Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:08

Cадыр Жапаров АКШнын сенатору менен кызматташтыкты талкуулады


Президент Садыр Жапаров менен АКШнын сенатору Стив Дэйнс менен жолугушуу. 29-март, 2024-жыл.
Президент Садыр Жапаров менен АКШнын сенатору Стив Дэйнс менен жолугушуу. 29-март, 2024-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 28-мартта Бишкекте АКШнын Монтана штатынан сенатор Стив Дэйнс менен жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жапаров менен АКШ сенатору саясий жана экономикалык өнөктөштүктү, бардык тармакта кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулашты. АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы эл аралык, аймактык, анын ичинен терроризмге каршы күрөш боюнча пикир алмашышты.

Президент Жапаров АКШ менен саясий диалогду өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Жапаров "Кыргызстан C5+1 (Борбор Азия + АКШ) регионалдык диалог аянтчасынын ишине активдүү катышууну улантат" деди.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндөгү макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылы 21-июлда бир тараптуу жокко чыгарган.

Жаңы келишимди даярдоо процесси бир нече жылдан бери уланып келе жатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG