73 жаштагы Базаркан Дүйшөмбиева Ат-Башынын Баш-Кайыңды айылында өспүрүмдөрдү чаңгы (лыжа) тебүүгө үйрөтөт. Ал мектепте 40 жылдан ашык дене тарбия мугалими болуп иштеген. Эс алууга чыккандан кийин кыштактагы лыжа сүйүүчүлөрүнүн башын бириктирген.
Лыжа байлап бутуна, жаштарга шык берген Базаркан эжей