Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:37

Казакстан: Аялынын өлүмүнө айыпталган экс-министрдин сотун ачык өткөрүү талабы коюлду


Астана. 2024-жылдын 11-марты.
Астана. 2024-жылдын 11-марты.

Казакстанда журналисттер аялынын өлүмүнө айыпталып жаткан мурдагы министрдин сотуна катыштырууну өтүнүп, билдирүү жасашты. 11-марттын кечинде жарыяланган билдирүүдө жараянды чагылдырып жаткан кабарчыларга сот залына кирүүгө укук берилиши керек экени белгиленди.

Бул күнү Астананын район аралык тергөө сотунда Казакстандын мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаевдин иши боюнча алгачкы угуу башталды.

Казакстандын Журналисттер союзунун Астанадагы өкүлчүлүгү тараткан билдирүүдө сотко Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кире албай калганы алардын мыйзамдуу ишмердүүлүгүнө каршы жасалган тоскоолдук экени белгиленди. Журналисттер жараянга сот залынан эмес, башка бөлмөдө отуруп, монитордон көз салууга мажбур болушканы, айыптоо бүтүмү окулуп жаткан учурда байланыш улам үзүлүп, тоскоолдук жаратканы айтылды.

«Бул жараян ачык өтөт деп айтылганы менен журналисттер үчүн чоң кыйынчылыктар жаралууда. Алар сот залынан сүрөт же видео тарта албай, текст жазуу үчүн толук маалымат ала албай жатышат», — деп айтылды билдирүүдө.

Куандык Бишимбаев жарандык никедеги аялы Салтанат Нукенованы өзгөчө мыкаачылык менен кыйнап өлтүргөн деп айыпталууда. Өзү коюлган айыпты четке кагып жатат. Адвокаттары ал кылмышты атайылап жасабаганын айтышты. Окуя былтыр ноябрь айында болгон.

11-марттагы соттук отурумга маркум келиндин жакындары да киргизилген жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG