Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:51

Паллиативдик жардам маселеси талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 4-июнда Бишкекте паллиативдик жардам кандай болушу керек экенин талкуулаган жыйын өтөт. Ага шаардык кеңештин, мэриянын өкүлдөрү, экономист, юрист адистер жана жарандык активисттер катышат.

Күн тартибиндеги негизги маселе – бул багытта мамлекеттик социалдык буюртма кандай болушу керек деген суроо.

Кыргызстанда күнүгө 15 киши өсмө оорусуна чалдыкканын биринчи угат. Расмий каттоодо 25 миңден ашуун өсмө оорулуу бар. Бул илдетке чалдыккандардын 83 пайызы оорусун билгенден кийин бир жылга жетпей каза болууда.

Өлүм алдында жаткан өсмө оорулууларга медициналык жардам көрсөтүү жетиштүү деңгээлде эмес экенин адистер айтып келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG