Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Президент Жапаров "Бала-Саруу" чакан ГЭСинин ачылышы болорун билдирди 


Талас. "Бала-Саруу" чакан ГЭСи
Талас. "Бала-Саруу" чакан ГЭСи

Президент Садыр Жапаров 21-мартта Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамына арналган иш-чарада сүйлөп жатып Кыргызстандагы ГЭСтер маселесине кайрылды.

Ал жакын арада Таластагы "Бала-Саруу" чакан ГЭСинин ачылышы болорун, "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушу уланарын айтты. Аталган чакан ГЭСтин ачыла турган мөөнөтүн тактаган жок.

"Борбор Азияда суу башы атыккан мамлекетибизде быйыл ГЭСтердин кубаттуулугун арттыруу, модернизациялоо жаатында дагы бир топ натыйжалар күтүлүүдө. Буюрса, жакында “Бала-Саруу” чакан ГЭСинин ачылышын жасайбыз. Ал эми Кыргызстан эле эмес, коңшу мамлекеттер үчүн дагы мааниси зор, кылым курулушу атыккан “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу долбоору быйыл конкреттүү иш-чаралар менен коштолот. Өзүңүздөр жакшы билгендей, бул ГЭСибизди куруп алсак, эл аралык “КАСА-1000” долбоорунун алкагында Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүгү кыйла артат!" - деди ал.

Кыргызстанда быйыл энергетика тармагында олуттуу көйгөйлөр жаралды.

Марттын башында эки негизги - Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринде оңдоо иштерине байланыштуу жарык өчүрүлгөн. Бул жагдай карапайым калкка түйшүк жаратып, нааразылыктарга себеп болгон.

Токтогул суу сактагычында 15-мартка карата 7 млрд 319 млн метр куб суу калды. Адистер суунун көлөмү 6,5 млрд метр кубга түшкөндө ГЭСтин иши токтой турганын эскерткен.

Өкмөт өз күчү менен "Бала-Саруу", “Куланак” ГЭСтерин кура баштаган, ошондой эле Орто-Токой, Сары-Жаз, Кара-Көл, Төрт-Күл гидроэлектростанцияларын куруу планы бар экенин билдирген. Ал эми Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн инвесторлорду издеп жатат.

"Бала-Саруу" чакан ГЭСи Талас районундагы Киров суу сактагычында жайгашат жана аймактагы ушул кезге чейин пайдаланылбай келген гидроэнергетикалык ресурстарды натыйжалуу колдонууга шарт түзөрү айтылган. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG