Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:48

Тажикстанда электр жарыгын чектөө күчөдү


Куляб облусунда тартылган сүрөт. 7-март, 2024-жыл.
Куляб облусунда тартылган сүрөт. 7-март, 2024-жыл.

Тажикстанда электр энергиясы суткасына сегиз саат берилиши керек деген жадыбалга карабай, күндөп-түндөп өчүрүү күч алды.

“Озоди’’ радиосунун кабарчылары билдиргендей, дем алыш күндөрү Куляб, Хатлон, Согд облустарынын жашоочуларына ток дээрлик берилген жок. Айрым аймактарда бир нече саатка гана берилди.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, мурда алар жарык качан өчүрүлүп-күйгүзүлөрүн билишсе, эми башаламан болуп жатат.

Энергиянын тынымсыз өчүрүлүп жатканына баш калаа Дүйшөмбүнүн жана Рудаки шаарынын жашоочулары да нааразы.

Тажикстанда 2023-жылдын күзүнөн бери электрди чектөө режими киргизилген. Бийлик мунун себебин суу сактагычтарда суунун аздыгын, калктын санынын көбөйүшү менен жүйөлөп келет. Тургундардын көбү электрэнергиянын таңкыстыгын анын коңшу Ооганстанга сатылышынан көрөт.

Кыргызстанда дагы марттын башында эки негизги ГЭСти реконструкциялоого байланыштуу жарык өчүрүлө баштаган. Бул жагдай карапайым калкка түйшүк жаратып, нааразылыктарга себеп болгон.

Энергетика министрлиги 8-марттан баштап жарык өчүрүү токтотулганын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG