Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:30

Президенттин басма сөз катчысы телефон шылуундарынан сак болууга чакырды


ИИМ тараткан видеодон скриншот.
ИИМ тараткан видеодон скриншот.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов айрым маданият кызматкерлерине телефон шылуундары мамлекеттик органдардын иш-чараларына чакырып, акча сурап жаткан учурлар бар экенин билдирди. Алагөзов бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазып, бийликтин атын саткандардан сак болууну эскертти.

“Президенттин администрациясы же мамлекеттик органдардын атынан кимдир бирөөлөр иш-чарага чакырып, анан ал үчүн акча сураса – бул алдамчылар деп билиңиздер. Мамлекеттик кызматкерлер президенттин атынанбы, Министрлер кабинетинин төрагасынын атынанбы же башка кызматтык адамдардын атынан болобу майрамдык иш-чараларга чакырып, сыйлык, наамдарды тапшырууда эч убакта акча чогултпайт”, - деп жазды.

Президенттин басма сөз катчысы мындай телефон чалуулар болгон учурда укук коргоо органдарына кайрылууга чакырды. Буга чейин ушундай эле эскертүүнү Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жарыялаган.

Бир айдан бери Ички иштер министрлиги соңку учурда телефон шылуундары күч алганын байма-бай эскертүүдө. Милиция жаңы технологиялардын, жасалма интеллекттин жардамы менен таасирдүү адамдардын сүрөтүн, видеосун, үнүн окшоштуруп пайдаланган алдамчылык жарнамалары жайылып жатканын белгилеген. Социалдык тармактарда алдамчылардын аракетине туш болгондор өз окуялары менен бөлүшүп жатышат.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 23-февралда милиция телефон алдамчылык менен алектенген эл аралык кылмыштуу топ кармалганын кабарлаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG