Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:14

Ооганстанда жарылуу болуп, кеминде төрт адам каза тапты


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт. 2024-жылдын 21-марты.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт. 2024-жылдын 21-марты.

Ооганстанда бүгүн 21-мартта жарылуу болуп, кеминде төрт адам каза тапты, дагы 25 адам жараат алды. Маалымат агенттиктери «Талибандын» өкүлдөрүнө жана жабыркагандар жеткирилген оорукананын дарыгерлерине таянып билдиргендей, окуя Кандагар шаарында болду.

Жарылуу «Талибанга» кызмат кылган адамдар New Kabul Bank банкынын жергиликтүү бөлүмүнүн жанына айлык маянасын алыш үчүн чогулуп жатканда болгону кабарланды.

Кандагар шаары көптөн бери «Талибандын» өкүлдөрү жашаган аймак катары белгилүү. Ал жерде талибдердин жогорку лидери, молдо Хайбатулла Ахундзада жашайт.

Азырынча кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө эч ким ала элек. Талибдер бийликке кайтып барган 2022-жылдан бери Ооганстандагы кол салуулар, жардыруулар үчүн айрым согушкер топтор, арасында өзүн «Ислам мамлекети» деп атап алган топ да айыпталып келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG