Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:40

Жуунчу каражаттарды да тандай билели


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда табигый тамак-аш жана жуунуучу каражаттарды таркаткан «EcoLife» кыймылынын негиздөөчүсү Сейнел Каимова «Сергек жашоо» түрмөгүнө маек куруп, туура шампунь, самын заттарын тандоонун сырлары менен бөлүштү.

Акыркы убакта Кыргызстанда саламаттыкка пайдалуу, экологиялык таза азыктарды колдонууну тандагандар көбөйдү. Кыргызстандагы «EcoLife» кыймылынын негиздөөчүсү Сейнел Каимова алгач табигый таза косметиканы, жуунуучу каражаттарды жайылтууда бир топ кыйынчылыктарды тартышканын айтып берди.

Сейнел Каимова: - Башында баштаганда абдан кыйын болгон. Мен табигый азыктарды колдонгонду улуу уулум төрөлгөндөн тартып ойлоно баштадым. Бирок ал кезде Кыргызстандан химиялык кошулмасы жок экологиялык таза косметиканы, сульфат кошулбаган шампунду табуу кыйын эле. Алыскы жана жакынкы чет өлкөдөн гана атайын алдырчумун. Чындыгында кыйын болгон.

Кийин мен сыяктуу ойлонгон аялдар, кыздар бар экенин байкадым. Анан аларга ыңгайлуу шарт түзүш керек экенин ойлондум. Биздин аялдар табигый таза каражаттарды издеп отурбай таап, колдонсо деп бул кыймылды, мындайча айтканда ишкерликти баштадым. Ошол кезде биз пайда деле тапкан жокпуз. Себеби табигый таза өнүм чыгаргандар башка компаниялардай жарнамага, брэнд жасоого каражат жумшашпайт. Колдонуп жаткан каражаттын курамына кызыгып, «эмне жеп жатам, бул тазабы» деп ойлонгон адамдар албетте, башында абдан эле аз болгон.

Акырындап отуруп бизге тилектештер көбөйүп, биринчи онлайн-дүкөн ачтым. Бирок эми биздин аялдар сулуулукка келгенде сөзсүз алчу товарын кармап көрүшү керек да. Анан биз реалдуу дүкөндөрдү ачып, бул кыймылга толук кириштик.

Эмнеге көңүл буруш керек?

«Азаттык»: - «Каражаттардын курамы» деп калдыңыз, биз шампун же самын сатып алып жатканда анын артындагы майда жазууларга көп деле маани бербейбиз го. Биринчи кезекте эмнени карап, кайсы химиялык зат зыяндуу экенин кантип билсе болот?​

Сейнел Каимова.
Сейнел Каимова.

Сейнел Каимова: - Адам соода текчесиндеги каражаттын курамына кызыкпай эле ала бергенине азыркы маркетингдик айла-амалдар себеп болууда. Өндүрүүчү шампундун же дагы бир каражаттын киши карай турган жагына эмнени кааласа, ошону жазып коё берет. Бирок артындагы «курамы» деген жерге ал жалган нерсени жаза албайт. Ошондо каражаттын курамында кайсы заттар бар экенин көрсө болот.

Маселен, флаконго «100 пайыз ромашканын кошулмасы» деп бадырайта жаза берет, бирок анын ичинде эч качан 100 пайыз ромашка болбойт. Жакшынакай сүрөт чаптап сатышат. Анын артындагы курамын окуганда эле баары түшүнүктүү болуп чыга келет. Биздин аялдар косметика же жууна турган каражат сатып аларда кичинекей деталдарга көңүл буруп койсо жакшы болот эле. Ал үчүн атайын химиялык билимдин деле кереги жок.

Маселен, табигый таза шампундун курамында «содиум лаурил сульфат» деген зат болбошу керек. Бул латынча SLS тамгалары менен белгиленет. Бул химиялык элементтер жогорку деңгээлдеги активдүү заттар болуп саналат. Мындай заттар мунайдан алынат. Баасы абдан арзан келип, массалык базарларда сатылып жаткан тазалык каражаттарынын дээрлик баарына кошулат. Албетте, кирди абдан жакшы чыгарат. Бул активдүү заттарды мурда да, азыр да чоң завод-фабрикаларда май басып калган темир тетиктерди жууганга колдонушат. Эми мындай зат кошулган шампунду же самынды колдонгон адам дароо эле өлүп калат же саламаттыгы кескин начарлайт деп айткандан алысмын. Бирок анын таасири кишинин организмине улам терең кире берет. Тери аркылуу топтолуп отуруп организмге толук сиңет. Аларды тазалоо өтө кыйын. Аллергия жаратат, кычыштырат, клеткалардагы зат алмашуу процессин талкалайт. Кишинин кээде чачы түшөт. Тери кургак болуп, баштын териси какачтайт. Мейли, маселен ошол эле SLS заттары шампунда эле болуп, башка самынга, душта колдонгон гелге кошулбаса анда мейли эле. Бирок азыр бул заттар бардык жуунуучу каражаттарга, косметикага ченемсиз кошулуп жатпайбы. Албетте, ар кимдин өз эрки. «Эми бул кремден, шампундан, тиш жууган пастадан же гелден өлүп калбайм да, эч нерсе болбойт» дегендер четтен чыгат. Бирок сапаттуу жашоону тандап алуу баарыбыздын эле эркибизде. Эгер адамдын эрки жетсе анда сапаттуу жашоого умтулат да.

Аллергия күч алды

«Азаттык»: - Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө жалпы өлүмдүн жарымына жакыны жугуштуу эмес оорулардан келип чыгып жатканын аныкташкан. Чындыгында азыр жүрөк-кан тамыр, жаңы эле сиз айткан аллергия, тери оорулары, кант диабети көбөйүп жатпайбы. Ушул сыяктуу оорулар сиз айтып жаткан сапаты начар, химиялык активдүү элементтер кошулган каражатарды пайдалануудан чыгып келип жаткан жокпу?

Сейнел Каимова: - Албетте, байланышы бар деп айткым келет. Жалаң эле SLS заттарын бөлүп көрсөтпөй, кир жуучу айна, тиш тазалаган паста, шампунь, сулуулук каражаттарынын көбүнө мунай заттары кошулат. Адамдар көп сатып алып жаткан арзан каражаттарга буларды эсепсиз өлчөмдө кошуп коюшат. Маселен, кичинекей балдар үчүн шампундарда деле бар. Азыркы тапта SLSти адам суудан кийин эле көп өлчөмдө пайдаланып жатат. Биздин тери жана жугуштуу венерологиялык ооруларды дарылаган клиникабыз бар. Ал жактагы дарыгер-дерматологдор менен кырдаалды бир топтон бери байкоого алып келе жатамын. Биздин дарыгерлер ата-энелерге баласы төрөлөрү менен эле «жанагы кымбат баалуу гель-шампундар менен жуубагыла» деген көрсөтмө беришет. Себеби мунай өндүрүмүнөн чыккан арзан жуунуучу каражаттар жаңы төрөлгөн ымыркайдын терисин алсыратып, табигый берилген коргонуу өзгөчөлүгүн жок кылып жатпайбы. Биздин клиникада жаш ата-энелерге баласы төрөлөрү менен «курамы текшерилбеген шампун, самын колдонбогула» деп кеңеш беребиз. Буга кошумча катары жеген тамак-аш, экология, жашоо образы да адамдардын саламаттыгына тескери таасир этип, жугуштуу эмес оорулар күчөп жатпайбы.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекет чара көрүшү керекпи?

«Азаттык»: - Бизде азыр өлкөгө кирип жаткан жуунуучу каражаттардын сапатын текшерген бир да лаборатория жок. Каалаган базарга кирип 100 сомго шампундан тартып самынга чейинки көзгө көрүнгөн нерсени сатып алса болот. Бирок элдин саламаттыгына мамлекет да кам көрүшү керек го? Бийлик эмне кылышы керек?

Сейнел Каимова: - Бизде санитардык-эпидемиологиялык станциялар бар, товардын сапатын текшерген атайын мамлекеттик уюмдар деле иштеп жатат. Бирок биринчиден, биздеги стандарттардын көбү эскирди, экинчиден базарда, дүкөндө сатылып жаткан товардын түрү да көп болгондуктан, текшерүү мүмкүнчүлүгү азайып жатат. Ал аз келгенсип сулуулук жана тазалык каражатын чыгарган индустрия бизде эле эмес, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө мыйзамдарды айланып өткөн жашыруун жолдорду таап алат.

Ал тургай көзөмөл органдары күчтүү Орусияда косметиканы жолго салган күчтүү нормативдик мыйзамдары жок. Ушундан улам адам алгач тандаганда алып жаткан гигиеналык же сулуулук каражатына өтө кылдат мамиле кылып, талапты коё билиши керек деп ойлойм. Адамды эч ким «ушуну сатып ал» деп кыйнабайт да. Курамы начар товарды алуудан баш тартса зыяндуу химиялык каражаттарга талап да азаят. «Мамлекет бир нерсе кылсын» деп карап олтурбай, ар бир адам жоопкерчиликти, өзгөрүүнү өзүнөн баштаганы оң деп ойлойм.​

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG