Бир иш менен кармалган эки судья
Коррупцияга шектелип кармалган Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимов 17-декабрга чейин атайын кызматтын тергөө абагына камакка алынды. 23-октябрда УКМК тараткан маалыматка ылайык, судья Адимов жашы жете элек баланы эркинен ажыратуудан башка жаза берүү үчүн анын туугандарынан адвокаттын ортомчулугу менен пара алганы аныкталган.
Соттор кеңеши 20-октябрда судьяны жазага тартууга уруксат берген. Аны менен Ы.К.М. аттуу адвокат дагы камалды. УКМК кылмышка шектүүлөрдүн пара алып жатат делген сүрөттөрүн жарыялады.
39 жаштагы Адимов 2022-жылы мекенинен Орусияга мажбурлап чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун ишин караган. Азырынча соттун адвокаты жана жакындары менен байланыша алган жокпуз.
Судья Адимовдун камалышы буга чейин камалган Бишкек шаардык сотунун соту Назгүл Илиязова шектелген ишке байланыштуу экени белгилүү болду.
УКМКнын маалыматына таянсак, судья Илиязова жашы жете элек балага биринчи инстанциянын чыгарган чечимин күчүндө калтыруу үчүн адвокаттын жардамы менен опузалап акча талап кылуу фактысы менен камалган.
Атайын кызмат Бишкек шаардык сотунун судьясы Илиязованын кармалганы боюнча кенен маалымат тараткан. Анда “ишенимдүү” адвокаттар аркылуу коррупциялык схема түзүлгөнү жана 5000 доллар пара алышканы айтылган. Судьянын адвокаты Кайсын Абакиров дооматтарды четке кагып, Илиязова эч кимден акча талап кылбаганын билдирген.
24.kg агентиги Илиязова менен кошо кылмыш иште шаардык соттун дагы бир судьясы Заурбек Жунусов да суралып жактанын өз булактарына таянып кабарлаган.
Жогорку Соттун эскертүүсү
17-октябрда атайын кызмат Ленин райондук сотунун судьясы Нурлан Кенжебаев өзү караган иш боюнча "оң чечим чыгарып берүү" үчүн 2000 доллар алганы боюнча кармалганын билдирген. Судья менен кошо анын кеңешчиси жана досу кармалган.
Мындан сырткары Соттор кеңеши ар кандай зордук-зомбулукка баргандардын иштеринде айыпкерлерге жеңил жаза берген бир канча судьяларды иштен алуу боюнча чечими чыгарды.
Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков октябрдын башында пара алууга шек саналып кармалып жаткан судьялар жөнүндө пикирин билдирип, "коррупциядан оолак болууну эскертип келатканын" айткан.
"Мен ушул жылдын 26-августунда кайталап, экинчи жолу сотторго "таза болгула, адилеттүү, акыйкат чечим чыгаргыла" деп эскертүү бергем. Буга коомчулукта туура эмес пикир айткандар болду. "Жогорку Соттун төрагасы судьялардын алдында жалдырап жатат, сотторду башкара албай калды" дегендер да болду. Бул андай эмес. Мен аларга жалдырагандай, чөгөлөгөндөй адам эмесмин. Тескерисинче, биз ошондой ыплас, кылмышкер соттор менен күрөшүп жатабыз. Биздин эскерткенибизге карабай судьялар кармалды", - деди Базарбеков.
Соңку бир ай аралыгында Бишкекте кармалган судьялар “Опузалап пара алуу” жана “Пара алуу” беренелери менен шектелип жатат.
Сынга көмүлгөн сот системасы
Эгемендүү өлкө тарыхында бийлик сот тармагын реформалоого көп эле аракет кылган, бирок коомчулукта Фемида өкүлдөрүнө нааразычылык азайбай келет.
Сот тутумундагы паракорчулукту сындап жүргөн укук коргоочу Динара Ошурахунова коррупция менен кармалган судьялардын жазага тартылышы коомго маанилүү экенин белгилейт. Ошурахунова буга чейин дагы судьялар пара менен кармалганын, бирок система тазаланбай жатканын айтты.
“Сотторду буга чейин деле кармашкан. Бирок система өзүн-өзү тазалабайт экен. Соттун баары коррупцияга малынган, анан бири-бирин кантип соттоп жиберсин. Милициялардын канчасы кармалганын көрүп жүрөбүз. Бирок бат эле чыгарып жиберишет. Соттордун кармалганы аягы кантип бүтөрү мага да кызык. Канча реформа жасалганы менен, соттор жаңыланган жок”, - деди укук коргоочу.
Чынында сот тармагын реформалоо ниети бардык бийликтин тушунда, айрыкча 2010-жылдан кийин системаны тазалоо, соттордун көз карандысыздыгын калыбына келтирүү башталары айтылган. Буга чейинки президенттер Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков олуттуу каражат жумшап, чоң жыйындарды өткөрүп, реформанын жемиши болорун убада кылышкан эле.
Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин сот системасын реформалай турганын айтып, атайын кеңеш түзгөн. Ал реформанын чечкиндүү кадамдардын бири катары судьялардын ротациясын атаган. Ошондой эле президент судьяларды коомчулукка ачык болууга, жарандык коом менен иштешүүдөн качпоого, чуулгандуу иштерге байланыштуу чыгарылган өкүмдөр тууралуу кеңири маалымат берип турууга чакырган. 2022-жылы өткөн курултайда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков судьялардын айлыгын көтөрүү сот бийлигин күнкордуктан арылтат деген ишеним акталбаганын моюнга алган.
Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов реформалардын ишке ашпай жатканынын себебине токтолду.
“Реформаны мыйзам чыгарууну мыкты билгендер жасашы керек. Азыр баары аралашып калды. "Адам укугун жакшыртабыз, сөз эркиндиги болсун" деп кодекстерди өзгөрткөнбүз. Жыйынтыгында тескеринче болуп калды. Реформа менен соттордун пара алышын токтотууга болбойт. Ал үчүн радикалдуу чаралар керек. Кадр тандоо, кадр таптоону жакшыртуу керек. Реформанын алкагы эмес, ал өзүнчө багыт болот”, - деди Осмонов.
Эл аралык республикалык институттун быйыл июлда жарыялаган изилдөөсүндө сурамжылоого (1500 адам) катышкандардын 65% Кыргызстан үчүн эң олуттуу көйгөй коррупция экенин, сот системасы жемкорлукка батканын белгилешкен.