип жатат деген суроо жаралат. Бюджет өтө эле тартыш болуп жатканда эмнеге мындай? Ашыкча саноо жакшы эмес деген пикирдемин. Экинчиден, биз чет өлкөлөрдөн да канчалаган гранттар менен насыяларды алып жатабыз. Парламент аларды ратификациялап берип жатат. Бирок алар кайда кетти, кантип короду? Жыйынтыгы жок болуп жатпайбы. Финансы министрлиги саламаттык сактоо тармагынын ашыкча акча талап кылганын билип калып, өз иликтөөсүн жүргүзгөн экен. Саламаттык сактоо министрлигинен эмнеге мындай ашыкча акча сураганын түшүндүрүп берүүнү талап кылса, алар «бул тармакка ар дайым акча жетишпейт. Себеби, онкологиялык оорулар көбөйдү» деген эле жоопту айтышыптыр. Бирок бюджеттен бөлүнгөн акча кайда, кантип кетип жатат деген отчётту сурап, Финансы министрлиги жооп ала албаптыр. Ушундан кийин мен балким бул чоң суммадагы каражат министрликтин ичиндеги бир схемага кирип калган ири өлчөмдөгү коррупциябы деген ойдо калдым. Мындай чоң сумманы бир эле киши жей албайт да. ФОМС, министрлик да «Финансы министрлигине бюджеттен бөлүнгөн акча кайсы максатта, каякка жумшалды?» деген деталдуу отчёт бере албайт. Анткени булардын каражатты эсептеген критерийлеринин баары эскирген. Себеби, 90-жылдардан берки критерийлер өзгөрбөй келе жатат.​

«Азаттык»: - Чынара айым, 6-сентябрда болгон бюджеттик долбоордун коомдук талкуусунда Саламаттык сактоо министрлиги кандайдыр бир түшүндүрмө бере алдыбы?

Чынара Бакирова.
Чынара Бакирова.

Чынара Бакирова: - Биз коомдук активисттер катары министрлик жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ФОМС) менен да көп иштешебиз. Мурда биз дагы министрлик менен ФОМС коррупциянын очогуна айланды деп ойлоп келгенбиз. Ал эми азыр булардын бюджеттик программасын ийне-жибине чейин карап чыккандан кийин биз көп нерсесине макул болуп жатабыз. Маселен, саламаттык сактоо менен билим берүү тармагын салыштырып карасак, билим берүү жаатына 38 миллиард сом берилип жатат. ФОМС менен Саламаттык сактоо министрлигинин бюджетин кошуп эсептегенде 18 миллиард эле болуп жатпайбы. Кыргызстанда 6,5 миллион киши окубайт да. Ага карабай бюджеттен бөлүнгөн акча көп. Саламаттык сактоо тармагынын абдан чоң балансы бар, эскирген ооруканалар, бейтапканалар дегендей. Мунун баарын материалдык жактан кармап, каржылап туруу да толук эсептеп чыкканда мамлекеттик казынадан каралган акчадан алда канча көп сумманы талап кылат. Эскилерди кармоо жаңы оорукана салгандан да көп акчаны коротот. Азыр министрлик сурап жаткан болжолдуу сумма ал тургай ден соолук тармагына зарыл болгон көп нерсеге жетпей жатат. Көп сурап жатат же туура эмес пайдаланууда деген ойдон алысмын. Анткени дал ушул ФОМС, министрликти көзөмөлдөгөн коомдук уюмдар, жарандык активисттер абдан күчтүү көзөмөл, мониторинг жүргүзүп жатабыз. Балким Саламаттык сактоо министрлиги 5-6 жыл мурда бизден көп маалыматты катып, көрсөтпөй жүргөн болушу мүмкүн. Азыр буларда андай мүмкүнчүлүк калбай калды. Биз аймактардагы, алыскы айылдардагы бейтаптар, дарыгерлер менен абдан тыгыз байланыштабыз. Азыр эми Интернет байланышы бардык жакта бар да. Бизге атын атабай, көп бейтаптар кайрылып, ооруканалардагы коррупцияны, дарыгерлердин акча талап кылганын айтып, мыйзамсыздыкка каршы күрөш жүргүзүп келебиз.​

«Азаттык»: - Гүлмира айым, бюджетти азайтуудан кайсы бейтаптар жабыркашы мүмкүн?

Гүлмира Абдразакова: - Эгер бюджет азайса өлкөдөгү ар бир бешинчи бейтап жетиштүү медициналык кызмат ала албай калат. Кокус 873 миллион сом казынадан кем берилсе, ооруканага барган жарандарыбыздын дары-дармегине акча жетпей, кошумча сатып алууга мажбур болушат. 144 миң керебет орунду тейлөө кыскарат. Медицинада талап деген бар. Ар бир оорулууга кандай дарылоо керек болот - аны министрлик алдын-ала санап, болжолдуу талдоо жүргүзүшү керек. Анан андан чыккан тыянакты ФОМСко беришсе, Финансы министрлигинен акча сурайт да. Биздики таптакыр башкача болуп жатат. Маселен, онкологияны алсак, дары-дармеги жок, химия терапияны бейтапка таштап салган. Ошол химиясы 100 миңден миллион сомго чейин болуп жатат. Бул абдан чоң сумма. Жөнөкөй жаран муну кайдан тапсын? Анан биз айлабыз кетип Саламаттык сактоо министрлигине барсак «акча жок» дешет. ФОМС «онкологияга акча каралган эмес» дейт, ошентип бейтап ортодо эле өзү менен өзү калып жатпайбы? Жылдан жылга өсмө дарты менен ооругандар көбөйүүдө. Алар эч кандай камкордукка алынбай жатпайбы? Орто жолдон эле оорулууларга кыйын болду. Өз алдыбызча эптеп каражат топтойбуз, бирок ал бир-эки эле кишиге жетет да. Европаны карасаңыз, өсмө менен ооругандар толук камсыздалат. КМШдагы көп өлкөлөрдө залалдуу шишиги бар бейтаптар камкордукка алынган. Кыргызстан эле бүт баарын бейтаптын мойнуна илип койгон.

Эркинай Калакулова.
Эркинай Калакулова.

«Азаттык»: - Эркинай айым, сиз бюджеттик адвокация боюнча өкмөттүк эмес уюмдун мүчөсү катары мындай талкууларга көп катышасыз. Министрликтердин бюджетке каражат сураганда келтирген жүйөлөрү, талдоосу канаттандырарлыкпы?

Эркинай Калакулова: - Биз да ушундай маселелерди чечүү максатында түзүлгөн уюм катары талкууларга ар дайым катышып турабыз. Азыр 20га жакын өкмөттүк эмес уюмдун башын бириктирип, бир коалиция түздүк. Бишкек мэриясынын бюджетин кароодо да жигердүү адвокациялык иштерди кылып жатабыз. Талдоо - жалаң эле министрликтин иши эмес, өкмөт толугу менен казынадан кетип жаткан акчанын отчётун так, даана билиши керек. Ар бир мекеме өз чарбасын, чыгымын изилдеп, ийне-жибине чейин тактап туруп берсе, азыркыдай кыйынчылык жаралмак эмес.​

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (11)

XS
SM
MD
LG