Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:42

Еврокомиссия Босния жана Герцеговинаны биримдикке кабыл алууну сунуш кылат


Урсула фон дер Ляйен.
Урсула фон дер Ляйен.

Европа Биримдигинин аткаруу органдары мүчө өлкөлөргө Босния жана Герцеговинаны бул уюмга кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону сунуш кылышат. Бул тууралуу 12-мартта Франциянын Страсбург шаарында Европа парламентинде сүйлөп жатып Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен билдирди:

«Албетте, биздин биримдикке кошулуш үчүн чоң прогресс керек. Бирок бул өлкө биздин критерийлерге жана жарандарынын биздин уюмга мүчө болууга карай умтулуусуна жооп бере ала турганын көрсөтө алды».

Комиссиянын сунушу жана баяндамасы 21-21-март күндөрү Брюсселде өтө турган саммитте талкууланат.

Босния жана Герцеговина – Европадагы эң кедей өлкөлөрдүн бири, калкынын жарымын босниялык мусулмандар, үчтөн бирин сербдер, 15% хорваттар түзөт. Өлкө 1992-жылы мурдагы Югославиядан бөлүнүп, өз алдынча эгемендик алган мамлекет. Андан кийин аймакта тутанган согуштун жүрүшүндө мамлекеттин ичинде Серб Республикасы түзүлгөн. Мындан сырткары өлкөнүн Брчко деген округу эл аралык башкарууда турат.

Өлкө Евробиримдикке талапкер макамын 2022-жылдын декабрында алган.

Босния жана Герцеговинадан тышкары азыркы тапта Евробиримдикке талапкер деген макамга сегиз өлкө ээ. Алар – Албания, Грузия, Молдова, Черногория, Түндүк Македония, Сербия, Түркия жана Украина өлкөлөрү.

Токсонунчу жылдардын башында мурдагы Югославиянын курамына кирген өлкөлөрдөгү улут аралык куралдуу жаңжал 100 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен, миллиондогонун үй-жайсыз калтырган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG