Соңку эки-үч жылдан бери Кыргызстанда Кытайдын маалымат саясаты жанданды. Анын ичинен салттуу жалпыга маалымдоо каражаттары жана социалдык түйүндөрдөгү баракчалар аркылуу Бээжинди жактаган жана демократиялык баалуулуктарды сындаган материалдар байма-бай жарыяланууда.
Бул топто фейк аккаунттар жана атайын каналдар да бар. Бир катар уюмдар Кытайдын маалыматтык операциялары Борбор Азияда, анын ичинен Кыргызстанда көп жылдан бери ишке ашырылып келатканын билдирүүдө.
Телеграм каналдар жана жалпы соцмедиа
Алгач Фейсбук түйүнүндөгү колдонуучулар үчүн белгилүү “Салам, Кыргызстан” баракчасын алып көрөлү. Ушул эле баракчанын Телеграмда да каналы бар.
Орус тилиндеги маалымат булагы алгач ачылганда көбүнчө түрдүү темаларды жазып, кызыктуу сүрөт-видеолор менен окурмандардын бүйүрүн кызытып турган. Соңку убактарда ал Кытай темасына көбүрөөк кайрыла баштады. Анда бул өлкөнү жактаган позициялар көбүрөөк, болбосо жөн эле ага байланыштуу окуялар, статистикалар, сүрөт-видеолор, айтор, кабарлар тынымсыз чыгарылып турат.
Айталы, “Салам, Кыргызстан” телеграм каналындагы издөө бөлүгүнөн орус тилинде “Кытай” деп буйрутма берсек, 2021-жылдын январынан 2023-жылдын ноябрынын аягына чейин бул темада 406 маалымат чыгарганын көрө алабыз. Аталган аралыкта “Пекин” деген сөз камтылган жаңылык 101 ирет жарыяланган.
Аларда негизинен Кытай Кыргызстанга жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө чоң жардам берип жатканы, тараптар экономикалык жактан тыгыз байланышта экени жана Бээжиндин өкмөттүк программасы жемишин берип жатканы жөнүндө жазылат. Кыргызстандын Кытайга карызы да улам-улам эскертилип турат.
“Салам, Кыргызстан” телеграм каналындагы кабарлардын тиешелүү жерлеринен үзүндү келтирели:
“Бишкектеги саммит геосаясатка жана дүйнөнү бөлүүгө биринчи ирет так акцент койгон алгачкы аянтча болуп калды деп айтсак болот. Себеби ШКУдагы үч өлкө – Иран, Кытай жана Орусия Батыш менен мамиледе өз приоритеттерин ачык жана дароо көрсөтүп коюшту”.
“Кытай жана Кыргызстан – бир тагдырга ээ коомду биргелешип түзүү. Соңку бир жылдагы кыргыз-кытай өз ара карым-катышын ушундайча сүрөттөгөн ролик медиаларда жайылып жатат. Аталышы тажатма, бирок маалыматтуу видео. “Ломду сындырчу ыкма жок” дегендей эле кеп. Мында болсо “лом” катары Кытай экономикасын жана “Бир алкак – бир жол” стратегиясын атасак болот”.
“Жөн гана шарттуу түрдө бийликке америкачыл К. Бакиев же анын адамдары кайтып келди деп элестетип көрөлү. Албетте, алар биринчи кезекте Кытай менен мамилени бузуп тынышат. Кытай элчисин чыгарып, Атамбаев менен Жээнбеков көбөйткөн карызды төлөөдөн баш тартышат, Казакстан менен чогуу Кытайга каршы союз түзгөнгө аракет кылышат жана Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы уйгурлардын укуктарынын бузулушун ачык көтөрө баштайт. Анан аягында АКШнын Кытайга каршы санкцияларына кошулат. Мындай шартта Кыргыз Республикасы толук блокадада жана логистикалык туңгуюкка кептелип калат”.
“Европанын өнөр жайы дайыма өзүнүн үстөмдүгүнө ишенчү. Мына азыр да ал “жашыл энергетикадагы” мүмкүнчүлүктөрү кенендигине ынандыргысы келип жаткан. Бирок Кытай бул дымактарды заматта сындырып салды жана бүгүн ал энергиянын кайра жаралуучу булактары технологиялар жаатында алдыда баратат”.
Мына ушундай пикирлерден сырткары Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэндин интервьюлары, иш-сапарлары үзгүлтүксүз чагылдырылып турат. Ортодо ар кайсы эксперттердин Батышка каршы пикирлерин жайгаштырганын көрөбүз.
“Салам, Кыргызстан” ошондой эле өзүнүн позициясына жакыныраак келген башка телеграм каналдардын постторун бөлүшүп, аны чечмелеп, комментарийлеп жүрүп отурат. Алардын ичинде “Полит Ломбард”, “Дипломатия”, “САЕАС ФОКУС”, “На Востоке не все как кажется”, “Солнце встает на Востоке”, “Логистан”, “Турецкий Гамбит” жана “Ачуу чындык” телеграм каналдары да бар.
Кыргызстандык канал ошондой эле коңшу өлкөлөрдөгү окуяларды чагылдырган “Сегодня KZ”, “Вокруг Узбекистана”, “Читай Китай”, “Институт Китая и современной Азии”, “Политика в Большом Индо-Пасифике” деген сыяктуу да каналдар жарнама кылынат жана алардын жазгандары коюлат.
Тескерисинче, ал каналдар “Салам, Кыргызстан” каналын жана аталган башка каналдарды постун бөлүшүп, бири-бирин колдоп, тилектештигин билдирип турат. Аларда да орусиячыл жана кытайчыл маанай үстөмдүк кылып, Батыш өлкөлөрүн айыптаган риторика жайылтылат. Алдыда алардын айрымдарынан да үзүндү келтирели:
“Бирок “амерлер” кандай гана ийкемдүү иштейт! Орусия менен Кытай Борбор Азияда фабрика-завод-жолдорду жана башка инфратүзүмдү курууга миллиарддарды жумшап жаткан маалда АКШ жалаң жалпыга маалымдоо каражаттары менен өкмөттүк эмес уюмдарга гана каржы салууда. Ал эми бул чөлкөмгө америкалык президенттин сапарын уюштуруу эң негизги сыйлык катары убада кылынат” (“Турецкий Гамбит”)
“Жалпысынан алганда, Садыр Жапаровдун Кытайга сапары өз убагында болуп жатат. Дүйнөнүн эң алдыңкы державалары менен кызматташуу Кыргызстандын ар тараптуу өнүгүүсүнө түрткү берет жана өлкө алдындагы бир нече чакырыктарды чечүүгө жардамын тийгизет. Азыркы дүйнөлүк кырдаалда Кытай жана Орусия сыяктуу мамлекеттер менен дос болбой коюу биздей мамлекетке такыр керек эмес” (“Полит Ломбард”)
“Кыргызстанда чет элдик ЖМКларды жабуу боюнча кайрадан жаңы маселе чыкты. Бул ирет прокуратура Kloop.Media басылмасынын ишмердигине көңүл буруп жатат. Бул жөнүндө “Салам, Кыргызстан” каналындагы биздин кесиптештер жазып чыгышкан. А биз болсо бул ресурс активдүү чагылдырган темалардын бири Кытайга каршы маанай экенин белгилебиз келет. Тапшырма аткарылып, Кытайдын айрым долбоорлору токтоп калган соң, басылманын Кытайга кызыгуусу басаңдап калды” (“На Востоке не все как кажется”)
Баса, эки апта мурун Кыргызстандагы көз карандысыз “ПолитКлиника” басылмасы жогоруда аталган телеграм каналдардын Орусиянын пропагандасын жүргүзүп жатканын аныктаган иликтөө жарыялашкан. Медианын дата-журналисттери Фейсбуктагы “Салам, Кыргызстан”, “Тентек кыз”, “Две точки зрения” баракчаларынын жана Телеграмдагы “Полит Ломбард” каналынын контентине анализ жүргүзүп, алар Орусиянын Кыргызстандагы жана жалпы эле Борбор Азиядагы таасирин күчөтүүгө багытталганын аныктаган.
Иликтөөнүн авторлору аталган баракчаларда жана каналдарда 2022-жылдын январынан 2023-жылдын февраль айына чейин жарыяланган 5 миңге жакын билдирүүнү талдап чыгышкан. Алардын ичинен ар бешинчи билдирүү Орусиянын Кыргызстандагы таасирин күчөтүүгө жана СССРге карата сагыныч, эңсөө сезимин ойготууга багытталганын аныкташкан.
“Азаттыкка” берген комментарийинде “ПолитКлиника” басылмасынын кабарчылары кеп болуп жаткан телеграм каналдар Орусиядан Кытайдын да пропагандасын жүргүзгөнүн байкаганын ырасташты. Журналисттер байкагандай, каналдарда негизинен эки державанын кызыкчылыктары кесилишкен темаларга көп көңүл бурулган. Ал эми эки өлкөнүн кызыкчылыктары келишпеген жерлерде көбүрөөк Москванын позициясын жакташкан.
“ПолитКлиниканын” журналисти Чынаргүл Жумабекова иликтөөдө байкалган жагдайлар жөнүндө ой бөлүштү:
“Биз кайсы өлкөлөргө каршы багытталганын талдаган үчүн Кытайга өтө көп көңүл бурган жокпуз. Бирок дайыма Орусия менен Кытай биргеликте берилгенин көрө алдык. “Кытай - Борбор Азия өлкөлөрүнүн негизги өнөктөшү” деген ойду өтө көп беришерин байкадык. Мындан сырткары Кытай менен Орусия Батыштын “жамандыктарынан коргоп туруучу өлкөлөр катары көрсөтүлөт. Ошол эле учурда кээ бир темаларга, мисалы, Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу темасына келгенде, тескерисинче, “Бээжиндин кыңыр ою бар болушу мүмкүн” деген сыяктуу да нерселер берилет. Башкача айтканда, бул темага келгенде, Москванын позициясы көбүрөөк корголгон. Жалпы жонунан Кытай менен Орусия “Евразия бириктирет”, “жаңы күч болушат” деген билдирүүлөр көп. Биз байкаганыбыздан, ошол телеграм каналдардын баары бири-бири менен байланышта. Керек болсо бир жерден башкарылат деп ойлойбуз. Дайыма бири-бирине шилтеме беришет жана риторикасы окшош”.
Социалдык медиадагы дагы бир жагдай, соңку мезгилдери Фейсбук, Инстаграм жана башка түйүндөрдөгү кыргыз сегментинде Кытайдын басылмаларынын жарнамаларын көбүрөөк байкала баштады. Анын ичинен, айталы, Кытайдын “Женьминь Жибао” басылмасынын, Кытай эл аралык радиосунун, GGTN медиасынын жана башка каражаттардын акы төлөнгөн жарыялары Кыргызстандын аймагынан байма-бай чыгып калып жатат.
Муну бир чети жөн гана маалымат таратуу же туризм максаты менен деле түшүндүрсө болор, бирок баары бир көрүнүш катары айта кетели.
ЖМК, журналисттер жана эксперттер
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Кыргызстандагы академиясы 2021-2022-жылдары жүргүзгөн изилдөөсүндө биздин темага кенен кайрылган. Ал “Батыш перифериясындагы сезимдерди башкаруу: Кыргыз Республикасындагы Кытайдын маалымат операциялары” деп аталган баяндама былтыр күздө жарыяланган.
Изилдөөнүн авторлору Кытай Борбор Азияда бардык фронтто мурда болуп көрбөгөндөй кызыкчылыктарын ишке ашыра баштаганын, байланыштар саясий, экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдө тез темп менен өнүгүп жатканын белгилешкен. Алар Кытай мурда Кыргызстандын жетекчилиги же элитасы менен гана иштебей, карапайым калкты да маалымат менен сугаруу үчүн коммуникациянын бардык түрлөрү менен кызматташып жатканын аныкташкан. Баяндамада бул аракеттер 20 жылдай мурун башталганы, соңку жылдары ал күчөп гана жатканы маалымдалган.
Изилдөөдө Кытайдын бийлиги Кыргызстанда өзүнө жакпаган маалыматтарды четке кагып, өзүнө ылайык көргөн маалыматтарды жайылтуунун үстүндө саясат алып барганы далилдер менен көрсөтүлгөн. Анда айтылгандай, мындай саясат үч стратегия менен жүргөн.
Биринчиден, алар Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарына даяр контент берип турушкан. Экинчиден, Кытайдын жалпыга маалымдоо каражаттарын мүмкүн болушунча Кыргызстандын ичинде таратып, иштетип турууга басым жасалган. Үчүнчүдөн, социалдык медиада маалымат таратып турушат.
Баяндамада келтирилгендей, Кыргызстанда Кытай жөнүндө позитивдүү кабарларды берип турган 22 маалымат платформасы бар. Аларга даяр материалдар туруктуу түрдө берилип, акча төлөнүп турат. Медиалардын журналисттери Кытайга иш-сапары менен барып, ал жактан кайткан соң ар кайсы жанрда өз материалдарын жарыялашкан.
Ушул эле изилдөөдө кеминде тогуз кыргызстандык ЖМК Кытайдын субъектилери менен кызматташуу келишимине кол коюшканы, алардын айрымдары 2000-жылдардын башында түзүлгөнү айтылат. Ал келишимдерде Кытайдын жаңылыктарын үзгүлтүксүз жарыялап туруу, отчётторуна атайын төлөнгөн мазмундарды камтуу жана башка келишимдер кирет.
“Мисалы, УТРК 2017-2020-жылдар аралыгында үгүт-насаат программасын күн сайын көрсөтүү үчүн, ошондой эле анын аналогдук версиясын радиостанциясында берүү үчүн Кытай Эл Республикасынан (КЭР) 700 000 АКШ доллары өлчөмүндө каражат алгандыгы КТРКнын мурдагы директорунун “Фейсбуктагы” билдирүүсүндө маалым болгон. Ырас, КЭРдин маалымат каражаттарынын материалдарын кыргыз ЖМКсына киргизүүдө кыргыз медиасы Кытайга өз маалымат каражаттарынын материалдарын текшерүүгө жана контролдоого жол берет. Ошентсе да, Кытайдын 7 медиасы көбүнчө кыргыз коомчулугунун табитине ылайыкташа албайт. Себеби бул жергиликтүү маанидеги маселелерди түшүнбөгөндүктөн улам келип чыгат”, – деп жазылат ЕККУнун академиясынын изилдөөсүндө.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин чет элдик ЖМКлардын реестринде көрүнүп тургандай, кыргыз жергесинде Кытайдын үч медиасы катталган. Алар “Синьхуа” маалымат агенттиги, “Вен Вэй По” жана “Жибек Жолунун байкоочусу” (Наблюдатель шелкового пути) гезиттери болуп саналат.
Кыргызстанда мындан сырткары кытай бийлиги каржылаган “Долон ТВ” теле студиясы жана “Контимост” журналы да иштейт. Бирок алар чет элдик маалымат каражаттары катары катталбастан, жергиликтүү жеке медиа катары иш жүргүзөт.
Булардын ар биринде канча кызматкер бар экени так эмес, бирок ошол эле реестрде көрүнүп тургандай, кеминде үч-төрттөн, болбосо он чакты киши аталган медиаларда иштөө үчүн аккредитация алган. Алардын арасында кытай тектүү журналисттер да бар.
Айталы, “Жибек жолу” гезитинде эле он чакты кызматкер бар. Басылманы“Орто Азиядагы жибек жолунда маданий өнүктүрүү” (“Культурное развитие на Среднеазиатском шелковом пути”) компаниясы чыгарат. Гезит кыргыз жана орус тилинде басылып, элге акысыз таратылат. Анда негизинен Кыргызстандын кабарлары жазылып, Кытайдын жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрү жөнүндө да маалыматтар чыгып турат. Маалыматтар мындан сырткары silunews.kg, ru.siluxgc.com сайттарына, Shelkovui_put телеграм каналына жана басылманын социалдык тармактардагы баракчаларына да жайгаштырылат.
ЕККУнун академиясынын баяндамасында көрсөтүлгөндөй, жогоруда аталган жалпыга маалымдоо каражаттарынын көпчүлүгү Кытайдын пропаганда департаменти менен түздөн-түз байланышы бар жана Кытай өкмөтүнөн каржылык жардам алып турат. Иш жүзүндө алар Ала-Тоодо иш алып барган Кытай компаниялары менен Кыргызстандын жарандарынын ортосунда ортомчу экени да белгиленген.
Кытай маалымат каражаттарында иштеген журналисттер жана алар менен кызматташкан башка медиалардын кабарчылары аталган өлкөгө улам-улам саякатка жөнөтүлүп турат.
“Азаттык” менен менен сүйлөшкөн бул медиалардын биринин мурдагы кабарчысы ал тургай Кытайдагы саясий лагерлерге чейин барып келгенин айтып берди. Шартка байланыштуу анын аты-жөнүн атабайбыз жана үнүн бере албайбыз, бирок сөзүн келтиребиз.
“Кыргызстанда иш алып барган Кытайдын басылмаларынын баарын өздөрү көзөмөлдөп турушат. Биз жасаган материалдардын баарын кытайчага которуп, Кытайдагы чоңдорго жөнөтүшөт. Алар карап, оңдочусун оңдоп, текшерип, чыгарууга уруксат берген соң анан чыгарчубуз. Анан журналисттер Кыргызстандагы алтын казган же башка тармакта иштеген заводдор, компаниялар менен да тыгыз байланышта болуп турушат. Кытайларга байланыштуу эмне окуя болсо да, бүт маалыматтарды топтоп, Бээжинге жөнөтүшөт. Журналисттерди Кытайга саякатка да алып барышат. Мен Шинжаңдагы уйгурларды кармаган лагерлерге чейин барып, көрүп келгем. Анда кыргыздар, уйгурлар отурушканын көргөм. Максаты “бул деген түрмө эмес, жөн гана билим берүүчү окуу жай” дегенди жеткиргиси келген экен. Бирок реалдуулук башкача экенин түшүнгөнбүз. Азыр мен алардын медиасында эмес, башка жеке компанияларында иштеп жатам”, – деп билдирди анонимдүү калгысы келген кыргызстандык журналист.
Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда кыргыз, уйгур, казак жана башка улуттагы жүз миңдеген мусулман "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери айтылып келет. Андай маалыматтар иликтөөлөргө, күбөлөрдүн айтып бергендерине негизделгени менен, Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, андай лагерлерди "кесипке үйрөтүүчү борборлор" деп атайт.
Дүйнөнүн бир катар медиалары, анын ичинде Кыргызстандагы басылмалар деле бул маселени айыптаган маалыматтарды таратып турушат. Бирок ошол эле маалда кыргыз басылмаларынын кээ бирлери бул темага таптакыр кайрылышпайт. Изилдөөчүлөр так ушул нерсени Кытайдын Кыргызстандын ЖМКларына салган “инвестициясынын” жыйынтыгы деп эсептейт.
Изилдөөнүн автору, Кытайдын Борбор Азия менен Ооганстанга таасирине байкоо салган Нива Яу социалдык тармактагы баракчасына “Кытай журналисттери социалдык тармактарда таасир берүүчү (инфлюенсер) катары да колдонуларын” жазган.
“Кытай Чыгыш Түркстандын көз карандысыздыгын колдойт деген коркунучтан улам Кыргызстанды өзүнүн массалык маалымат каражаттарынын таасиринин өзгөчө бутасына айлантты. Кытай жана анын саясаты, ошондой эле Шинжаң тууралуу чагылдырып жаткан кеминде беш журналистке элчилик өзүнүн бекер консультацияларын сунуштаган. "Кытай тарап бул тууралуу жазбагыла деп суранды, алар Шинжаңда эч кандай көйгөй жок деп айтып жатышат", "уйгурлар жөнүндө жазсак, алар менен кеңешүүбүз зарыл дешти” деп биз менен айрым журналисттер бөлүштү”, – деген изилдөөчү Нива Яу.
Ал эми Бээжин менен иштешкен кыргызстандык медиалар, анын ичинен телеканалдар, радиолор, гезиттер же сайттар сайттар ар кайсы темаларга шылтоолоп, Кытай жөнүндө материалдарды чыгарып турушат. Же Кытай тарап даярдаган материалдарды, же өздөрү иштеп чыккан нерселерди. Болбосо жөн гана кайсы бир даталарга, иш-сапарларга шылтоолоп, эксперттердин пикирлерин жарыялашат.
Эксперттер дегенде, алардын тизмеси так эмес. Бирок жок дегенде картинаны үстүртөн көрүш үчүн, айрым медиалардын соңку мезгилде жарыялаган баяндарын карап көрөлү. Айталы, жергиликтүү “Вечерний Бишкек” басылмасы Кытай жөнүндө удаа комментарийлерди жарыялады.
Маданий борборлор, басмакана жана саясат
Маалым болгондой, Кыргызстандагы дээрлик көпчүлүк окуу-жайларда кыргыз-кытай маданий борборлору, же Конфуций борборлору ачылган. Аларда кытай тили окутулуп, түрдүү иш-чаралар уюштурулуп турат. Муну адатта адистер "жумшак күч" (мягкая сила) деп да атап коюшат.
Президент Садыр Жапаровдун быйыл 17-18-майда Кытайдын Сиан шаарындагы иш сапары учурунда Кыргызстан менен Кытай өкмөттөрүнүн ортосундагы “Маданий борборлорду өз ара түзүү жөнүндө макулдашуу” деген жаңы келишимге кол коюлган. Анда Кыргызстанда Кытайдын, Кытайда Кыргызстандын маданий борборлорун ачуу каралган.
18-октябрда бул макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеште кароо учурунда депутаттар Бээжинде ачылып жаткан кыргыз маданий борборун ачууга эмне үчүн жеке жактардын демөөрчүлүк жардамы тартылып жатканына кызыгышкан.
Мыйзам долбоору менен тааныштыруу үчүн барган маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова азыркы учурда маданий борборлор чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык мекемелерде иштеп жатканын, алар Кыргызстандын өнүккөн өлкөлөр арасында кеңири таанылышына өбөлгө түзөрүн айтты:
“Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен каржылык чыгымга алып келбейт. Бээжиндеги кыргыз маданий борборун ишке ашыруу баштапкы этапта демөөрчүлүк каражаттар чегинде жүргүзүлөт. Бишкектеги кытайлык маданий борборду Кытай өкмөтү каржылайт”, – деген Аскарова.
Депутат Мирлан Самыйкожо да бул суроо жоопсуз болуп жатканын белгилеп, маданий алака курууда улуттук кызыкчылыктарды да унутпоо керектигин белгиледи:
“Биз маданий алакабызды Борбор Азиядагы, тектеш тилдеги элдерибизге кеңири жайылтып албайлыбы, ошолор менен кеңири иштешпейлиби биринчи. Мен көп нерсени тереңирээк айткым келбей жатат, сиздер түшүнүп жатасыздар деп ойлойм. Маданият - биздин өзөгүбүз. Биз маданиятыбызды чапырашты кылып алсак, ар кандай нерсеге буруп алсак, чоң маселелер болуп кетет. Биз ушунун баарын кантип карабай коё алабыз? Маданий борборлордун жайларында ар түрдүү билим берүү иш-чараларын өткөрүү аркылуу жиберүүчү тараптын тилин жана маданиятын өнүктүрүүгө көмөктөшүү деп жатат. Кечээ дагы депутаттар мунун мыйзамдуулугу тууралуу суроо берди, ага да жооп бере алган жок. Биздин маданият менен башка чоң элдердин маданиятын салыштырсак, чоң деңизге бир кесе сууну куйгандай болот. Ал эми бир кесе сууну чоң деңиз каптап кеткендей ахвалда калбайбызбы деген ой келет”, – деген эл өкүлү.
Кантсе да, тиешелүү мыйзам 18-октябрда Жогорку Кеңеште дароо үч окууда катары менен кабыл алынган. Президент бул мыйзамга 24-октябрда кол койгон.
Баса, Кыргызстанда Кытайдын ири "Шанс" деп аталган басма үйү да иштей баштаган. Орусия баштаган бир топ өлкөлөрдө да иш алып барган ишкана соңку жылдары китептерин кыргызчага да которуп, аларды Бишкекте атайын дүкөндө сата баштаган. Айталы, акыркы эле күндөрү "Бир алкак – бир жол" деп аталган китеп чыгып, Бишкекте ачылышы өттү. Ушул эле темада фильм да тартылды.
Кытайдын бийлиги жана бул өлкөнүн Кыргызстандагы элчилиги Бээжиндин пропагандасы тууралуу айыптарды комментарийлебейт. Маданий борборлор жөнүндө билдирүүлөр бар.
1-декабрда Ош мамлекеттик университетиндеги Конфуций институтунун 10 жылдык мааракесинде Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн буларга токтолду:
"Элчиликтин жана жеке өзүмдүн атымдан Конфуций институтунун окутуучуларын жана студенттерин маанилүү маараке жана чоң ийгиликтер менен куттуктап кетем. Институт маданий алмашууда жана элдердин ортосундагы достукту бекемдөөдө эффективдүү механизм болуп саналат. Сиздердин институт дүйнөнүн 132 өлкөсүндө уюшулган 300дөн ашуун жайдын мыктысы болуп саналат. Ал Евразиядагы Конфуций институттарынын үлгүлүүсү деген наамды алып жүрөт. Мен биздин элчилик анын ишмердигине мүмкүн болгон жардамдарын берип турат деп ишендирип кетем", – деди элчи айым.
Арийне, Кыргызстанда башка да өлкөлөрдүн маданий борборлору бар, же башка тилдеги китептер деле кыргызчага которулуп турат деңизчи. Бирок Кытай Кыргызстанга коңшу тургандыктан жана ири держава болгондуктан, кыргызстандыктар арасында кытайлыктардын маданий жана башка таасирлеринен кооптонуулар жок эмес.
Ошентсе да, кыргыз бийлиги Кытай менен мамиле кылууда, алар менен карым-катыш жасоодо эч кандай кооптонууга негиз жок экенин айтып келет. Мурдагы бийликтер кытайлык компанияларга байланыштуу нараазылыктар чыккан маалда түшүндүрүү иштерин жүргүзсө, азыркы бийлик Кытайдын айрым жарандарына Кыргызстанга визасыз кирүүгө уруксат берилген соң ушундай позициясын билдирген.
Президент Садыр Жапаров ноябрдын аягында Жапонияга иш-сапарынын алкагында аталган өлкөнүн башкы NHK телерадиоберүү корпорациясынын журналисти Кансей Йокойаманын суроолоруна жооп берип жатып да Кытай маселесине кайрылды. Кабарчы Жапаровго Кытайдын "Бир алкак – бир жол" программасы, Кытай менен Кыргызстандын мамилеси жөнүндө да сураган.
"Кытай менен Кыргызстандын мамилелери жакын. Анткени бизде 1000 чакырымдан ашык чек арабыз бар. Мындан сырткары биз "Бир алкак – бир жол" программасын биринчилерден болуп колдодук. Ал программанын алкагында жасалып жаткан иштер, жолдор биринчи кезекте бизге керек. Себеби Кыргызстан - туюк өлкө, деңизге түз жолу жок. Эгерде Европага же башка өлкөлөргө каттоо керек болсо, темир жолубуз да, авто жолубуз да Казакстан жана Орусия аркылуу гана болот. Мындан сырткары биздин түндүгүбүз менен түштүгүбүздү бириктирген темир жол жок. Азыр биз өз алдыбызча темир жол салып жатабыз. Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу түшсө, ал ошого кошулуп, эки аймакты бириктирген темир жолго ээ болобуз. Анан ошол жол аркылуу биз Перс булуңуна, Каспий деңизине чыгабыз, Кытай менен алып-сатуубуз арбыйт. Ошондуктан биз ушул жолду колдодук. Кытай менен эч кандай талаш-тартыш маселебиз жок. Чек араларыбыз делимитация-демаркация болуп, БУУ аркылуу таанылган”, – деди Садыр Жапаров.
Ырас, узак жылдан бери арасат абалда турган Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу долбоору иштей баштаганы былтыр сентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын лидери Си Цзинпин Самарканд шаарында жолуккан учурда жарыя айтылды. Анда бул долбоорго байланыштуу Кытайдын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын расмийлери үч тараптуу макулдашууга жетишкен.
Бирок маселе каражатка келип такалган. Темир жолду куруу мурда 3-5 млрд доллардын тегерегинде болот деп айтылып келсе, эми так сумма чыгып, долбоор 4 млрд 700 млн долларга бааланып жатканы анык болду. Мунун ичинен Кыргызстандын аймагы аркылуу өтчү темир жолго 1 млрд доллардан ашуун керектелиши мүмкүн.
Бирок иш жүзүндө Кытайдын жардамы менен ишке ашкан ар бир долбоордун каражаты Кыргызстандын мойнуна карыз болуп илине берет. Буга чейин Бишкек жылуулук электр борборун, “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр өткөргүчтөрүн, Бишкек шаарынын жолдорун, түндүк-түштүк облустарын байланыштырган альтернативдүү жол сыяктуу бир катар ири долбоорлорго салынган каражаттын баары Кыргызстандын тышкы карызына кошулган.
Соңку эсеп боюнча Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5,9 млрд долларга жетти. Сумманын 4,4 млрд доллары тышкы карыз болсо, анын 1,7 млрд доллары Кытайга туура келет.