Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:59

"Сулуу кыздар сойкулукка сатылган". Үркүндүн айтылбаган тагы


1916-жыл тууралуу "Ажар" спектаклинен бир көрүнүш.
1916-жыл тууралуу "Ажар" спектаклинен бир көрүнүш.

1916-жылы Үркүндө Кытайга жер оодарып кеткен кыргыздардын баскан жолу картага түшүрүлдү.

Изилдөөчүлөр буга чейинки карталарды толуктап, жаңы маалыматтардын негизинде ондон ашык карта түзүшкөн. XX кылымдагы кыргыз тарыхындагы эң трагедиялуу окуяны визуалдаштыруу аракети кандай жүрүүдө? Үркүндүн толук иликтене элек жагы кайсыл?

Чек арадагы кул базар, кулчулукка сатылган кыздардын тагдыры эмне болгон?

“Куугунтук курмандыктары” подкастында тарыхчы, окумуштуу Гүлзада Абдалиева жана картограф Талгат Жумашев менен талкуулайбыз.

- Буга чейин 1916-жылдагы Үркүн окуясы боюнча карталар түзүлгөн, багыттар тууралуу маалыматтар берилген. Сиздер дагы кандай жаңылык киргизе алдыңыздар?

Гүлзада Абдалиева: Он төрттөй карта түзүлдү. Карталарды картограф Талгат мырза менен биргеликте түздүк. 1916-жылдагы көтөрүлүштө элдин канча багыт менен качкандыгын жана Кытайдын кайсы аймактарына барып жайгашкандыгын тактадык. Анткени тарыхта “Кытайга качышты”, “Көтөрүлүштүн акыркы жыйынтыгы менен Кытайга качууга аргасыз болушкан” деп айтып жүрөбүз. Бирок ошол Кытайдын кайсы айылдарына барып жайгашкан?

Мектеп окуучулары, студенттер, окутуучулар - деги эле кызыккан адамдардын баары үчүн бул абдан маанилүү булак болуп эсептелет.

- Cоциалдык баракчаларды көрүп жатасыз, тарыхты визуалдаштырган контентти орус, англис тилинде көп көрөбүз. Бирок кыргызчасы сейрек. Талгат мырза, бул картаны чийгенге чейин 1916-жылдагы көтөрүлүш темасында кызыкчу белеңиз?

Талгат Жумашев: Ооба. Биринчиден, өзүмдүн атам тарыхчы. Кичинекей кезимден бери илимий чөйрөдө өстүм десем болот. Тарыхка, Кыргызстан тарыхына, деги эле Борбор Азия тарыхына кызыгып жүргөм. Кийин “Эсимде” изилдөө аянтчасы менен көп иш-чараларга катыштым. Алардын колдоосу менен бир нече изилдөөнү жүгүзгөм. Ортодон картографиялык усулдарды өздөштүрүп алдым. “Картографиянын күчүн Кыргызстан тарыхын иликтөөгө, деги эле илимдерге кантип колдонсо болот?” деп кызыгып жүрдүм. Анан Гүлзада эже менен таанышып, 1916-жылкы Чоң Үркүн гана эмес, Кичи, Орто Үркүндөр бар экенин билдик. Ошентип, “картасын түзөлү” деген ой келди. Чынында биз үчүн визуалдуу элестетүү кыйын. Биз үчүн баары “Кытай тарапта. Текес каякта, Ак-Суу, Кашкар, Кулжа каякта жайгашканын билбей келдик эле”.

- Маселен, “Беделди картадан таап бер” десе, табуу кыйын да...

Талгат Жумашев: Ооба. Бедел - бул биз мектептен угуп жүргөн ашуу. Ал эми Гүлзада эже берген адабиятта дагы башка ашуулар айтылат. Аларды табуу чынында эле кыйын болду. Негизи үч багыт айтылып келет. Бирок эл кайсы багыт менен качкан? Даана так маршрутун түзүү бир четинен кызыктуу, экинчи четинен кыйын болду. Анткени кээ бир географиялык аталыштарды табуу оор болду.

Гүлзада Абдалиева жана Талгат Жумашев түзгөн карта
Гүлзада Абдалиева жана Талгат Жумашев түзгөн карта

- Кара түзгөндө Google Earth дагы жардам берсе керек?

Талгат Жумашев: Ооба, Google санарип карталарынын кереги тийди. Бирок аны менен гана чектелип калбай, атайын геоинформатикалык системаларды, дагы башка инструменттерди колдондук.

- Кытайга качкан негизи үч багыт болгонун айтып жүрөбүз ээ?

Гүлзада Абдалиева: Ооба. Талгат мырза абдан жакшы белгилеп кетти. Мисалы, биз ошол багыттарды кантип белгиледик? Биринчиден, архивдик маалыматтар боюнча. Экинчиден, 2015-жылы Кытай жергесинде Үркүндөн кийин калып калган кыргыздар боюнча атайын экспедиция жүргүзгөнбүз. Картага түшүрүү абдан кыйын болду. Анткени архивдеги айрым аталыштар өзгөрүлүп кеткен экен. Ошого карабастан тактап алдык. Мисалы, архивдик булактарда абдан жакшы белгиленген.

Гүлзада Абдалиева жана Талгат Жумашев түзгөн карта
Гүлзада Абдалиева жана Талгат Жумашев түзгөн карта

Оозеки маалыматтарда да эл негизинен үч багыт менен качканы айтылат. Массалык түрдө качышкан биринчи багыт - Бедел ашуусу. Анткени жеке эле көл аймагы эмес, Кемин, Чүй аймагынан да качкандар мына ушул Бедел ашуусу аркылуу өтүшкөн. Шабдандын уулу Мөкүш көтөрүлүштүн жетекчиси болгонун билебиз. Алар дагы ушул Бедел ашуусу менен качышкан. Эмне үчүн ушул багытты тандап алышкан? Анткени бул тарапта Орусия империясынын гарнизону жок болгон.

Ал эми экинчи багыт Музарт суусу аркылуу өткөн. Адабий чыгармаларда дагы көп жолуктурабыз. Бул жерде дагы абдан көп адам набыт болгон экен. Музарт суусу аркылуу качкандар Текеске барып түшүшкөн. Беделди ашкандар болсо Ак-Суу жана Үч-Турпанга барышкан.

- Географиялык жактан белгилей кетсеңиз, Музарт суусу кайсы чөлкөмдө?

Гүлзада Абдалиева: Каркыра жайлоосу аркылуу качкандар Музартка барышкан. Ал эми үчүнчү багыт Торугарт чек арасы эмес, Баш-Келтебек, Орто-Келтебек, Кичи-Келтебек деген тарап аркылуу качышкан. Беделге салыштырмалуу бул багыт менен эл аз качкан. Анткени бул жерде бекем гарнизондун болгону бизге белгилүү. Беделде массалык кыргын болгонун билебиз. Ошол жерде Кыргызстандын аймагында сөөктөрдү жыйноо иши уюштурулбадыбы. Ошондой эле массалык кыргын Текес ооданына (8:26) Сайкал деген ашуу аркылуу өтүшкөн экен.

Гүлзада Абдалиева жана Талгат Жумашев түзгөн карта
Гүлзада Абдалиева жана Талгат Жумашев түзгөн карта

Бүгүнкү күндө бул ашуу “Кыргыз ашуусу” деп аталып калган. Мурда казакча Сайкал ашуусу дешчү экен. 1916-жылдагы көтөрүлүштө ал жерде дагы кыргын болгон. Кытай тарапта дагы шагыраган сөөктөр, боз үйдүн ууктары, түндүктүн калдыктары... Көмгөнгө эч кандай мүмкүнчүлүк болбогондуктан, адамдардын беттерин карагай менен жаап кетишкен.

- Талгат мырза, жөө-жалаңдап качкан жол канча чакырым экен?

Талгат Жумашев: Азыркы заманбап, санарип карталардын жардамы менен аралыкты аныктоо мүмкүн болду. Алыстыгын эле эмес, жердин географиялык ландшафтын да көрүү мүмкүн болду. Мисалы, чыгышты көздөй Текес, Нылкы, Кулжа тарапка качкандардын баскан жолун алалы. Азыркы Чолпон-Атадан баштап Нылкыга чейин бүтүрсөк, орто эсеп менен 550 километр болот. Бедел ашуусу аркылуу, Кант, Токмоктон качкандар Ак-Суудагы Бай деген айылга чейин 800 чакырымдай жол баскан. Нарындан Кызыл-Суу, Маралга чейин качты деп эсептесек, 650 чакырымдан ашуун аралык болот. Август айында тоолорго кар жаап, суу тоңуп калат. Ашууларга белден кар жаап салат. Картаны карап отуруп эле элестетип көргөндө, үрөйүң учат.

- Августтун этегинде, күзгө таяп калган учур болуп жатат да...

Талгат Жумашев: Кичинекей балдары менен аялдар, карысы, жашы дебей баары ошондой жолду өтүп баратканын элестетсек, кандай азап чеккендерин элестете алабыз.

- Демек, бул карталар жөн эле маршруттарды эмес, ошол трагедиянын масштабын дагы көрсөтөт турбайбы...

Талгат Жумашев: Ооба, туура айтасыз.

- Гүлзада эже, көркөм чыгармалардан “кыздарын бир табак талканга саткан” деген сыяктуу окуяларды көп окуп калдык. Ошол кыздардын тагдыры эмне болду? Кийин канчасы кайра кайтып келгени, жолдо канча киши кырылганы тууралуу даректүү изилдөөлөр барбы?

Гүлзада Абдалиева: “Эсимде” изилдөө аянтчасы менен ушул кыз-келиндердин тагдыры тууралуу изилдөө жүргүзүп, макала жаздым. Бул маселени көтөрүү мен үчүн дагы абдан оор. Архивдик булактарда дагы кездешет. Мисалы, ошол кезде Кытайда Стефанович деген драгоман (тилмеч, катчы) болгон. Стефановичтин маалыматы боюнча дагы кыздардын сойкуканаларга, ири шаарларга сатылганы жазылган. Архивдик маалыматтарды дагы бар. Талгат мырза дагы айтып өткөндөй, Марал-Башын белгилегенбиз. Анткени ал жерде кул базар болгон.

Гүлзада Абдалиева жана Талгат Жумашев түзгөн карта
Гүлзада Абдалиева жана Талгат Жумашев түзгөн карта

- Кадимкидей эле, ачык эле иштеген ээ?

Гүлзада Абдалиева: Ооба, ачык эле иштеген. Кичинекей кыздарды, өспүрүм кыздарды, кыз-келиндерди, эркек балдарды дагы сатышкан. Бул кыргыз элинин өтө оор трагедиясы. Марал-Башыдан сатылган кыздар андан ары чоң-чоң шаарлардагы сойкуканаларга чейин кеткен. Биз экспедицияда жүрүп, Кулжада бир ак сакалга жолуктук. Өзү Ысык-Көл тараптан барып, ошол Кулжада туруп калган экен. Ал 1950-жылдан баштап уйгурларга, дунгандарга сатылган кыздар боюнча изилдөөлөрдү чогулткан экен. Ал кыздар өздөрү Кыргызстандын ар кайсы жеринен болсо дагы, “биз маралбашылыкпыз, анткени ошол жерден биз үй-бүлөбуздөн ажырганбыз” дешчү экен. Ошол кыздар кийин өздөрүнчө чогулуп, Марал-Башыга келип, атайын кой союп, куран окутуп турушчу экен. Демек, алар ошол жерди үй-бүлөсүнөн, ата мекенинен ажырган жер катары билишкен. Кийин алар үй-бүлө күтүшсө дагы Марал-Башыны унутушкан эмес. Архивдик булактардан карасак, абдан көп эскерүүлөр бар.

Гарнизондон өткөндө, Орусия империясынын аскерлери кубалап кырса, Кытай тарапка өткөндө андан дагы кыйын болгон. Ал жерден дагы сулуу-сулуу кыздарды алып калышкан. Айласы кеткенде, тердикке, жүккө катып өтүшкөн. Сулуу кызды алып калат деп, бетине ылай сыйпап коюшкан экен. Баарынан жаш өспүрүмдөр, секелек кыздар абдан оор тагдырга туш болушкан. Архивдик жана оозеки маалыматтарда кыздарды гана эмес, уулдарды дагы саткан учурлар кездешет. Биз чогулткан маалымат боюнча кыздар көбүрөөк сатылгандыгы маалым болду.

- Бир караганда бул окуяларды ийне-жибине чейин изилдеп салгандай туюлат. Бирок баары бир бул трагедиянын изилденбеген жактары дагы көп турбайбы?

Гүлзада Абдалиева: Албетте. Ошол сатылган кыздарга, балдарга башкача ат беришкен. Мисалы, дунган үй-бүлөгө сатылса, анда дунганча ат берилген. Уйгур улутундагыларга сатылса, уйгурча ат берилген.

“Менин атым баланча эле” деп, ошол атын кийин эстеп калгандар жөнүндө маалыматты Кулжадагы аксакал чогулткан экен.

Подкастты бул жерден угуңуз:

- Талгат мырза, августтун этегинде жердин шарты катаалдыгын айтып кеттиңиз. Сиздер түзгөн картада ашуулардын бийиктиги, рельеф - баары көрсөтүлөбү?

Талгат Жумашев: Ооба. Графикалык түрдө түздүк жерлер жашыл, ал эми бийик чокулуу жерлер күрөң түс менен белгиленди. Андан тышкары карталардын кээ бирлеринде жолдогу эң бийик чокулар деңиз деңгээлинен 4000-5000 метр бийик деп көрсөтүлгөн. Дарыяларды көрсөткөн жокпуз. Бирок белгилеп коюуга техникалык мүмкүнчүлүк бар. Багыттар - туура, ал эми маршруттарды ийне-жибине чейин анык айтуу мүмкүн эмес. Мисалы, тоонун кыры эмес, кокту-колоттор аркылуу ашып өткөн оңоюраак. Азыркы карталар менен кандайынан өтсө болорун билүү үчүн ошол коктуларды чоңойтуп көрсө болот. Бирок ортодо чоң суу бар. Анан бир жээги келип аскага такалат. Аркы жээгине кантип өткөндүгү мен үчүн табышмак. Ошондуктан көпчүлүк маршруттар 100% так деп айта албайм. Бул болжолдуу маршруттар. Ал эми коктуларда, мисалы, Беделде, тик ашуудан, агыны катуу суулардан өтүү керек. Аны картадан карап отуруп, коркосуң. Адамдар малы менен кантип өткөндүгү мен үчүн таң калычтуу. Аябай эле кыйналышса керек. Башкача айтканда, дагы изилдей турган жагдайлар абдан көп.

Гүлзада Абдалиева жана Талгат Жумашев түзгөн карта
Гүлзада Абдалиева жана Талгат Жумашев түзгөн карта

- Үркүн - кыргыздын эс тутумунда калган эң чоң трагедия. Анын баянын дагы кантип визуалдаштырса болот?

Талгат Жумашев: Мисалы, Google Visual Studio аттуу тиркеме бар. Ал жердин ландшафтын 3D өлчөмүндө көрсөтөт. Камера менен бара жаткандай, капталдагы тоолорду, бийиктиктерди, чуңкурларды 360 градуста жылдырып көрсө болот. Биз даярдаган карталарды санарип жүктөп алууга азырынча мүмкүнчүлүгү жок. Сиз орчундуу маселе көтөрүп жатасыз. Балким, муну ачык платформага жайгаштыруу керек. Биздин маршруттарды Google картанын Visual Studio тиркемесине жүктөп алып, маршрутту бойлой тоолорду аралап көрсө болот.

- 1916-жылы кеткендер кайра кантип келишкен? Канча киши калып калган?

Гүлзада Абдалиева: Бул боюнча дагы абдан көп изилдөөлөрдү жүргүздүк. Анткени демографиялык изилдөөлөрдө аныкталгандай, элдин кайра кайтуусу өтө оор болгон. Эки гана багыт менен кайтып келишкен. Мисалы, Бедел аркылуу кайра келишкен эмес. Үч-Келтебек, Торугарт аркылуу келишкен. Империя кулагандыктан, Музарт суусу эмес, башка жол менен келишкен. Канча киши кайткандыгы, канчасы калганы, жолдо канча адам өлгөндүгү боюнча изилдөөгө 1917-жылы Кытайга атайын экспедиция жиберилген. Совет мезгилинде кайра кайтып келгендер, кошулгандар - келечекте изилдене турган темалардын бири. Бул демографиядагы оор маселе экен.

Гүлзада Абдалиева жана Талгат Жумашев түзгөн карта
Гүлзада Абдалиева жана Талгат Жумашев түзгөн карта

- Ошол комиссиянын корутундусу барбы? Анда эмне деп көрсөтүлөт?

Гүлзада Абдалиева: Ооба. Бирок ал жерде бүгүнкү күндө талаш-тартыш жараткан маселелер бар. Биз 125 миң киши набыт болгондугун демографиялык изилдөөлөрдө аныктадык. Комиссиянын корутундулары бар. Ошол маселелерди визуалдаштырып, мамыча түрүндө берүү - мезгилдин талабы.

Талгат Жумашев: Материал болсо, аны географиялык түрдө визуалдаштыруу мүмкүн. Бирок ошол маалыматтардын ишеничтүүлүгү - өзүнчө суроо.

- Эл кайтып келгендеги жолдун картасы барбы?

Талгат Жумашев: Жок, бизге 1916-жылы Кытайды көздөй качкандардын багыттары белгилүү. Бул картаны бир биринчи түзүп жатабыз дегенибиз туура эмес болуп калат. Анткени 1916-жыл боюнча Совет доорундагы карталар бар. 2016-жылы дагы изилдөөлөр жүргүзүлгөн, маршрутту түзүү аракеттери болгон. Жүз жылдыгында да чоң конференция болгон. Мен тааныган антропологдор уюштурган. Анда дагы кандайдыр бир деталдар кошулган.

- Сиздер толуктоо киргиздиңиздер да.

Талгат Жумашев: Ооба. Биз нөлдөн жасаган жокпуз, буга чейинки иштерди уланттык.

Гүлзада Абдалиева: 2016-жылы 1916-жылдагы көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу “Айгине” изилдөө борбору атайын жети карта түзүп чыккан. Мына ошол жети картада Кытайга эл кандай багыт менен качкандыгы, жазалоочу отрядда канча солдат болгону белгиленген. Кийинки түзүлгөн карталарда үч багыт менен барышкандыгы гана аныкталган. Бирок кайсыл аймактарга баргандыгы так эмес айтылып жүрөт. Ошондуктан биз Талгат мырза менен ушул жагын тактоого аракеттендик.

- Сиз өзүңүз дагы Кытайга барып келгенсиз ээ?

Гүлзада Абдалиева: Албетте. Биз атайын экспедиция жүргүзгөнбүз.

- Өткөн подкастты Төрөкул Жанузаков тууралуу жасаганбыз. Ал киши 1919-жылы Кытайдан кайтып келген кыргыздарды тосуп алуу комиссиясынын төрагасы болуптур. Аларды бул жактан кантип тосуп алышкан? Атайын лагерлерди уюштурушканбы? Алар келгенде абал кандай эле?

Гүлзада Абдалиева: Бул боюнча дагы абдан көп архивдик маалыматтар бар. Кыргызстандын аймагында 24төн ашуун тамак берүү жайы ачылган. Аларды кийим-кечек, бут кийим менен дагы камсыздашкан. Мисалы, Өзбекстан көптөгөн кездемелерди жөнөткөн. Ашууларды ашып, болгон мал-мүлкүнөн ажырап, жалданып иштеп калган жумушчуларды жайгаштыруу өтө оор болгон. Андан сырткары ири шаарлардан догдурлар медициналык кызмат көрсөткөндүгү айтылат. Алардын ден соолугу толугу менен текшерилген. Архивдик маалыматтарда бир кишиге канча грамм эт, калориясы кандай тамак берилиши керек экендиги дагы жазылыптыр. Демек, окумуштуулар дагы келип, адамдардын ден соолугун текшерген. Бул иш 1934-жылга чейин уланган. Айрыкча 1934-жылы атайын Москвадан профессорлор келип, Кытайдан кайткандарды текшерип, атайын тамак-аштын рационун аныктап берген. 1917-1924-жылга чейин тамак-аш менен камсыздоо пункттары иштеген. Аларды туулуп-өскөн аймагына чейин жеткирүүгө жардам беришкен.

- Боору бүтүн калган айыл-апа болгонбу? Же бардыгы жапырт качышканбы?

Гүлзада Абдалиева: Албетте, бул боюнча дагы изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат. Мисалы, Талас аймагын биз билебиз...

- Ал аймактар белгилүү. Жети-Сууга караган, Чүйдүн өзүндө, көлдө качпай калгандар болгонбу?

Гүлзада Абдалиева: Статистикалык маалыматтарды карасак, буга чейин эле, мисалы, Убактылуу өкмөттүн абдан көп иштерди жүргүзгөндүгүн көрөбүз. Статистикасы да бар. Мисалы, Тынышбаев атайын ар бир айылга экспедиция жүргүзгөн. Ошол жерден эле канча киши качкандыгын, канчасы качпай калгандыгын көрсө болот. Андан кийин Чеканинский деген окумуштуу изилдөө жүргүзүп, тизмектеп жазган. Анын тизмегинде Чүйдүн, Ысык-Көлдүн кайсы айылынан канча адам качканы, канчасы калганы, канча адам набыт болгондугу тууралуу маалыматтар бар. Архивдик материалдардын негизинде жазылган атайын эмгектер бар.

- Талгат мырза, кийинки жаш муун интернеттен визуалдуу көргүсү келет экен. Сиз кандай ойлосуз, биздин тарыхчылар ушуга кызыгабы? Визуалдаштырсак, буга канча каражат керектелет? Графикалык дизайн менен иштеген IT адистеринин эмгеги канча турат?

Талгат Жумашев: Өзүм тарыхка кызыгып, картографияны билгендигим үчүн бул тууралуу маалымат бере алам. Бир гана академиялык окумуштуулар эмес, жөнөкөй адамдар да кызыкса, материал болсо, бош убактысында эрмектеп, картасын түзсө болот. Жаштар видеомонтаж, дагы башка инструменттерди өздөштүрүп алса, визуалдаштырса болот. Буга өтө деле чоң акча талап кылынбайт. Мамлекет да эми көңүл бөлөт деп үмүттөнөбүз. Академиялык чөйрөгө дагы ушул багытта кандайдыр бир каржы булагын ачып берсе, абдан жакшы болот эле.

- Балким, натыйжасы көп болот беле деп сураганым да. Тарыхты акырындап интернет айдыңына көчүрүп өтсөк...

Талгат Жумашев: Илим дагы демократиялашып, элге жеткиликтүү болушу, азыркы муундун тилинде сүйлөшү керек. Эгерде азыркы муун визуалдык материал аркылуу билим алса, эң жакшы болот эле.

Архив сүрөт. Үркүндө жетим калган кыргыз балдары. Жетим балдар үйү (Пишпек же Токмок), 1921-жыл.
Архив сүрөт. Үркүндө жетим калган кыргыз балдары. Жетим балдар үйү (Пишпек же Токмок), 1921-жыл.

- Экөөңүздөр тең көрсөңүздөр керек, социалдык медиада ушул сүрөт тарап жүрдү. Бул “20-жылы Токмокто тартылган сүрөт. 1916-жылы Үркүндө жетим калган балдар” деп турат. Көптөн бери ойлонуп жүргөм. Сизге жолдогонго бүгүн удулу келди. Жетим балдардын тагдырына кызыкан изилдөөлөр болдубу? Аларды Совет өкмөтү бактыбы? Кытайда да жетим калып калгандар болушу мүмкүн да.

Гүлзада Абдалиева: Бул дагы абдан оор маселе. Менимче, бул боюнча али изилдөөлөр жүргузүлө элек. Бирок ошол улуу инсандарды алып карай турган болсок, мисалы, Тазабек Саманчин Үркүндө жетим калып, сүт сатып жүргөндүгү да айтылат. Мындай инсандар абдан көп. Ошол эле Жусуп Абдырахманов менен Кусейин Карасаевдин эскерүүлөрүндө Кытай тарапта калган балдар жөнүндө, Кыргызстандагы балдар тууралуу дагы абдан көп айтылат. Мүмкүн, келечекте ушундай изилдөөлөр жүргүзүлсө абдан көп маалыматтар чыгат.

- “Үркүндүн балдары” деген бир изилдөө керек окшойт.

Гүлзада Абдалиева: Албетте. Жаштар ушул теманы алып, мындан ары улантабы деген ой пайда болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG