Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

НКВД абагындагы кыйноо. Сөөгү жашыруун көмүлгөн Орозбеков


Абдыкадыр Орозбеков.
Абдыкадыр Орозбеков.

Мамлекеттик ишмер Абдыкадыр Орозбековдун урпактары жазыксыз репрессияланган атасынын сөөгү кайда көмүлгөнүн табууга жардам сурап өлкө жетекчилигине кайрылууну көздөп турат. Сталиндик кандуу репрессиянын курмандыгы болуп, кайда көмүлгөнү белгисиз калган миңдеген кишилердин арасында Орозбековдун да ысымы бар. Анын кантип жазага тартылганы, сөөгү кайда көмүлгөнү тууралуу имиштерден башка далилдүү фактылар жокко эсе.

“Куугунтук курмандыктары” подкастында тарых илимдеринин доктору, профессор Байболот Абытов жана Орозбековдун небереси Жылдызкан Орозбекова менен ушул тууралуу талкуулайбыз.

Жылдызкан Орозбекова Абдыкадыр Орозбековдун түз урпагы – тун уулу Өзгөрүштүн кызы.

Жылдызкан Орозбекова
Жылдызкан Орозбекова

Жылдызкан Орозбекова: Чоң атам Абдыкадыр Орозбековдун биринчи аялы Акунова Абакандан бир уул, бир кызы болгон – Эркингүл, Өзгөрүш. Эркингүл эжебиздин баласы жок. Биз Өзгөрүштөн эки кызбыз - Жылдызкан, Айгүл. Экинчи аялы Адалат эжеден Кемел деген акебиз болгон. Ошентип чоң атабыздан бир кыз, эки уул калган.

- Сиздердин туугандар чоң атаңыздын кайда көмүлгөнүн тактоого жардам сурап өлкө бийлигине кайрылганы жаткан турбайсыздарбы?

Жылдызкан Орозбекова: Биз ошондой кайрылуу катты УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин атына жолдогону жатабыз. Кыргызстандын мамлекет болуп түптөлүшүнө зор салым кошкон инсандын сөөгүн табыш керек деп эсептейм. Өлкө жетекчилери, президентибиз жардам берсе, чоң атабыздын сөөгү табылып калса жакшы болот эле.

- Чоң атаңыз тууралуу үй-бүлөсү, жакындарында кандай маалыматтар бар. Кантип кармалган, кайсыл жерден камакка алынганы тууралуу атаңыз сөз кылчу беле.

Жылдызкан Орозбекова: 1937-жылы жайында гезиттерге “Абдыкадыр Орозбеков совет бийлигине каршы иштеп жатыптыр” деген маалыматтар чыгыптыр. Ушул эле жылы 20-сентябрда ал ишине кетип баратып атам Өзгөрүштү бекем кучактап эки бетинен өөп, “ мен НКВДга барып, совет бийлигине каршы эмес экенимди, ак экенимди далилдейм” деп чыгып кетет. Чоң атам ошол кезде Фрунзедеги (азыркы Бишкек) шаарындагы азыркы Тарых музейинин ордунда жайгашкан Карл Маркс көчөсүндөгү 57-үйдө жашаган.

НКВДнын имараты болсо ошол үйдүн маңдайында болгон (азыр “Раритет” китеп дүкөнү жайгашкан имарат). Анда НКВДнын камералары болгон экен. Ошол кеткен боюнча үйүнө кайра кайтып келген эмес.

Абдыкадыр Орозбеков иш бөлмөсүндө. Архив сүрөт.
Абдыкадыр Орозбеков иш бөлмөсүндө. Архив сүрөт.

Тергөөчүлөр 1937-жылы 23-сентябрда үйүндө тинтүү өткөрүп, буюм-тайымдардын баарын чачып, эжебиз менен атамдын (анда окуучу балдар экен) окуу куралдарынан бери чачышыптыр. Совет бийлигине каршы документтерди издешкен дешет. Чоң атам менен карым-катнашта болгондор, бирге иштеген, чогуу жүргөндөр, Кадамжайдын Охна айылынын аксакалдарынан бери камашкан. Кичине гана байланышы болсо, үйгө келип кеткендер болсо ошолордун баарын камашкан. Чогуу жашаган тууганы жумуштан келе жатса ошол жерди кайтарып турган аскерлердин бири ымдап, “кирбе” деген белги берген экен, ошону менен ал камалбай аман калыптыр. Тинтүү жүрүп жаткан күнү үйгө ким келген болсо, ошонун баары камалышкан.

- Абдыкадыр Орозбеков жазыксыз репрессияланган учурунда 48 жашта гана болуптур. Тарыхтан кабары бар кишилер эле маани бербесе, көпчүлүк негедир ошол маалда ал кишини “аксакал”, жашы алтымыштан ашкан улуу кишидей элестетип жүрөт. Көрсө, аны ошол кезде эл арасында, саясий чөйрөдө “аксакал” деп аташыптыр. Кыргыз мамлекеттүлүгүн кайра калыбына келтирүүдө - 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунда аткаруу комитетине төрага, 1936-жылы союздук республика болуп кайрадан түзүлгөндө Кыргыз ССРинин Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болуп жатпайбы. Байболот агай, мындай чоң кызматка ал кантип келген, саясий жолу кандай болгон?

Байболот Абытов
Байболот Абытов

Байболот Абытов: Ал кантип жогорку кызматка келип калды деген суроо чын эле көпчүлүктү кызыктырат. Биринчиден, ал катардагы кызматтарда жүрүп эле Облаткамго төрага болуп калган жери жок. Өзү жаштайынан (тогуз жашында атасынан жетим калган) турмуштун запкысын көп көргөн. Тиричиликтин артынан Ферганага барып, Маргалан, Андижанда ар түрдүү бай-манаптардын малын багып, кийинчерээк, 1915-жылдан баштап токоч жапкан ишке орношот. Ошол жерде ал чебер деңгээлге чейин жетет жана булочниктердин кесиптик кошуундарына мүчө болот. Алар аркылуу большевиктер менен байланыша баштайт. 1918-жылга чейин такшалып эле калган инсан болгон. Ал 1918-жылдан баштап Чимёндогу жергиликтүү аткаруу комитетинин төрагасы, революциялык комитеттин төрагасы, андан кийин Араван райондук аткаруу комитетинин төрагасы, ал эми 1923-жылдан тартып Маргаланда райондук аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген. Андан соң Ош облустук округда жер маселеси боюнча бөлүмдүн башчысы болуп турган. 1925-жылы Кыргыз обкомдун Ош облустук округдук комитетинин катчысы болуп дайындалган. 1925-жылы облустук аткаруу комитетинин биринчи курултайы болгон кезде ошого делегат болуп катышып, ошол жерде ар түрдүү саясий оюндардын натыйжасында облустук аткаруу комитетине кызматка барган.

Подкастты бул жерден угуңуз:

Айрымдар билип-билбей эле "Каменский (ред: 1924-жылы Кара Кыргыз автоном облусу түзүлгөндө РКП(б) Кыргыз обкомунун партиялык бюросунун 1-катчылыгына Михаил Каменский дайындалган) өзүнө ылайыктуу кишини табыш үчүн билими жок, партиялык иште, мамлекеттик кызматта тажрыйбасы жок Абдыкадыр Орозбековду алып барган" деп жүрүшөт. Бул анча так эмес. Анткени 1922-жылы кыргыз элитасынын ичинде кыргыз мамлекетинин келечеги тууралуу эки кайчылаш пикир айтылып, жааташкан эки саясий топ болгон. Биринчи топтун башында кыргыз тектүү казак Рахманкул Кудайкулов (Бабахановдор баш болуп) турса, экинчиси Абдыкерим Сыдыков башында турган кыргыз интеллигенциясы эле. Маселенин чоо-жайы мындай. 1922-жылы Рахманкул Кудайкулов "кыргыз менен казактын (Казакстан 1918-24-жылдары Кыргыз АССР деп аталган) маданияты, салт-санаасы, үрп-адаты окшош, экөөнү кошолу" деген маселе көтөргөн. Башкача айтканда, кыргыздарды казактардын курамына бириктирүү мүдөөсүн көздөп калган. Ошол кошула турган кыргыздардын аймагына өзү партиялык жетекчи болууга умтулган. Ал эми эгерде кыргыздар казактардын курамына кошулуп калса, ошол кезде кыргыздардай эле артта калган казактар менен эч кандай өнүгүүгө жетише албастыгына көзү жеткен Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков, Касым Тыныстанов, Ишенаалы Арабаев ж.б. кыргыз элитасы кыргыздардын өз алдынча мамлекеттүүлүгү автономиялуу облус таризинде Орусия Федерациясынын курамында болушун сунуш кылган. Ага чейин, 1922-жылы Түркистан АССРинин курамында Кыргыз Тоолуу Автономиялуу облусун түзүү тууралуу идея пайда болгон. Мына ошол себептүү эки саясий топ абдан катуу тирешкен.

1924-жылы 14-октябрда Кара Кыргыз Тоолуу автономиялуу облусу уюшулуп, аны тескей турган убактылуу бийлик - революциялык комитет түзүлгөн. Революциялык комитеттин башында Иманалы Айдарбеков турган. Иманалы Айдарбеков жетектеген ошол ревкомдун биринчи уюштуруу курултайында сыдыковчулар менен кудайкуловчулардын ортосунда абдан катуу күрөш жүрүп, алар аны абдан сындап, жаатташуу күчөгөн. Москвадан келген Каменский биринчи катчы катары эки жакка тең тиешеси жок, өзүнө ийкемдүү кишини издеген деген божомолдордун да чындыкка жакын жагы бар. Себеби кудайкуловчуларга дагы, сыдыковчуларга дагы тартпаган адам ага керек болгон. Аталган курултайга делегат болуп барган Ош округдук комитеттин катчысы Абдыкадыр Орозбеков ошондой адам болуп чыгат. Ошентип, билими жок, мамлекеттик, партиялык түзүлүштө тажрыйбасы жок деген пикирлерге карабастан, Абдыкадыр Орозбеков 1925-жылы Кыргыз аткаруу комитетине төрага болуп калган. Анын аталган жогорку кызматка келишине ошол кездеги кыргыздын саясий элитасынын үч тобунун күрөшү түздөн-түз себеп болгон. Биринчиси, Кыргыз автономиялуу облусу өзүнчө Орусиянын курамында болушун каалаган Абдыкерим Сыдыковдун тобу, экинчиси, кыргыздарды казактарга кошууну каалаган Кудайкуловдун тобу, үчүнчүсү – Москвадан келген Каменский жетектеген партиялык жетекчилер. Булар эки жакка тең оодурбай, Москванын саясатын жүргүзүүгө аракет кылган. Мунун натыйжасында, Абдыкадыр Орозбеков 1925-жылы март айында облустук аткаруу комитетинин төрагасы болуп дайындалат. Бул ошол кездеги мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөчү негизги мамлекеттик орган болуп эсептелген. Албетте, ал кезде мамлекетти башкаруу партиялык лидерлердин, болгондо да Москвадан келген же Москвадан коюлгандардын колунда болгон. Ошентсе да, расмий бийликти облустук аткаруу комитети жүргүзгөн.

Ырас, "Абдыкадыр Орозбековдун сабатсыздыгы тууралуу" Жусуп Абдырахмановдун "Сталинге кат", "1916-жыл" деген күндөлүктөрүндө окуйбуз. "Сабатсыз, караңгы, партиялык, советтик иштерде тажрыйбасы жок" деген сыяктуу эпитеттерди окуйбуз. Туура, анын андай деле терең билими болгон эмес, бирок бара-бара такшалып, партиялык, советтик иштерди баш оту менен аткарган, Кыргыз мамлекетин түптөөгө түздөн-түз киришкен, ошону чоң жоопкерчилик менен аткарууга аракет кылган чыгаан инсандардын бири дал ушул Абдыкадыр Орозбеков болуп эсептелет. Эгерде чындап эле билими, тажрыйбасы жок болсо, кантип анда 1925-жылдан 1938-жылга чейин облустук аткаруу комитетинин, автономиялуу республиканын борбордук аткаруу комитетинин, союздук республиканын борбордук аткаруу комитетинин президиумунун төрагасы катары мыйзам жагын көзөмөлдөгөн органдын жетекчиси болуп келген. Демек, кайсы бир даражада саясий жактан такшалгандыгы байкалып турат. Өзү толтурган жеке баракчасында ал болгону Орто Азия бюросунун алдындагы партиялык-мамлекеттик түзүлүш боюнча үч айлык курсту аяктап, калган билимди өз алдынча алууга аракет кылганын айтып жатат.

- 1989-жылы СССРдин КГБсы 1921-1953 -жылдар аралыгында саясий негизде айыпталып, атууга кеткендердин санын жарыялаган экен. Ошондо 799 455 киши атылган деп айтылып жатат. Анын 681 миң 692си 1937- 1938-жылдарга туура келген. Абдыкадыр Орозбекого эмне айып тагылган? Эмгиче анын кайда көмүлгөнү белгисиз болуп жүрөт.

Байболот Абытов: Убагында менин Гүлжамал Бекмырзаева деген аспирантым ушул Абдыкадыр Орозбековдун ишмердиги боюнча атайын кандидаттык диссертация жазып, жактаган. Ошондо биз Абдыкадыр Орозбековго тиешелүү бардык документтерди издеп, таап чыкканбыз. Союз мезгилинде Орозбеков тууралуу материал топтоо үчүн тапшырма алган КГБнын кайсы-бир кызматкери (аты-жөнү эсимден чыгып жатат) "КГБнын архивине барсам, Орозбеков жөнүндө төрт барак гана маалымат бар экен" деп айкан эле. Биринчисинде Орозбековду камакка алуу тууралуу буйрук, эки баракта анын кантип камакка алынгандыгы, тинтүү жүргөнү тууралуу (жумуш ордунда камакка алынган да), ал эми төртүнчү баракта өлгөндүгү жөнүндө маалымдама жазылыптыр. Болгону ушул. Бөлөк маалымат табылбаптыр.

Ырас, көп убакка дейре Абдыкадыр Орозбековдун атын оозго алуу да кооптуу болгон, себеби "эл душманы" аталып, жаманатты болуп калган. Өзү 1937-38-жылдардагы репрессия курмандыктарын актоо 1953-жылдан кийин башталган. 1953-56-жылдары жеке адамга сыйынуунун күнөөкөрү Сталинди абдан каралашкан. Ошол жылдары миллиондогон кишилер биринчи жолу акталган. Биз кеп кылып жаткан Абдыкадыр Орозбеков да 1956-жылы акталган.

Абдыкадыр Орозбеков, 1926-жылы тартылган сүрөт.
Абдыкадыр Орозбеков, 1926-жылы тартылган сүрөт.

Бирок 1985-жылы кайра куруу, айкындыктын шарданына кызыл террор тууралуу маселе кайра көтөрүлүп, атылгандардын тизмеси кайрадан тактала баштады. Мына ошол токсонунчу жылдары толугу менен акталгандардын арасында Абдыкадыр Орозбеков да бар.

Дагы бир маселе, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүлүп жатканда Ата-Бейит улуттук комплекси ачылып, ошол жерде 137 адамдын аты-жөнү жазылган. Алардын арасынан Абдыкадыр Орозбековдун ысымын таппай таң калганмын. Ал кезде Аскар Чукутаевич Какеев Аскар Акаевдин кеңешчиси болчу. Ошондо Ата-Бейитти ачуу аземин алып барып жаткан Аскар Чукутаевичтен бул жерде эмне үчүн Абдыкадыр Орозбеков жок деп сураганбыз. "Чындап эле жок бекен?" деп, ал киши өзү да таң калды. Анан бирөөлөрдөн тактап сурады окшойт. Абдыкадыр Орозбеков бул жерде атылбаптыр, ошол себептүү жазылбаптыр деп жооп берди. А биз дароо эле нааразылык билдирип: "Мейли, бул жерде атылбаса атылбаптыр, бирок мамлекетти түптөгөн, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына өзгөчө салым кошкон инсан катары ал дагы ушул жерде туруш керек" деген пикирди айтсак, ал киши: "Макул, мен тиешелүү жакка айтайын, бүткүл кыргыз аксакалы катары бул киши чын эле кошулушу керек" деп убада берген болчу.

Чын эле Абдыкадыр Орозбековдун тагдыры, өлүмү тууралуу так маалымат жок. Бир маалымат боюнча аны "сен эл душманысың" деп кайра-кайра айта бергенде ал тергөөчүнү өзү отурган отургуч менен жаткыра чабат. Ошондо тергөөчүлөр көптөп катуу ур-токмокко алып, кабыргаларын, буту-колун сындырат. Ошондон өлгөн деп айтылат. Аны отургуч менен чапкан тергөөчү атып салган деген да маалымат бар. Кандай болгондо да анын өлүмү 1938-жылга туура келет. Бирок кайсы жерде көмүлгөнү бүгүнкү күнгө чейин тактала элек. Убагында бир аял киши: "Мен Ала-Арча көрүстөнүнүн жанынан өтүп баратсам – ал мезгилде жапырт атуулар болгондон кийин, жапырт көмүүлөр дагы болгон – көп кишилерди аңга ыргытып жаткан экен, ошолордун арасында ак көйнөк-шымчан, сакалчан, биздин аксакалга окшош адамды көрдүм" деп айтканы бар. Отузунчу жылдары Калинин бүткүл орустардын аксакалы эмес беле. Жаштыгына карабай, чокчо сакал Абдыкадыр Орозбековду да баары аксакал деп сыйлашкан. Тиги аял киши тааныган окшойт. Болжол менен Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган деп айтылып жүрөт. Бирок так маалымат жок.

Анын жанында суракта чогуу болгон кишилердин айтымында ошол ур-токмоктон өлгөнү тууралуу маалыматтар бар. Кандай болгон күндө да мамлекеттүүлүктүн жерпайын түптөгөн инсан катары бул киши урмат-сыйга ээ болуш керек болчу.

- Биздин аксакалга окшош экен деген кеп учугу чыккан турбайбы. Ал киши бул маалыматты каякка, кимдерге айткан экен?

Байболот Абытов: Ал киши Абдыкадыр Орозбековду "биздин аксакалыбыз" деп, өзгөчө сый-урмат көрсөтүп жүргөн ошол кездеги саясий төбөлдөрдүн бирөөнүн аялы окшойт. Ал Орозбековду тааныганы үчүн "биздин аксакалга окшош" экен деп бирөөгө айтып, ошондон элге жайылып жатпайбы. Кимдин аялы экени, ким деген аял экени тарыхта такталбай калды

Жылдызкан Орозбекова: Чоң атам 1937-жылдын сентябрынан баштап май айына чейин 8 ай бою каттуу кыйноого кабылып, НКВДнын ооруканасында кайтыш болот. “Ата-Бейитте” сөөгү жок, ал атылган эмес, кыйноодон өлгөнү айтылат. Ошол маалда айрым күбөлөр “Ала-Арча” көрүстөнүнүн кароолчусу уйгур киши болгонун, ал “чоң аң казылып, аксакалдын сөөгүн алып келишти” деп айтып бергенин кеп кылышкан. Чоң атам ак сакалдуу, бакубат, зор киши болгон экен. Ошол келбетинен кароолчу таанып калганын айтышат. Бирок ал кароолчу бул сырды өзү менен кошо ала кетсе керек, ошол бойдон көмүлгөн жери белгисиз. Мен кайра-кайра кат жаздым, сөөгү кайда коюлганы азыркы күнгө чейин белгисиз деп жооп алдым.

- Репрессия учурунда куугун-сүргүнгө кабылып, атылганы-атылып кетти. Эми ошолордун урпактары көргөн күн кандай болду.

Жылдызкан Орозбекова: Репрессияга туш келген үй-бүлөлөр тозок отунан өтүштү. Биздин бүлөнүн дагы 1937-жылдын сентябрынан кийинки турмушу кескин өзгөргөн. Чоң атамдын үйүн бошотууга бир ай мөөнөт бергенден кийин түштүк тарапка, Охнага көчүп келип жашап калышат. Атам 16 жашка толгондо Пүлгөнгө паспорт алуу үчүн барганын эскерип калчу. Арыз жазып жаткан катчыны милиция кызматкери токтотуп, “сен эл душманынын баласына эмнеге жазып жатасың, паспорт алганга болбойт” деп, документтерин терезеден ыргытып жибериптир. Сыртта жаан жаап жаткан экен, кагаздары жарабай калат. Ошентип паспорт албай калыптыр. Эми совет бийлигинин учурунда кимде паспорт болбосо демек, ал адам катарында жок эле да. Атам көп кыйынчылыктар көрүп документ алат. Кадамжайдагы шахтада куткаруучу бөлүмгө жумушка орношат. Бир күнү Черненко деген жетекчиси “сен эл душманынын баласы экенсиң, сени 24 сааттын ичинде жумуштан бошотушум керек” дейт. Ошентип атам жумушсуз калат. Анан Ташкентке кетип, 1966-жылга чейин жашадык. 1956 жылы чоң атам акталып, ошол кезде Кыргызстандын биринчи катчысы Исхак Раззаков атамды Фрунзеге чакыртат. Раззаков жылуу тосуп алып, “сиз жакшы адамдын баласы экенсиз, үйүңүз жок экен, үч бөлмөлүү батир берели” десе, атам негедир баш тартып, кайра Ташкентке баса бериптир.

- Демек, чоң атаңыз репрессиялангандан кийин атаңыз, эжеси Эркингүл Кадамжайдын Охна айылына көчүп барышып, кийин Кызыл-Кыяда иштептир. Андан соң 1956-жылдары Ташкентке көчүп кетиштиби?

Жылдызкан Орозбекова: Мен 1953 жылы Кызыл-Кыяда төрөлдүм, андан кийин 1956-жылы Ташкентке көчүп барып, ал жактан жер титирөө болгондон кийин, 1966-жылы кайра Ошко көчүп келгенбиз. Эркингүл эжем Ошто дүкөндү башкаруучу болуп иштеп, көптөгөн сыйлыктарга татыган. Ал чоң атам сыяктуу сөөк-сактуу, өтө балбан аял болгон.

Абдыкадыр Орозбеков 1936-1937-жылдары Кыргыз ССРинин Борбордук аткаруу комитетинин президиумунун төрагасы болуп турган.
Абдыкадыр Орозбеков 1936-1937-жылдары Кыргыз ССРинин Борбордук аткаруу комитетинин президиумунун төрагасы болуп турган.

- Учурда Кыргызстанда совет мезгилиндеги жашыруун архивдерди ачуу аракети жүрүп жатпайбы. Парламент мыйзам сунуштап, биринчи окуудан өттү. Жашыруун материалдар ачыкка чыгып калса, Орозбеков сыяктуу кайда көмүлгөнү белгисиз тарыхый инсандардын дарегин табууга мүмкүн болобу?

Байболот Абытов: Архивдерди Казакстандагыдай, Өзбекстандагыдай, Орусиядагыдай чочулабай эле ачыш зарыл. Ошондо көп маалыматтар ачыкка чыгары талашсыз. Негизинен репрессия болуп кеткен кишилер такталган. Бирок алар эмне үчүн камалганы же кандай күнөө менен атылганы жөнүндө алардын урпактары үчүн, келечек үчүн, азыркы кыргызстандыктар үчүн көп маалымат анык болору чын. Бул биринчи маселе. Экинчи жагы бар. Эмне үчүн ачуудан чочулап турушат? Анткени ошол кишилердин урпактары бүгүнкү күнгө чейин көзү тирүү. Бир эле мисал, өткөн жылы Фейсбукта эки белгилүү жазуучунун бири-бирине кат жазган каралоосу (КГБга жазган дооматы) эки жарым күн илинип турду. Алардын экөөнүн тең азыр балдары тирүү. Муну аталган орган эмес, колунда маалымат бар бирөө жарыялап жиберди. Мен мындай кылганыңар туура болдойт деп пикир жаздым. Себеби азыркы урпактарынын ортосунда да жик кетип жатат. Бир аз кооптонуп турушканы да ушундан болууда.

- Атайын комиссия түзүлүп, сиз сыяктуу окумуштуулар кирсе, архивдик маалыматтарды тактап-иргеп, маселени жаатташтырбай турган жагдайда чечсе туура болчудай.

Байболот Абытов: Эң туура. Эки тарапка тең калыс караган, адилеттүү комиссия түзүп, алардын жеке мамилесин курчутпай турган абалда бул ишти жайгарыш керек. Адамдар өздөрү биринин үстүнөн бири арызданып жатат деп, кишилерди бири-бирине ушактаттырган бул ошол кездеги КГБнын өзүнчө саясаты болгон. Чындап эле кээде архивде төбө чачты тик тургузган билдирүүлөрдү учуратасың. Бир эле мамлекеттик органда иштеп жаткан кишилердин бири-биринин үстүнөн жазган толтура айгактары бар. Андай маалыматтар ачыкталса, алардын биздин күндөрдө жашап жаткан урпактарына зыяны тийиши мүмкүн экендиги талашсыз. Бирок архивдерди ачыш зарыл. 1987-89-жылдары ачыла баштаган болчу, жанагыдай оош-кыйыштар болгондон кийин архивибиз кайра жабылып калган.

- Репрессияда атылган кишилер жапырт көмүлгөн жайлар боюнча тарыхчылар арасында түкшүмөлдөр бар да, туурабы? Балким, архивдер ачылса ошолордун да изи табылып калабы?

Байболот Абытов: Архивдерден көбүнчө "баланча адам баланча күнү атылсын" (же "атылды" деген) деген алар тууралуу буйрукту же өкүмдү табууга болот. Өкүмдөр ошол түрмөлөрдүн короосунда ишке ашырылган да. Бирок алардын кайсы жерде көмүлгөнү жөнүндө маалымат жок. Чыгып деле калышы мүмкүн. Ала-Арча азыр шаардын ортосунда турат, мурда шаардын четинде болгону үчүн атылгандарды жапырт көмүшкөн. Оштун Сулайман-Тоосунун түндүк-батыш жагында жапырт көмүшкөн деп, 1980-90-жылдары аксакалдар айтып жүрүшчү. Оштун жогору жагында Даңги деген жер бар. Ал кезде ээн жаткан талаа болгон экен. Эл арасында Оштун түрмөсүндө атылгандарды ошол жакка да алып барып көмүшкөн деген кеп бар. Бирок булар тууралуу архивдик так маалымат жок. Эми жакшылап издештирсе табылып калышы да ыктымал. Анткени атылгандарды каерге көмүү тууралуу ошол эле НКВДнын, ошол эле ОГПУнун чечими чыккан да. Эгерде архивдерден ошондой так маалыматтар табылып калса, дагы көп кишилердин көмүлгөн жери анык болмок.

Анткени Орозбековго окшогон кишилердин жакасында суу өтпөй турган атайын капсула болгон. Ал жерде анын аты-жөнү, үй-бүлөсүнүн курамы жана дареги жазылган. 1937-жылы атылып, Ата-Бейитте жаткан Касым Тыныстановдун, Төрөкүл Айтматовдун аты-жөнү алардын жакасындагы капсуладан чыкпадыбы. Ошолордун катарында 1988-89-жылдары акталган Кыргыз ССРинин үчүнчү өкмөт башчысы кызматында иштеген Баткендин уулу Мурат Салиховдун да дареги табылган. Ал кишинин кызы (мен жакшы тааныйт элем) атабыздын кайда коюлганын билбейбиз деп ыйлап эле жүрчү. Ошол атайын капсула аркылуу 137 кишинин арасынан Мурат Салиховдун да сөөгүн аныкташпадыбы. Кызы, неберелери атабыз табылды деп, бүгүнкү күнгө чейин Ата-Бейитке барып куран окутуп турушат.

Жылдызкан Орозбекова: Менин атамдын көзү өтүп кетти, Абдырахмановдун, Исакеевдин кыздарынын көзү өтүп кетти. Ошентип репрессиялангандардын уул-кыздарынын көбүнүн көзү өттү. Азыр ал муун жок. Мен 70 жашка чыктым, биз ошол репрессиялангандардын небересибиз, менин муунумдагылар бар. Мен да өтүп кетем, убакыт өтүп жатат. Азыркы жаштар Кыргызстан үчүн ким эмне кылганын, тарыхты билишпейт. Ошондуктан ушул боюнча тактоолор болсо дейм.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG