Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Ишкерлерди текшерүүгө тыюу салган жарлыкка өзгөртүү киргизилди


Иллюстрациялык сүрөт. Кыргызстандагы ишканалардын бири. Архив.
Иллюстрациялык сүрөт. Кыргызстандагы ишканалардын бири. Архив.

Экономика жана коммерция министрлиги президенттин “Ишкердик субъектилерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” жарлыгына өзгөртүлгөнүн кабарлады.

Мекеменин билдирүүсүндө “адамдардын өмүрүнүн, ден соолугунун коопсуздугун жана өлкөнүн экономикалык туруктуулугун камсыз кылуу максатында” жарлыкка өзгөртүү киргизилгени айтылат.

Анда Салык, Бажы кызматынын, тамак-аш коопсуздугуна байланыштуу текшерүүлөрдү жана Улуттук банктын текшерүүлөрүн мораторийден алып салуу каралган.

Башкы прокуратурага Президенттин администрациясы менен бирге мамлекеттик органдардын ишкерлерди текшерген системасын талдоо жүргүзүү тапшырмасы берилди.

9-январда президент Садыр Жапаров бизнесмендерди текшерүүгө убактылуу тыюу салуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Ал Фейсбуктагы баракчасына эгер негизсиз текшерүү болсо ага кайрылууга чакырган.

Кыргызстанда ишкерлерди текшерүү укугу 16 мамлекеттик органда бар. Алардын ичинен Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция, Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги, Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча агенттик, Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызмат ишкерлерди көп текшерет. Ошондой эле Мамлекеттик салык кызматы да бар.

Ишкерлерди текшерүүгө 2019-жылы да мораторий киргизилип, ал 2022-жылдын биринчи январына чейин узартылган. Бирок анын жыйынтыгы кандай болгону тууралуу маалымат жок. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG