Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:48

Сот Бектур Асановго чет жакта дарыланууга уруксат берди


Бектур Асанов сот залында. Архив сүрөт.
Бектур Асанов сот залында. Архив сүрөт.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча айыпталган саясатчы Бектур Асановго 19-марттан 19-апрелге чейин Түркияга барып дарыланып келүүгө уруксат берди. Бул тууралуу адвокат Кантемир Турдалиев билдирди.

Азырынча саясатчынын дарыланууга качан кетери белгисиз.

Адвокат Бектур Асановдун эч жакка чыкпоо бөгөт чарасын өзгөртүп, чет жакка дарыланууга чыгууга уруксат берүүнү өтүнүп, 6-мартта сотко арыз жазган. Сот 7-мартта аны четке каккан.

Турдалиевдин маалыматына караганда, Асановго кыргыз дарыгерлери операция жасап, бир сыйра дарылагандан кийин шашылыш түрдө дагы операция жасоо керектигин эскертишкен. Андай операция чет өлкөдө жасалары аныкталып, саясатчынын жакындары Түркиядагы клиника менен макулдашкан. Ал жактагы оорукана операцияны 12-мартка дайындаган жана сот уруксат берсе, алар 8-мартта учуп кетмек.

9-январда “кемпирабадчылар” Бектур Асановду ооруканага которууну талап кылып, саясатчыга жакын арада ооруканага чыгарылып операция жасалбаса, камактагылар ачкачылык жарыялап, соттук отурумдан баш тарта турганын” эскертишкен. №1 тергөө абагында жаткан Бектур Асанов 10-январда Улуттук госпиталга жаткырылып, 15-январда анын моюн омурткаларына операция жасалган.

Ал 30-январда Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 дарылоо мекемесине которулган. Абалы жакшырбаганына байланыштуу сот 7-февралда аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон. Жакындары саясатчынын абалы оор экенин айтып келет.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 11 киши тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG