Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:50

Бишкекте жаш киночулардын XI "Үмүт" форуму башталды


"Үмүт" форуму. 29-март, 2024
"Үмүт" форуму. 29-март, 2024

Бүгүн, 29-мартта Бишкектин “Ала-Тоо” кинотеатрында "Үмүт" аталыштагы жаш киночулардын XI форуму башталды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, быйылкы форум Кыргызстандын Эл артисти, советтик жана кыргыз кинорежиссеру Бекеш Абдылдаевдин 90 жылдыгына арналып уюштурулган.

Форум Бекеш Абдылдаев тууралуу режиссёр Алиман Токтогулова тарткан даректүү тасма менен ачылып, режиссёр Бекеш Абдылдаевдин “Бакча” даректүү тасмасы көрсөтүлдү.

"Үмүт" форуму 31-мартка чейин уланып, анын алкагында дүйнөлүк кинематография чөйрөсүндөгү алдыңкы эксперттер менен пикир алышуу жүрөт. Мындан сырткары кыска метраждуу тасмалардын кинодолбоорлору, эл аралык кинофестивалдарга катышкан жана алдыңкы орундарды алган тасмалар көрсөтүлөт. Форумдун алкагында кинорежиссерлордун мастер-класстары жана лекциялары, жарманке уюштурулат.

“Үмүт” форуму КМШга мүчө-мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондунун колдоосу менен 2013-жылдан бери өткөрүлүп келет. Эл аралык иш-чараны Кинематография департаменти уюштурган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG