Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:41

Минск соту БелаПАН агенттигин жоюуну чечти


Минскидеги БелаПАН маалымат агенттигинин кеңсеси. 7-март, 2018-жыл.
Минскидеги БелаПАН маалымат агенттигинин кеңсеси. 7-март, 2018-жыл.

Беларус баш калаасынын соту көз карандысыз БелаПАН маалымат агенттигин жоюу чечимин чыгарды. Маалыматка ылайык, сот прокуратуранын арызын 11-мартта канааттандырды.

2021-жылы аталган агенттик экстремисттик уюм катары жарыяланган. Төрт журналист былтыр октябрда мамлекеттик чыккынчылыкка, экстремизм жана массалык башаламандыкка айыпталып узак жылдарга эркинен ажыратылды. Алардын баары бул айыптарды четке кагып, саясий куугунтук катары мүнөздөп келишет.

Журналисттерге кылмыш иши 2021-жылы БелаПАНдын баш кеңсесинде жүргүзүлгөн тинтүүдөн кийин козголгон.

Агенттиктин сайттары Беларуста ачылбайт. Аталган медианы Алес Липай 1992-жылы негиздеген.

БелаПАНдын бир нече журналисти 2020-жылы башталган басым-кысымдан кийин өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.

Беларуста журналисттерди куугунтуктоолор 2020-жылкы шайлоодон кийин башталган. Анда 1994-жылдан бери мамлекет башында турган Александр Лукашенко дагы жеңип, добуш берүү жыйынтыгын кабыл алуудан баш тарткандарды күч менен баскан. Нааразылык билдирип чыккан 35 миңдей киши кармалган. Саясий активисттер, оппозиция өкүлдөрү, журналисттер өлкөдөн качууга мажбур болушкан. Батыш Лукашенконун жеңишин тануудан баш тарткан. Бир катар мамлекеттер Беларустагы куугунтуктоолорго байланыштуу санкция салышкан.

69 жаштагы Лукашенко 2025-жылы кийинки президенттик нөөмөт үчүн ат салышарын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG