Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:44

Афтандил Жоробековдун сотунда күбөлөр суралды


Жоробеков сотто. 8-декабрь, 2023-жыл
Жоробеков сотто. 8-декабрь, 2023-жыл

Камактагы активист Афтандил Жоробековдун иши Ленин райондук сотунда 18-мартта каралып, күбөлөр суралды. Бул тууралуу адвокаты Жаныш Бараков “Азаттыкка” маалымдады.

Жактоочунун айтымында, сотто үч күбө жана прокуратуранын тергөөчүсү суралды. Бишкектин Горький гүлбагында өткөн жылдын 9-декабрындагы мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы нааразылык акциясына катышкан үч күбө иш-чара тынч өткөнүн айтып беришти. Прокуратуранын тергөөчүсү кылмыш иши жана экспертизанын корутундусу боюнча суроолорго жооп берди.

Жоробековдун иши боюнча кийинки отурум 20-мартка белгиленди.

Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккан 40 жаштагы активисттин камалганына үч айдан ашты. Ага “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган. Бөгөт чарасы узартылып, 13-апрелге чейин камакта калган.

Жоробековдун адвокаты активист бир гана лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы менен кармалып, иш козголгонун, экспертиза эреже бузуу менен өткөнүн, бул мыйзамсыз экенин билдирип жатат.

Жоробеков кармалгандан кийин анын автоунаасында жана батиринде тинтүү болуп, ноутбук, чөнтөк телефону алынган. Свердлов райондук милициясынын тергөөчүсү алынган ноутбук, телефон боюнча техникалык экспертиза дайындап, анын жыйынтыгы "массалык башаламандыктарга чакырык жок" деп чыккан.

Свердлов райондук соту ишти кароодон баш тартып, токтом менен Ленин райондук сотуна кайра жөнөткөн.

Былтыр бийлик Кыргызстандын мамлекеттик туусундагы элементтерди өзгөртүү демилгелеп, коомчулуктагы нааразылыкка карабай, 2023-жылдын этегинде парламент аны колдогон. Тийиштүү мыйзамга президент кол койгон. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG