Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:43

"Чет элдик өкүл" мыйзамы: 100дөн ашык уюм президентке кайрылды


Бишкек шаарынын тургуну “чет элдик өкүл” деген макам берүү боюнча мыйзам долбооруна каршы пикетке чыккан. 10-июнь, 2023-жыл. Бишкек
Бишкек шаарынын тургуну “чет элдик өкүл” деген макам берүү боюнча мыйзам долбооруна каршы пикетке чыккан. 10-июнь, 2023-жыл. Бишкек

Кыргызстандагы 100дөн ашык жарандык уюм “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Биздин кылым” фондунун жетекчиси Чинара Айтбаева билдирди.

Анда бул мыйзам кабыл алына турган болсо, өлкөгө эл аралык донорлордон келип жаткан каржылык колдоонун көлөмү кескин кыскара турганы, бул жагдай Кыргызстандагы бир катар тармактарга терс таасир этери жазылган.

Мисал катары калктын арасында оорулардын айрым түрлөрүнүн көп жайылышы айтылып, учурда кургак учук, ВИЧ, рак жана башка илдеттер боюнча коммерциялык уюмдар жарандарга жардам берип келе жатканы белгиленген. Мындан тышкары мыйзамдын кабыл алынышы билим берүү программаларынын жабылышына, адам укуктарынын абалынын начарлашына, өлкөгө келген инвестициялардын кыскарышына алып келиши мүмкүн экени жазылган.

Кайрылуу жолдогондор Кыргызстандагы коммерциялык эмес уюмдар мамлекеттин өнөктөшү экенин, көйгөйлөрдү жөнгө салууда кызматташып келерин белгилешкен:

“Коммерциялык эмес уюмдар адам укуктарын, айлана-чөйрөнү коргоо, коррупцияга каршы аракеттенүү жана башка көптөгөн социалдык маанилүү тармактарда активдүү иш алып барышат. Алардын ишмердиги демократиялык институттарды чыңдоого жана өлкөдө мыйзам үстөмдүгүн камсыздоого да жардам берет”.

Мындан тышкары мыйзам долбоорунда “саясий иш менен алектенген” деген категориянын киришин айыптап, мындай талаптын кириши адам укугуна жана Кыргызстан кол койгон эл аралык резолюцияларга каршы келери жазылган.

Жарандык уюмдардын отчеттуулугу ачык-айкын экенин, алардын ишмердигин көзөмөлдөө боюнча мыйзамдагы азыркы талаптар жетиштүү экенин белгилеп, Мамлекеттик салык кызматына, Социалдык фондго жана статистика органдарына үзгүлтүксүз отчетторду берип турушарын такташкан.

Мындан улам президент Жапаровду укугунан пайдаланып, “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбооруна вето коюуга чакырышкан.

14-мартта “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же "Чет элдик өкүл" деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору парламентте үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынган. Мыйзамда айрым жарандарга “Чет элдик өкүл” деген макам берүүгө жол ачылат, кошумча отчёттор талап кылынат. Маселен, алар сырттан алган акча кандай максатта колдонулганы тууралуу тиешелүү мамлекеттик мекемелерге квартал сайын, ал эми жалпы ишмердиги жана башкаруучулары тууралуу жарым жыл сайын отчёт берип турушу керек.

Эл аралык уюмдар, бир катар өлкөлөрдөн 30дан ашуун жарандык бейөкмөт уюмдар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылып, мыйзамга кол койбоого чакырышкан. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үч окууда кабыл алынан. Эреже боюнча, мыйзам долбоору парламенттин колдоосун алгандан кийин президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG