Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Кыргызстан Ооганстандын жарандарына виза берүү боюнча чектөө киргизди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан Ооганстандын жарандарына виза берүү боюнча убактылуу чектөөлөрдү киргизди. Бул тууралуу 23-августта өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы белгилегендей, мындай чара Ооганстандагы соңку аскердик-саясий кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын аймагына кирбеши керек болгон адамдардын өтүүсүнө жана баш калка издеп жаткандардын жапырт кирип келүүсүнө жол бербөө максатында кабыл алынды.

Дипломатиялык жана расмий делегациялардын мүчөлөрүнө кызматтык визалар кадимки тартипте берилүүдө.

Ал эми ооганстандык студенттерге виза берүү маселеси макулдашуу стадиясында экени маалымдалды.

Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары 500дөй студенттик виза бергенге даяр экенин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 16-августта билдирген.

Ооганстанда абал курчугандан бери бул өлкөдөгү чет элдик өкүлчүлүктөр жабылып, кызматкерлери эвакуацияланууда. Алар менен катар өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган миңдеген ооган жарандары аэропортто топтолгон сүрөттөр жарыяланган.

Ооган жарандарына окшоп кийингендер соңку күндөрү Бишкектин көчөлөрүндө көбөйгөнү коомчулукта кызуу талкууланууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG