Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:55

Мамлекеттик ипотекалык компанияда 100 миңге жакын адам кезекте турат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин 11-кичи районунда 9,64 гектар жерге 17 кабаттуу 24 үй салынып, анын ичинен аянты 40 050 чарчы метр болгон 500 батир Мамлекеттик ипотекалык компанияга берилет.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 11-мартта “Дастан сити” деп аталган турак жай комплексин курууга мезгил кутусун салуу иш-чарасында билдирди.

Өкмөт башчынын сөзүнө караганда, долбоорду “Экспо строй” курулуш компаниясы ишке ашырат жана анын акысына Бишкектен эки жер тилкеси берилет.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2023-жылы эле турак жай алуу үчүн 38 миң 209 адам Мамлекеттик ипотекалык компанияга кезекке турган. Электрондук порталга ушул тапта 100 миңге жакын адам (99 миң 931) кезекке жазылган. 2015-жылдан бери мамлекеттик ипотека менен 18 миңден ашык киши үйлүү болду.

Мамлекеттик ипотекалык компания 2015-жылы өкмөттүн демилгеси менен элдин турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG