Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:45

Базар митингдери: салыкчылар кармалды, ижара арзандайт


Президент Садыр Жапаровдун "Дордойдогу" соодагерлер менен жолугушуусу. 5-декабрь, 2023-жыл
Президент Садыр Жапаровдун "Дордойдогу" соодагерлер менен жолугушуусу. 5-декабрь, 2023-жыл

Бийликтин катуу сынынан кийин Кыргызстандагы айрым базарлардын ээлери жердин ижара акысын төмөндөтүү жагын караштыра баштады. Ал арада атайын кызмат "Дордойдон" салык чогулткан салыкчылар кармалганын билдирди. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 11-декабрда парламентте өкмөт салык саясатын сөзсүз ишке ашыра турганын айтты.

Министрлер кабинетинин көзөмөл-кассалык машинелерди киргизүү демилгесинен кийин ноябрдын аягында, декабрдын башында бир катар базарларда ишкерлер нааразылык акциясына чыгышкан. Ушундан кийин базардагы мамилелерге байланыштуу өзгөрүүлөр болууда. Ошол эле кезде бийликтин ири базарларга байланыштуу өктөм саясатын жана дооматын сындагандар да бар.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөт жаңы салык саясатын аягына чыгарып, Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ), электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) сөзсүз ишке киргизе турганын билдирди. Бул тууралуу ал 11-декабрда парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтты.

Өкмөт башчы ноябрдын аягы, декабрь айынын башында Бишкекте жана аймактарда ККМге каршы нааразылык акцияларды уюштургандар тууралуу маалыматтар бар экенин, алардын аты-жөнү ачык жарыяланарын кошумчалады.

“Биз 10 айдын ичинде “Дордой” базарынан 38 млн сом алыптырбыз. 2021-жылы патентке 72 млрд сомдун товарын жазып коюшкан. Биз патенттен болгону 1 млрд 802 млн сом чогултабыз деп элдин баарына жаман аттуу болуп атабыз. ККМди Кыргызстан боюнча коюп чыгабыз. Алты ай бою базарларда, соода жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнгө аракет кылабыз. Бирок товарды ким алып келип атат, ал уурдалганбы, бирөөлөрдү коркутуп-үркүтүп алынган товарбы же адал жол менен алынып келгенби биз билишибиз керек”.

Базарларда соода-сатык менен алектенгендер 2024-жылдын 1-январынан тартып ККМди милдеттүү түрдө колдонушу керек болчу. Ишкерлер ККМдин түйшүгү көп экенин билдирип, ага каршы чыгууда. Бийлик бул система кирсе, көмүскө экономиканын үлүшү азая турганын кайталап жатат.

"Дордойдо" салыкчылар кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) салык төлөөдөн качуу фактыларына байланыштуу “Дордой” соода-базар комплексинде салык чогултууга жооптуу болгон беш салык кызматкери кармалганын 11-декабрда маалымдады.

Маалыматта “базардын аймагындагы салыктарды тескөө үчүн жооптуу айрым кызмат адамдары өздөрү баюу максатында ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзүп, коррупциялык схеманы уюштурушканы аныкталганы” жазылган. Тиешелүү кабарда “аталган схема кеминде беш-алты жыл туруктуу иштегени жана Салык кызматынын кызматкерлери ар бир мыйзамсыз аракеттери үчүн акчалай сыйлык алып турганы” да белгиленген.

УКМК билдиргендей, “Дордой” соода-базар комплексинин бир базарынын аймагында 600дөн ашык соода жайлары болсо, салык 400 гана ишкерден түшүп турган.

Кармалган салыкчылардын төртөөнө “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” менен айып тагылган. Алардын дагы бири “Кармоонун негиздери” беренесине ылайык кармалган.

"Дордой" базары деп жалпы аталганы менен комплекстин аймагында ондогон базар бар экени маалым. УКМК кармалган салыкчылар анын кайсынысында иштегенин тактаган жок.

ККМ боюнча тыныгуу, бийликтин базар ээлерине эскертүүсү
please wait

No media source currently available

0:00 1:03:16 0:00

Базарчылар салык саясатын колдоп чыкты

Ал арада бийликтин катуу сынынан кийин базар ээлери ижара акыларын төмөндөтүү жагын карап көрүүдө. Маселен, "Дордой" ассоциациясына кирген базарларда жер тилкелеринин ижара акысы 50-60 пайызга чейин арзандады. Бул тууралуу соода борбордун негиздөөчүсү Аскар Салымбеков 10-декабрда "Азаттыкка" билдирди.

Ал "Дордой" Министрлер кабинетинин салык реформасын колдой турганын айтты.

Жаңы эрежелерге ылайык, базардын дүң соода катарларында ижара акысы эки эсе төмөндөйт, ал эми чекене соода катарларында ижара акысы 30 пайызга азаят.

Ошону менен катар "Дордой" базарын реконструкциялоо, түзүмдү жана байланышты жакшыртуу боюнча иштер башталат. Кошумча тамактануучу жайлар, дааратканалар курулуп, автобустардын жаңы каттамдары уюштурулат. "Дордойдун" аймагындагы "Алкан базары" да салык реформасына байланыштуу жер тилкеси үчүн ижараны 50 арзандата турганын анын жетекчиси Чыңгыз Алканов билдирген.

"Дордой" менен катар акыркы күндөрдө өлкөдөгү бир катар базарлар дагы ижара акыны арзандатууда. "Аламүдүн" базары 30-50 пайызга, "ЗимаЛетто" компаниясы өз базарында 25 пайызга, "Оберон" базары соода орундарын 20 пайызга арзандатканын жарыялашты.

6-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев "базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү" деп билдирген.

Ал УКМКнын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын ачып жатып, комитеттин кызматкерлерине "базар ээлерин көзөмөлдөөнү, алардын ижара акыны көтөрүүсүнө жол бербөөнү" тапшырган.

Ал ири соода-сатык комлпекстеринин ээлерин өлкөдөгү эң бай адамдар катары сыпаттап, Аскар Салымбеков, Мелис Мырзакматов, Чолпон Султанбекова, Турсунтай Салимов, Курманбек Байтереков, Камчыбек Жолдошбаев, Кубатбек Байболов, Элвира Сурабалдиева, Чыңгыз Алкановдун аттарын атаган.

“Керек болсо мамлекеттик чоң кызматтарда иштеген чиновниктердин базарларда контейнерлери бар. Ошолорду алып чыккыла, биз элге көрсөтөлү. Бүгүнкү күндө мамлекет элди кыйнап жаткан жок, ошол базар ээлери элди кыйнап жатат. Ошолор элди алып чыгып, ККМди токтотуп калалы деп жүрүшөт”, -деген Ташиев.

“Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров да “эгер соодагерлердин митинги токтобосо, бийлик базарларга "Кумтөр” сыяктуу эле тышкы башкаруу киргизерин айткан.

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова бул боюнча комментарий берип жатып, мамлекет жана Конституция жеке мүлктү коргоого алышы керектигин, эгер базарларга тышкы башкаруу киргизиле турган болсо ал рейдерлик басып алуу болуп каларын айткан. Дагы бир депутат, "Кудайберген" базарынын ээси Элвира Сурабалдиева бизнеске эркиндик керектигин "Азаттыкка" билдирген. Ал эми ишкер Тилек Токтогазиев бийликтин риторикасы ишкерлерди чочутуп жатканын айткан:

"Бул базар ээлерине гана эмес, жалпы эле бизнес менен алектенген адамдардын баарына катуу сигнал болууда. Мен ишкерлер менен баарлашып, сүйлөшүп жатам. Ишкерлер негизинен коркок болушат, пикирлерин ачык айтышпайт. Ишкерлер абдан коркуп калды. Бирок алар саясатчылардай болуп күрөшпөйт, активисттердей болуп митингге чыгышпайт. “Акча тынчтыкты сүйөт” дегендей, аларды коркутуп-үркүтпөгөн жактарга барып, бизнес кылышат. Мыйзамдар, эрежелер аныкталган коомго, мамлекеттерге кетишет. Азыр эле тигүү тармагы Өзбекстанга кетип жатканын көрүп жатабыз".

Министрлер кабинетинин көзөмөл-кассалык машинелерди киргизүү демилгесинен кийин ноябрдын аягында, декабрдын башында бир катар базарларда ишкерлер нааразычылык акциясына чыгышкан.

29-30-ноябрда Оштогу Кара-Суу жана Бишкектеги “Дордой”, “Мадина”, Орто-Сай базары, 1-декабрда борбордогу “Аламүдүн”, Оштогу, Таластагы, Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы базарлардын сатуучулары митингге чыгышкан. 2-декабрда ушундай эле талап менен Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан “Кудайберген” базарынын соодагерлери иш таштаган.

5-декабрда Ош базарынын аймагындагы “Берекет Гранд” соода борборунун соодагерлери, Нарында базарда иштеген ишкерлер да ККМге каршы акция өткөрүштү.

Бул окуялардан кийин президент Садыр Жапаров 5-декабрда Бишкектин четиндеги “Дордой” базарында иштегендер менен жолугушуп, Кыргызстанда базардагы соодагерлерге июль айына чейин патент менен иштеп турууга уруксат берилгенин айтты.

"Баткен" базарына жеткен текшерүү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаарындагы “Баткен-Комфорт” курулуш материалдары базарында соода жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзбөстөн ижарачылардан мыйзамсыз акча чогултуу, соода жайларын ижарага берүү баасын негизсиз жогорулатуу жана өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталганын 11-декабрда маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул фактылардын негизинде кылмыш иши козголгон. Базарга ээлик кылган “Реконс” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (Т.Б.Б.), башкы директорунун орун басары (Ш.М.А.) жана кассир-бухгалтери (С.О.Н.) кармалды.

Атайын кызмат аларга “ар бир ижарачыдан күзөт кызматына деп алдап, ай сайын 500 сомдон 2000 сомго чейин мыйзамсыз акча чогулкан” деген айып таккан. Чогулган каражат жылына 3 миллион сомдон ашык сомду түзүп келген.

“Ошол эле учурда ижара келишимдеринин шарттарына ылайык, коопсуздук кызматтары ижара төлөмдөрүнүн наркына киргизилген. Бул кылмыштуу аракеттери менен базар жетекчилиги салыктарды төлөөдөн качкан, ошондой эле ижарачылардан өндүрүлгөн каражаттарды мыйзамсыз өздөштүрүп, соодагерлерге жана базардын кызматкерлерине тиешелүү ыңгайлуу шарттарды түзүп берген эмес. Мындан тышкары 2023-жылдын август айында базар жетекчилиги ижара баасын 33% жогорулаткан. Буга кошумча архитектуралык-курулуш нормаларын бузуу жана соода жайларын мыйзамсыз жайгаштыруу фактылары аныкталган”, – деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Кармалган адамдар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

“Реконс” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилиги жана кармалгандардын адвокаттары азырынча УКМКнын айыптоосу жөнүндө комментарий бере элек.

Коопсуздук комитети өз маалыматында “Баткен-Комфорт” базарынын иш жүзүндөгү ээси Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев экенин билдирди.

Шадиевди Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Мыйзамсыз баюу”беренелери менен күнөөлүү деп таап, 2020-жылдын 10-июнунда сыртынан 13 жылга кесип, мүлкүн конфискация кылган. Ал 2018-жылы Баткен аркылуу Тажикстанга, андан ары АКШга чыгып кеткени кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG