Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

Фейктер боюнча иликтөөлөрдө аты аталган УТРКнын журналисти иштен кетти


Усубалы Мамбетов.
Усубалы Мамбетов.

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) Жаңы медиа жана SMM бөлүмүнүн жетекчиси Усубалы Мамбетов 11-мартта өзү жазган арыздын негизинде жумуштан кетти. Бул маалыматты “Азаттыкка” УТРКнын директорунун орун басары Улан Сатиев ырастады.

2023-жылдын июнь айында “Чекит медиа” платформасы иликтөө чыгарып, “УТРК жасаган маалыматтарды социалдык тармактарда жайылтуу үчүн УТРКда 2022-жылы түзүлгөн медиа бөлүм фейк жана троллдордун фабрикасы болуп калганын” жарыялаган. Ал иликтөөдө Усубалы Мамбетовдун аты аталган.

“Чекит медиада” айтылган сөздөрдү ошол кезде президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков жана Улан Сатиев четке каккан.

7-мартта президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы 40тай жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугуп, ЖМКлар менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айткан. Ал жолугушууда Усубалы Мамбетовдун жоопкерчилиги боюнча да маселе көтөрүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG