Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:42

Бишкекте таштандыны кайра иштете турган заводдун курулушу башталды


Бишкекте таштандыны кайра иштете турган заводдун курулушу башталды. 29-март, 2024-жыл.
Бишкекте таштандыны кайра иштете турган заводдун курулушу башталды. 29-март, 2024-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-мартта Бишкекте таштандыларды жок кылуу менен электр энергиясын өндүрө турган заводдун курулушуна капсула салуу аземине катышты.

Шаардын четиндеги санитардык полигондун аймагына түшө турган завод суткасына 850 тоннага жакын таштандыны иштетет. Аны кытайлык “Хунан Цзюнсин” компаниясы курат. Заводдун аймагында таштандыларды өрттөөчү приборлор, электр энергиясын иштеп чыгуучу генераторлор, тазалоо системалары, турак жай, спорттук имараттар болот.

Завод 2025-жылы ноябрь айында салынып бүтөрү кабарланды.

Бишкектин вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев таштандыны кайра иштетүүчү заводго “Хунан Цзюнсин” ишканасы 95 млн доллар инвестиция салып жатканын, заводду курууга Кытайдан келген адистер тартыларын айтты.

Бишкекте таштандыны кайра иштете турган заводдун курулушу башталды. 29-март, 2024-жыл.
Бишкекте таштандыны кайра иштете турган заводдун курулушу башталды. 29-март, 2024-жыл.

Бишкек мэриясы 2023-жылы март айында таштандыны кайра иштетүүчү заводду куруу боюнча чехиялык HDT Impex s.r.o. жана ReGreen s.r.o. компаниялар консорциуму менен келишим түзгөн. Калаа бийлиги бирок чехиялык компания өзүнө жүктөлгөн милдетти убагында аткарган жок деген негиз менен келишимди үзгөн. Ал ишкана заводду 45 миллион долларга куруп бермек. Ал өзүн 15 жылда актайт деп айтылып жаткан.

Бишкек шаарындагы таштанды маселеси бир топ жылдан бери эле орчундуу көйгөй болуп келе жатат. Аны чечүү үчүн Кыргызстан 2018-жылы Европа Биримдиги менен Европа банкынан 22 миллион евролук насыя жана грант алып, таштанды жайын көмүү, жаңысын колдонууга берүү иштери жүргүзүлөрү жана акыр-чикирди ылгоочу завод курулары айтылган. Бирок долбоор дагы деле бүтө элек.

Бул боюнча “Азаттыктын” атайын иликтөөсү да чыккан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG