Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:16

"Ихсандын" үлүшчүлөрү чыгымдарды кайтаруу ишине нааразылык билдирди


"Ихсан" турак жай кооперативинин мүчөлөрү маалымат жыйында. 25-март, 2024-жыл
"Ихсан" турак жай кооперативинин мүчөлөрү маалымат жыйында. 25-март, 2024-жыл

“Ихсан” коммерциялык эмес турак жай кооперативинин айрым үлүшчүлөрү 25-мартта Бишкекте маалымат жыйын куруп, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Анда алар сот аткаруучуларга нааразылыгын билдиришти. Кооперативдин камакка алынган мүлкүнүн эсебинен сотто жарандык иш боюнча уткан жарандардын чыгымдары жабылып жатат деп нааразы болушту.

“2023-жылы 2-ноябрда судья Акматов “Ихсандын” бардык мүлкүн камакка алган. Ошого карабай сот аткаруучулар менен “Бакай банк” муну эске албай, акчаларды мыйзамсыз таратып берип жатышат. Соттун чечими азыр да күчүндө. “Бакай банк” мыйзамсыз чыгарып берген акчаларды кайра ордуна коюп коюшун талап кылабыз. Сот департаменти менен Мамлекеттик каттоо кызматы “Ихсандын” мүлктөрүн камактан чыгарбай турушу керек”, - деди кооперативге үй алуу үчүн мүчө болгон Гүлнара Акылбек кызы.

Дагы бир Такинбай Төрөгелдиев аттуу жаран жарандык иш боюнча соттон уткандар өз чыгымынан сырткары кенемте катары кошумча каражат алып жатканын, ал акчалар кооперативдин жалпы эсебинен берилип жатканын билдирди.

Сот департаменти бул боюнча 20-мартта түшүндүрмө берип, жарандык иш боюнча соттон уткандардын чыгымын жабуу иши мыйзам чегинде жүрүп жатканын жана буга керектүү документтердин баары бар экенин белгилеген.

"Бакай банк" төлөмдөр боюнча комментарий бере элек.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 16-февралда “Ихсан Групп ЛТД” коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчилеринин иши боюнча өкүм чыгарган. Ага ылайык, кооперативдин башчысы Акинай Бекмурзаеваны 12 жылга эркинен ажыратып, аны жабырлануучулардын чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттендирген. Кооперативдин дагы бир кызматкери Эрмат Абылкасымов 11 жылга кесилип, сот залынан камакка алынган.

“Ихсан” кооперативине турак жай алуу үчүн акча салып, кийин мүлк да ала албай, каражатын да кайтара албай калган жүздөгөн жарандар 2022-жылдын жазында Бишкекте жана Ошто митингге чыгышкан. Ошол маалда ИИМ билдирүү таратып кооперативге 2021-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси – “алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатканын маалымдаган. Кийин ишке аталган кодекстин 210-беренеси – “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” айыбы кошулган.

2022-жылдын июлунда Бекмурзаева камалып, камакка алынган. Кооперативдин жооптуу кызматкерине ошол эле жылдын ноябрында издөө жарыяланган. Декабрда Бекмурзаевага жана дагы бир кызматкерге айыбы угузулуп, Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Иш андан ары сотко өткөн.

"Ихсандын" Бишкектеги кеңсесине 400дөн ашык факты боюнча арыз түшүп, жабырлануучуларга келтирилген чыгым 425 миллион сом деп эсептелген. Кооперативдин Оштогу кеңсесине 330 факты боюнча кылмыш иши козголуп, 276 миллион сомдон ашык материалдык чыгым келтирилгени аныкталган. Жалпы чыгым 701 миллион сомдон ашкан.

Быйыл январда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш ишин иликтөөнү улантып жатканын билдирген. Милиция кооператив ушул маалда да иштеп жатканын, "себеби турак жай алган жарандар бүгүнкү күнгө чейин кооперативдин банктык эсебине акча төлөп жатканын" билдирген.

Ошол эле маалда анын банктык эсептери камакка алынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG