Ушул күндөрү Кытайдын борбору Бээжин шаарында “Бир алкак - бир жол” долбоорунун үчүнчү форуму өтүүдө. Бул форум “Бир алкак - бир жолдун” мааракелик 10 жылдыгына туш келди. Ага бир катар мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын башчылары катышууда.
Кытай Кыргызстандын ири соода өнөктөштөрүнүн бири. Эки мамлекеттин биргелешкен бир катар долбоорлору бар. Бул форумга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров барбай турганын Тышкы иштер министрлиги билдирген.
Бээжиндеги форум
17-18-октябрда Бээжинде өткөн форумга Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш, Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Монголиянын, Сербиянын президенттери сыяктуу бир катар лидерлер катышууга барган.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 18-октябрда форумду ачкандагы сөзүндө долбоорду колдоо мындан ары да күчөйт деп билдирди:
"Кытай өнүктүрүү банкы жана Экспорт-импорт банкы ар бири 350 миллиард юандык (50 млрд АКШ доллары) каржы терезесин түзүшөт. "Жибек жолу" фонду болсо капиталын 80 млрд юанга (11 млрд АКШ доллары) көбөйтөт. Биз "Бир алкак - бир жол" демилгесинин долбоорлорун рыноктук жана коммерциялык негизде колдойбуз".
Си Цзиньпин “Бир алкак - бир жолдун” 10 жылдык ишине канааттанып турганын айтты.
2013-жылдын сентябрь, октябрь айларында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Казакстан жана Индонезияга барганда "Улуу Жибек жолунун экономикалык алкагын" жана "21-кылымдын деңиз Жибек Жолун" биргелешип курууну көтөргөн.
Кийин Кытай өзүнүн бул демилгесин «Бир алкак — бир жол» деп атаган. Анын максаты өз ара байланышка түрткү берген практикалык кызматташтыкты бекемдеп, пайдалуу өнүгүүгө бирге жетүү болуп саналат.
Мурдагы премьер-министр, Кыргыз Республикасынын Соода палатасынын президенти Темир Сариев да Бээжиндеги форумга барган. Ал “Бир алкак – бир жол” долбоорунан Кыргызстан чочулабай, тескерисинче, колдоно билишибиз керек деген ойдо.
“Көп учурларда коомчулукта Кытай боюнча ар кандай сөздөр, чочулоолор болуп келатат. Биз эч кандай чочулоого барбашыбыз керек. Анткени Кытай дүйнөнүн бардык булун-бурчуна соода-сатыкты көбөйтүп жатат. Кытай соода менен эле чектелбей, маданият, искусство, жаңы технология жаатында да иштешүүдө. Мына форум маалында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев экинчи темир жол багытын, экинчи хабды ачабыз деди. Азыр Кытайдан Европага кетип жаткан товарлардын 75% Казакстан аркылуу өтөт. А биз болсо канча жылдан бери Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун энин талашып, долбоорду артка жылдырып келатабыз. Эч кандай корпой эле Кытай сунуштаган стандарт, эн менен сала берсек акчасы да табылат эле, жумуш да эрте бүтөт эле, анын жыргалын элибиз да көрөт эле”.
Темир Сариевдин пикири боюнча форум маалында Кытай дагы жаңы чектерди багынтуу үчүн инвестициялардын көлөмүн көбөйтүүнү жарыялады. Орусиянын, Бразилиянын, Индонезиянын, Казакстандын өкүлдөрү Кытай менен иштешүүгө кызыкчылыгын билдирген.
Кыргызстандын бийлигинин атынан Бээжиндеги форумга эки жетекчи - энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков катышып жатат.
Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө “иштин жүктөмүнүн жана графиктин тыгыздыгынан улам, бир катар маанилүү жана жогорку деңгээлдеги эки тараптуу иш-чараларга байланыштуу” президент Садыр Жапаровдун жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун бул жыйынга катышуусу пландалбаганы айтылган.
Министрлик буга быйыл октябрда өтүүчү КМШ саммити, ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны, Кытайдын премьер-министри Ли Цяндын Кыргызстанга расмий сапары жана Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны сыяктуу бир катар иш-чаралар себеп болгонун белгилеген.
Чыгыш таануучу Сейтек Качкынбай бул жыйын “Бир алкак - бир жол” долбоорунун 10 жылдыгына карата өтүп жатканын, андыктан ага мамлекет башчылардын катышуусу символикалык гана мүнөзгө ээ экенин айтат:
“Европадагы мамлекеттерден бул форумга Венгриянын президенти Орбандан башка эч ким деле барбаптыр. Бул жыйын юбилейлик мүнөздөгү иш-чара, конкретика аз. Кытай баштаган демилгесине дүйнөнүн көңүлүн дагы бир ирет көңүл бурдурайын деп жатат. Эгер кыргыз-кытай мамилеси тууралуу айта турган болсок – Бишкектеги Кытай элчилигине мындан бир нече жыл мурдагы кол салуудан бери мамиле салкындап калган болчу. Акыркы жылдарда ал жакшыруу жолуна түштү. Кытай тараптан Кыргызстандын жарандарына виза берүү жеңилдеди. Ырасмий Бишкек болсо жакын арада Кытайдын жарандарына виза жагынан жеңилдик берип жатат.”
Жогорку Кеңештин депутаты, “Кыргызстан-Кытай” достук тобунун жетекчиси Исхак Масалиев мындай ири жыйынга Кыргызстандын мамлекет башчыларынан бири катышып койгондо туура болмок, себеби, коңшунун бизге эле эмес, дүйнөгө таасири артып баратат деген пикирде:
“Тышкы иштер министрлиги кечээ маалымат таратты: президент бошобой калыптыр, Министрлер кабинетинин төрагасы болсо чет мамлекетте экен. Тилекке каршы, мындай форумга барып койгондо болмок. Мейли эми... А негизи Кытай жалпы дүйнөгө таасир тийгизе турган чоң долбоорду иштеп чыгып, сунуштап жатат. Бир жагынан жакшы. Экинчи жагынан эл арасында “Кытай келсе кетпейт” деген түшүнүк бар. Коркобуз да биз "1,5 млрд кытайдын арасында 7 млн элибиз сиңип, жоголуп кетпейбизби” деп. Бирок, азыркы тапта дүйнө өзгөрүп жатат, дүйнөлүк экономика өзгөрүп жатат. Биздин Кытай менен миң чакырымдан ашык чек арабыз бар, Жараткан бизге өзү шарт түзүп берген, биз Кытай менен кызматташууга милдеттүүбүз. Дүйнөлүк экономика биригип, интеграциялашып баратат. Ошондуктан ушул “Бир алкак – бир жол” программасынын негизинде өзүбүзгө пайдалуу долбоорлорду ишке ашырсак жакшы болмок. Албетте, өзүбүздүн эгемендигибизге зыян тийгизбей туруп. Жакында мен бир материал менен тааныштым. Анда акыркы 30 жылда Кытай аркылуу ири долбоорлорду ишке ашырган мамлекеттер тууралуу айтылыптыр, арасында Казакстанда, Өзбекстанда бүткөн ири иштер бар. Кыргызстандыкы болсо эми пландалып, эми ишке ашат деген иштер. Бизде Кытай менен биргелешкен бир да долбоорду майнаптуу, жемиштүү ишке ашты деп айтыш кыйын.”
Кытай – Кыргызстандын негизги донору
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Бир алкак - бир жол" демилгесинин 10 жылдыгына карата өткөн жумада Бишкекте уюштурулган иш-чарада биринчи кадам катары Кыргызстан Гонконг жана Макао атайын административдик аймактарынын тургундарына, АКШ жана Европа Биримдигине, Улуу визасы бар Кытайдын жарандарына жети күнгө визасыз режим киргизип жатканын айткан.
Негизинен Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы визаны жокко чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы быйыл майдын башында маалым болгон.
Март айында Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жыл башынан бери кыргызстандык 1,5 миңдей айдоочуга виза берилгенин билдирген. Элчи Бээжин чет өлкөлүктөргө, анын ичинен кыргыз жарандарына виза берүүдөгү чектөөлөрдү жойгонун, мындан улам виза алуу үчүн суроо-талап жогорулаганын айткан.
Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь «Бир алкак - бир жолду» куруу ага тартылган мамлекеттердин өнүгүүсүнө жана дүйнөлүк экономиканын өсүүсүнө түрткү берерин, долбоор кыргыз-кытай кызматташтыгы жана Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн чоң мааниге ээ деп билдирген.
Элчи Ду Дэвенге жакында президент Садыр Жапаров эки мамлекеттин ортосундагы кызматташууга кошкон салымы үчүн “Достук” орденин тапшырган.
Сыйлыкты тапшырып жатып, мамлекет башчысы ордендин маанисин түшүндүргөн: "Кыргызстан сиздин кыргыз-кытай ынак коңшулук, достук жана кызматташтык мамилелерин чыңдоого кошкон баа жеткис салымыңызды жогору баалайт".
Кытай – Кыргызстандын эң ири соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Ошол эле маалда Кытайга Кыргызстандын тышкы карызынын чоң бөлүгү туура келет.
Майдын аягында Кыргызстандын мамлекеттик карызы жалпы 5 млрд 667,63 млн долларды (496 млрд 428,06 млн сом) түзсө, анын 4 млрд 489,7 млн доллары тышкы карыз болгон. Ал сумманын 1 млрд 734,58 млн доллары Кытайга кайтарым.
Буга чейин ырасмий Бишкек Бээжинден алган каражаттарга борбордогу Жылуулук энергетика борборун, Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр өткөргүчтөрүн, Бишкек шаарынын жолдорун, Түндүк-түштүк облустарын байланыштырган альтернативалык жол сыяктуу бир катар ири долбоорлорду ишке ашырган жана ашырып жатат.
Хьюман Райтс Вотч уюму Кытайдын бийлигин өлкөнүн түндүк-батышындагы Шиңжан уйгур автоном районундагы мусулмандарды, анын ичинде, кыргыз, казак, уйгурлардын укуктарын чектеп, “эмгек лагерлери” деп аталган жабык мекемелерге айлап-жылдап камап, айрым адамдарды ың-жыңсыз жоготуп атканын сындап келет.