Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 16:09

Сузакта өзбекстандык усталарга суроо-талап күч


Сузактагы жаңы конуштар

Өкмөт курулуш, дыйканчылык, мал чарбачылык багыттарында иштеген мигранттарга быйылкы жылдан тартып патенттин негизинде иштөө тартибин киргизген.

Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон жана Ала-Бука райондорундагы курулуш иштерине өзбекстандык усталарды жалдагандар көп. Жергиликтүүлөр аларды иштетүү үчүн кезекте турууда.

Сузак районунун тургуну Нурланбек Сыргабаев 2019-жылы эки кабаттуу турак жайын кура баштаган. Курулуш материалдары кымбат болгондуктан, акчасын үнөмдөө үчүн Өзбекстандан келген усталарды жалдаган.

Сузактагы айылдардын биринде салынып жаткан үй
Сузактагы айылдардын биринде салынып жаткан үй

“Бизге Өзбекстандан келген усталар менен иштөө алда канча ыңгайлуу. Анткени акысын арзан сурашат, иши сапатуу жана жоопкерчиликтүү келишет. Жумушун аяктамайынча акчасын сурашпайт. Ишин бат бүтүргөнгө аракет кылышат. Ал эми биздин усталар ишке келбей, ар күнү акчасын сурай берип тажатат. Быйыл кымбатчылыктын запкысы курулушка да жетти. Азыр үйүмдүн чатырын жабуу үчүн 500 миң сомдон көп каражат керек экен. Өткөн жылы эсептегенимде 300 миң болгон. Ошондуктан арзаныраак иштеген уста жалдоо мага ыңгайлуу".

Жалал-Абад облусуна келген өзбек жарандарынан көпчүлүгү курулуш жаатында иштейт. Алардын бири Өзбекстандын Анжиян облусунун тургуну Шайат Рахимов. 40 жаштагы уста, бир ай мурда эки таанышы менен Жалал-Абадга устачылык кылганы келгенин айтып отурду.

“Он жылдан ашты, Ош менен Жалал-Абадда курулушта иштеп келем. Кыргызстан жакын болгондуктан үй-бүлөмдү эки айда бир көрүп турам. Өзбекстанда курулушта иштесең болот, бирок, тапканыңды майда-чүйдөгө коротуп аласың. Ошондуктан акчаны топтоп, чоңураак ишке жаратуу үчүн мигрант болобуз. Орусия, Казакстан жана Түркияга караганда Кыргызстанда иштеген жакшы. Патент төлөп койсоң, эч ким сага тийишпейт. Эки өлкөнүн чек аралары ачылып, жакшы болду. Айына 300 доллар тапсам жетиштүү”.

Былтыр башталган пандемиялык чектөөдөн улам 1,5 жылдан бери коңшу өлкөнүн жарандары Кыргызстанга кирбей калган. Быйыл эки өлкөнүн чек арасы ачылып, өзбекстандык усталар көп келип жатканына карабай жумушчу күчү жетишсиз болууда. Айрымдар аларды айлап күтүп, ишин баштабай турушат.

Жергиликтүү турган Алмазбек Каныбеков бир айдан бери өзбек усталарын жалдаш үчүн кезекте турганын айтты:

“Бир айдан бери кезекте турам. Усталар көп болгону менен сапатуу иш кылгандарын жалдайын дейсиң да. Мен күтүп жаткан усталар Орусияда, Казакстанда иштеп келиптир. Ишти бат эле бүтүрүшөт деп үмүттөнүп турам”.

Өзбекстандын Наманган облусунан келген Айбек (аты өзгөртүлдү) азыр алты шериги менен бир турак жайды толук бүтүрүп берүү үчүн үй ээси менен баасын келишип алган. Алар мыйзамдуу иштеш үчүн каттоого туруп, патент төлөп жатканын айтышты.

Усталардын иши үчүн акы ала албай калган учурлар да жок эмес экен. "Андай учурда мигранттар милицияга кайрылбай эле үйүнө кайтууга аргасыз", - дейт Айбек.

Сузак району.
Сузак району.

“Менин досторум ушул эле айылда устачылык кылып, акысын толук албай калды. Үй ээси "жумушуңарды жакшы кылбадыңар" деп бербей койду. Милицияга кайрылалы деп ойлодук, бирок кайра бизди күнөөлүү кылып коюшпасын деген ойдо баш тарттык. Башка өлкөгө кредити, карызы же баласынын операциясына акча керек болгону үчүн келишет. Акысын албай калган балдар ошондой көйгөйлөрү барлар эле”.

Кыргыз өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы №418 “Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү” токтомуна өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык усталарга, дыйканчылык жана мал чарба жаатында иштеген мигранттар үчүн патент ачылып, 800 сом төлөм киргизилген. Бул №91 токтом 2021-жылдын 12-мартында чыккан.

Азыркы кезде Жалал-Абад шаарында 128, Сузак району боюнча 25 өзбекстандык мигрант патент алып иштеп жатканы болду.

Жалал-Абад шаардык салык кызматынын өкүлү Марсел Жолдошев буларга токтолду.

“Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы №418 “Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизилип, 800 сомдон миң сомго чейин төлөм алып жатабыз. Алар ай сайын төлөп туруш керек. Келген мигрант алгач паспорт столго барып катталып, андан соң патент ачып, мыйзамдуу иштей берсе болот”.

Анткен менен жарандык активист Бакыт Молдожанов сырттан келген мигранттарга патент берүүдө бир топ көйгөйлөр бар экенине токтолду.

Ал бир эле Сузак районунда жүздөгөн усталар иштеп жатса да Салык кызматына 25 адам гана каттоого турганын мисал келтирип, бул тармакта коррупциялык жолдор бар деп эсептейт.

Бакыт Молдожанов
Бакыт Молдожанов

“Патент алуу оңой болсо коркуп, бекинип иштеп жаткан мигрант усталардын баары алмак. Сузак районунда жүздөгөн усталар иштеп жатат. "25 уста эле патент алды" дегенге ишенбейм. Аларды көзөмөлдөп патент алууга кеңеш берүү үй ээсинин же атайын органдардын милдети. Патент алганы баргандарга орой мамиле кылып, топтолуп келгиле деп же акча сурап коркуткандары үчүн патент алуудан качышат”.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Нурдинбек Жээнтаев милиция аймактык салык кызматы менен биргеликте рейд өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, эгер мигранттар патент албай иштесе, мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Нурдинбек Жээнтаев
Нурдинбек Жээнтаев

“Салык кызматы жана милиция биргеликте рейд уюштуруп турат. Эгер өлкөдө жүргөн мигранттар белгиленген 60 күндөн кийин чек арадан кирип чыгышпаса же патент албай мыйзам бузушкан болсо, айыпка жыгылат”.

Быйыл 2021-жылы Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда бир топ чек ара өткөрмө бекеттери ачылган. Жалал-Абадга өзбекстандык мигранттар Ала-Бука районундагы Баймак жана Ноокен районундагы Маданият өткөрмө бекеттери аркылуу кирет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG