Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:55

Иранда хижаб маселесинен чыккан чырдын видеосу боюнча бир нече киши кармалды


Окуянын видеосунан алынган сүрөт.
Окуянын видеосунан алынган сүрөт.

Иранда ооруканалардын биринде жылаңбаш жүргөн келинди видеого тартып алган деген дин кызматкери ортосундагы чырдын видеосу интернетке тарап кеткен окуя териштирилип жатканын 12-мартта «Фарда» радиосу билдирди.

Өлкөнүн сот мекемеси бир нече адам кармалганын тастыктап, Кум шаарында болгон бул окуяны өлкө ичине «бүлүк салуу» аракети деп мүнөздөдү.

Калаа прокурорунун орун басары Рухулла Муслимхани төрт киши камакка алынганын, «коом ичинде ажырым жаратууга багытталган атайын аракет» болгонун, иш Чалгын министрлигине өткөрүлуп берилгенин билдирди.

Өкмөткө жакын Tasnim маалымат агенттиги кабарлагандай, кармалгандарга “видеону Iran International каналына Иран коомунун ичине бүлүк салуу максатында жайылткан” деген айып тагылууда.

Бийлик өкүлдөрү видеодогу дин кызматкерин колдогон пикирин билдиришти.

Ооруканалардын бириндеги видеокөзөмөл камерасына тартылып калган тасмадан коридордо кезек күтүп турган адамдарды, арасында жылаңбаш, колуна баласын кармаган аял дин кызматкеринин кийимин кийген киши менен урушуп жатканын, аялды тынчытуу аракетинен майнап чыкпаганын, ал абдан ачууланып, кыйкырып жатканын көрүүгө болот.

Дин кызматкери аялды хижаб кийбегени үчүн чөнтөк телефонуна тартып алганы, чыр ошондон чыкканы кабарланды. Аялдын андан аркы жагдайы белгисиз.

2022-жылы Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгон. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган, жүздөгөн киши кармалып, кеминде 200дөй адам өлүм жазасына тартылган.

Иран өкмөтү, президент Эбрахим Раисинин администрациясынын өкүлдөрү көчөгө жылаңбаш чыккан кыз-келиндерди сүрөт, видеого тартып, жайылткан адамдарды адатта колдоп келишет.

1979-жылы Иранда Ислам революциясы ишке ашкан. 1981-жылы кыздар 9 жашка чыккандан кийин башына жоолук салынып жүрүүгө милдеттүү деген эреже кирген, каршы чыккандар күч менен басылган.

«Ирандагы адам укуктары боюнча борбор» (CHRI) уюмунун маалыматына караганда, 2023-жылы Иранда 700 адам дарга асылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG